Автоунаа ээлери үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу жаңы камсыздандыруу продуктусу КАСКО Эконом программасы ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул продукт автоунааны жол кырсыктарынын кесепетинен коргоого багытталган жана жарандар үчүн каржылык жактан жеткиликтүү шарттарды сунуштайт. Жаңы программа толук КАСКО пакетине муктаж болбогон, бирок унаасын негизги тобокелдиктерден коргогусу келген автоунаа ээлерине арналган.
Камсыздандыруу кандай учурларда иштейт?
Бул продукт боюнча камсыздандыруу окуясы катары жол кырсыгынын натыйжасында автоунаанын механикалык зыянга учурашы эсептелет. Аларга төмөнкү учурлар кирет:
- автоунаалардын кагылышуусу;
- тоскоолдукка же жөө жүргүнчүгө урунуу;
- автоунаанын оодарылып кетиши;
- мыйзамдарга ылайык жол кырсыгы деп таанылган башка окуялар.
Камсыздандыруу кимдер үчүн керек?
КАСКО Эконом программасы:
- жеке жактар үчүн иштелип чыккан;
- жеңил автоунааларды камсыздандырууга арналган;
- транспорт каражаты техникалык жактан ишке жарактуу абалда болушу керек.
Камсыздандыруу пакеттеринин түрлөрү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кардарларга автоунаанын баасына жараша үч вариантты сунуштайт:
- S пакети
- Баасы: жылына 7 000 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 200 000 сомго чейин.
- M пакети
- Баасы: жылына 8 750 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 250 000 сомго чейин.
- L пакети
- Баасы: жылына 10 500 сом;
- Камсыздандыруу төлөмү: 300 000 сомго чейин.
Келишим 6 айдан 1 жылга чейин түзүлүп, камсыздандыруу коргоосу Кыргызстандын аймагында колдонулат.

