Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чоң-Алай районунда жайгашкан “Кара-Мык” чек ара бекетине барды.
Мамлекет башчысы бекеттин инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышып, анда социалдык жана инженердик объекттерди модернизациялоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды.
Анын алкагында чек арачылардын кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле коммуналдык жана чарбалык инфраструктура кирет.
Учурда долбоордун кийинки баскычы ишке ашырылууда. Ага ылайык, кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу, мурдагы имараттарды жаңылоо каралган. Бардык иштерди жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Сапардын жүрүшүндө Президент жаңы объекттердин курулушуна старт берип, имараттардын биринин пайдубалына алгачкы бетон аралашмасын куйду.
Ошондой эле ал өткөн жылы курулган турак жайларды кыдырып, аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып, аларга түзүлгөн шарттарга баа берди.
Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы тууралуу маселелерди талкуулады.
Президент чек арада кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин белгилеп, чек ара бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо улуттук коопсуздукту камсыздоодогу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи.