Садыр Жапаров 13-февралда иш сапары менен келген Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзоданы кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуусун мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы кызматташтык өз ара урматтоо жана кызыкчылыктарды эске алуу негизинде өнүгөрүн белгилеп, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен негизги багыттар боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин айтты. Ал кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны маанилүү институт катары милдеттерди ишке ашырууда чоң роль ойной турганын кошумчалады.
Президент ошондой эле терроризм, диний экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансчек аралык коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүүнүн зарылдыгын белгиледи. Бул багытта Шанхай кызматташтык уюму алкагында Душанбе шаарында Баңгизаттарга каршы күрөшүү борборун, ал эми Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү демилгеси айтылды.
Өз кезегинде Кохир Расулзода жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Эмомали Рахмондун саламын жеткирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимдин күчүнө киришин тарыхый жетишкендик деп атап, мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге чыкканын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик кызматташтыгын мындан ары ырааттуу жана жемиштүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.

