Башкы беткеМаанилүүКыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды

13-февраль күнү Адылбек Касымалиев кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн өлкөгө иш сапары менен келген Кохир Расулзода менен жолугушту.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев чек ара маселелерин чечүүнүн кыргыз-тажик достук жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошконун белгиледи. Ал 2025-жылы эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун активдештирүүгө, чек ара аймактарынын тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга басым жасалды деп билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстандын Тажикстан менен товар жүгүртүүсү өткөн жылы 36 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 24 эсеге өскөнүн, эки өлкөнүн башчылары товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына жеткирүү милдетин койгонун айтты.

Кохир Расулзода кыргыз тараптын жылуу кабыл алышы үчүн ыраазычылык билдирди жана жолугушуунун эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар