Астанада өткөн бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык олимпиадада Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку экономика мектебинин студенттери биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган ЖОЖдун басма сөз кызматы маалымдады.
Олимпиада 9–10-апрелде Казакстандын борборундагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин базасында өтүп, бухгалтердик эсептин трансформациясы, анын ичинде заманбап тенденциялар жана тармактын өнүгүү келечеги маселелерине арналган. Ага Казакстандын жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан 25 команда катышкан.
Кыргызстандын атынан «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» багытынын 4-курсунун студенттери: Урмат Азизов (команданын капитаны), Алихан Арли, Мадина Казылаева, Нурзада Сартбаева жана Нуркыз Эгембердиева катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында КУУнун командасы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Мындан тышкары, Сартбаева жеке эсепте да жеңүүчү болду.