Башкы беткеМаанилүүПрезидент Гүлчөдө калкты тейлөө борборун ачты

Президент Гүлчөдө калкты тейлөө борборун ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Гүлчө шаарында калкты тейлөө жана маданият борборун ачты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент ачылыш аземине катышып, кызыл тасманы кести.

Жаңы имарат үч кабаттан турат жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган. Биринчи кабатта жарандарды тейлөө борбору жайгашкан, экинчи кабатта кеңселер бар. Жертөлө бөлүгүндө 150 орундуу заманбап кинотеатр жабдылган.

Садыр Жапаров кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, калкты сапаттуу тейлөөгө чакырды.

«Эгерде тынчтык жана туруктуулук болсо, биз дагы көптөгөн ушундай объекттерди курабыз, жолдор да жакшырат. Эң башкысы — тынчтык, ошондо баары жакшы болот», — деди Президент.

Белгилей кетсек, өткөн жума күндөн бери мамлекет башчысы Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында ал бир катар социалдык объекттерди ачып, жергиликтүү тургундар менен түз диалог форматында жолугушууларды өткөрүүдө.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар