Токиодогу Ооганстандын элчилиги ишин токтотот

Япониянын Токио шаарындагы Ооганстандын элчилиги келерки жылдын башында өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтоторун билдирди. Бул тууралуу элчилик жума күнү расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, чечим Япониянын Тышкы иштер министрлиги демилгелеген консультациялардан кийин кабыл алынган. 31-январдан кийин элчиликтин бардык кызматтары — саясий, экономикалык, маданий жана консулдук ишмердүүлүк — белгисиз мөөнөткө токтотулат.

Бул кадам элчиликтин иш жүзүндө жабылышы катары бааланууда. Бирок билдирүүдө мындай чечимдин так себептери көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Токиодогу элчилик төрт жыл мурун «Талибан» кыймылы бийликке кайтып келгенге чейин Ооганстанды башкарган мурунку администрациянын дипломатиялык өкүлчүлүгү катары ишин улантып келген.

Ал эми «Талибандын» Тышкы иштер министрлиги NHK телеканалына берген комментарийинде, убактылуу өкмөт элчиликтин ишин токтотуу чечимине катышпаганын билдирген.

Маалымат үчүн: Россия быйыл июль айында «Талибан» убактылуу өкмөтүн расмий тааныган алгачкы өлкө болсо, Кытай 2023-жылы алардын Пекинге жиберген элчисин кабыл алган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз