Алгачкы жоокердик-тарыхый сериал көрөрмандардын назарына сунушталды

29-декабрда Бишкектеги «Манас» кинотеатрында кыргыз кино тарыхында биринчи жолу тартылган жоокердик-тарыхый сериал «Өрт кечкен сөйкө» көрөрмандардын назарына сунушталды.

Теледолбоор «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк мамлекеттик бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Кинодепартаменттин колдоосу менен, «Олокон-Медиа» продакшн студиясы аркылуу тартылган.

Сериал 8 сериядан турат, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөт. Анда Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында фронтко ыктыярдуу кеткен кыргызстандык кыздардын жана жоокерлердин эрдиги, мекенчилдиги жана биримдиги чагылдырылат.

Долбоордун максаты — согуш аркылуу тынчтыктын баалуулугун көрсөтүү жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз