Беш тилдин берекесин таткан – Айгерим

0
51697

           Айгерим Осконбек кызы — беш тилде эркин сүйлөгөн педагог-лингвист, АКШда ESL (English as a Second Language) программасы боюнча окуп, билим берүү чөйрөсүндө алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдүн заманбап тажрыйбаларын изилдеп үйрөнүп жаткан кези.

АКШда окуу ага америкалык билим берүү системасын, маданиятын жана заманбап педагогикалык ыкмаларды тереңирээк карап өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө.

Ал заманбап билим берүү методикаларына, атап айтканда инклюзивдик билим берүү жана СДВГ (көңүл буруунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому) балдарды колдоо багытында адистешүүдө. Ошондой эле көп тилдүү ыкмаларды жана илимий жактан негизделген методикаларды, балдардын когнитивдик жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ыкмаларды дагы тереңдеп өздөштүрүүдө.

Айгерим бала чактан эле тилчи жана мугалим болууну каалачу. Мектепте окуп жүргөндө эле тил сабактарына жакын болуп, кыргыз, орус, англис тил сабактарын жакшы окуп, керек болсо өзү теңдүүлөрдү мугалим болуп окутуп, лидер болуп көрүнгөн. Мектепти аяктап жатканда эле тилчи мугалим болууну чечкен.

АКШга барганга чейин Бишкек мамлекеттик университетин лингвистика багытында ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Кыргызстандагы эл аралык мектептерде баштап, Германияда жана Түркияда тилдик стажировкадан өтүп, тажрыйба топтоду. Тилдерди окутуунун эң алдыңкы усулдары менен таанышып, тажрыйбасын байытып мекенине кайтты.

«Ал жакта кичинекей балдар менен иштедим. Бул менин педагогикалык ишмердигиме чоң түрткү берди. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин эл аралык мектептерде иштеп, ар түрдүү билим берүү ыкмаларын үйрөнүп, баалуу тажрыйба топтодум»,-дейт Айгерим.

Англис тили менен бирге немец тилин да үйрөндү. Окутуучулардын лекция, практикалык сабактары менен эле чектелип калбастан, өз алдынча да билимин жогорулатты. Көркөм тасмаларды, сериалдарды котормосуз көрүүнү адат кылды.

Заманбап тажрыйба

Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын мүмкүнчүлүктөрүн толук ачып, мектепте ийгиликтүү окуусуна жардам берүү дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө тынымсыз изилдөөгө алынып келаткан маселе. Ал эми көп тилдүү балдар үчүн адаптацияланган методикаларды колдонуу бир эле учурда бир нече тилди өздөштүрүүгө шарт түзүп, когнитивдик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет жана коммуникацияны жакшыртат.

Айгеримдин негизги максаты – ушундай эл аралык педагогикалык заманбап тажрыйбаны Кыргызстандагы жергиликтүү мектептерге ылайыкташтыруу, өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн жеке программаларды колдонуу, анын ичинде оюндун жана интерактивдик методдордун жардамы менен көңүл бурууну жана эмоционалдык өзүн-өзү башкарууну жакшыртуу.

Көп тилдүү окутуу-ну оюндун формасында киргизүү балдарга бир эле учурда бир нече тилди жеңил жана табигый шартта үйрөнүүгө мүмкүндүк берет..

Бул иштин практикалык мисалдары катары  СДВГ балдар үчүн интерактивдик көнүгүүлөрдү иштеп чыгуу, алардын көңүл буруусун жана жүрүм-турумун жакшыртуу жөнүндө айтсак болот. Ал эми бала бакча жана башталгыч класстарда көп тилдүү методикаларды колдонууда балдар бир нече тилди натыйжалуу үйрөнө алышат.

Ырас, кандай гана эл аралык тажрыйба болбосун, аны жергиликтүү шартка ылайыкташтырып албаса, андан туура натыйжа болбойт. Ошондуктан Айгерим башка өлкөлөрдүн заманбап педагогикалык тажрыйбаларын түздөн-түз көчүрбөстөн, Кыргызстандын улуттук маданий-социалдык өзгөчөлүктөрүнө
ылайыкташтыруу жагына орчундуу көңүл буруп жатканын белгилейт.

“Бул процесс улуттук маданиятты, тилди, ата-энелердин көз карашын, ошондой эле мектептердин материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керек», – дейт Айгерим.

«Мисалы, Финляндиянын билим берүү системасында баланын эмоционалдык
коопсуздугуна, психологиялык абалына жана жеке өнүгүүсүнө чоң көңүл бурулат. Сабак учурунда окуучунун пикирин угуу, ката кетирүүдөн коркпогон чөйрө түзүү негизги принциптерден болуп саналат. Кыргызстанда бул тажрыйбаны класста колдоочу атмосфера түзүү, тилдеп урушпай, кайра окуучулардын өзүн активдүү талкууга тартуу аркылуу ишке ашырууга болот».

Ал эми Сингапурдун билим берүү моделинде сабактар так структураланган, дисциплинага, логикалык ой жүгүртүүгө жана жогорку академиялык талаптарга басым жасалат. Бул ыкмаларды Кыргызстанда этап-этабы менен киргизип, практикалык тапшырмалар менен, ар бир баланын жаш курагына ылайыктап дифференцияланган иш аркылуу колдонуу натыйжалуу болот. Айрыкча математика, илим жана тил сабактарында бул методдор жакшы жыйынтык берет.

Эмоцияны башкаруу

Эл аралык илимий педагогикада эмоционалдык өзүн өзү башкаруу деген түшүнүк бар. Кыргыз коомунда буга анча маани беришпейт. Айгерим илимий ишинде бул багытта да бир катар алдыңкы изилдөөлөргө көңүл бурууда.

«Эмоционалдык өзүн өзү башкаруу – бул адамдын өз эмоцияларын таанып, түшүнүп жана аларды туура башкара билүү жөндөмү. Бул көндүм баланын окуу-
дагы жетишкендигине, коомдогу жүрүм-турумуна жана башка адамдар менен болгон мамилесине түз таасир этет», – дейт Айгерим.

«Бул жөндөмдү өнүктүрүү үчүн бир катар практикалык ыкмаларды колдонсо болот. Балдарга өзүнүн сезимдерин ачык айтууга үйрөтүү маанилүү. Мисалы: “мен капа болуп турам», «менин көңүлүм ооруп калды», «менин ачуум келип турат» ж.б. Ошондой эле ролдошкон оюндар аркылуу конфликтти кантип туура чечүүнү көрсөтсө болот. Мындан сырткары дем алуу, тынчтануу жана эс алуу көнүгүүлөрүн күнүмдүк сабактарга кошуу, мугалим менен окуучунун ортосунда ишенимдүү жана ачык байланыш түзүү ыкмаларын да айтсак болот. Бул ыкмалар баланы сабырдуу болууга, өзүнүн сезимдерин башкарууга көнүктүрөт».

Көп тилдүү окутуу оюну

Көп тилдүү окутууну оюн формасында киргизүү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ийгиликтүү колдонулуп келет. Айрыкча Финляндия, Германия, Канада жана Нидерландияда балдар бир нече тилди оюн, музыка, кыймыл жана визуалдык материалдар аркылуу жакшы өздөштүрүшөт. Бул ыкма 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарга өзгөчө ылайыктуу, анткени бул куракта баланын тил үйрөнүүгө болгон жөндөмү абдан жогору болот. Мисалы, ырлар аркылуу жаңы сөздөрдү үйрөтүү, ролдук оюндарда чет тилде сүйлөө, түстөрдү жана жаныбарларды оюн аркылуу таанытуу натыйжалуу ыкмалар болуп эсептелет.

Оюн формасында окутуу баланын тилге болгон кызыгуусун арттырып, коркуусуз жана эркин сүйлөөгө шарт түзөт.

«Мен педагог-лингвист катары эл аралык билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба топтогом. Кыргызстанда жана эл аралык мектептерде иштеп, көп тилдүү билим берүү менен алектендим. Ошондой эле Германияда балдар менен педагогикалык практикадан өтүп, инклюзивдүү билим берүү ыкмалары менен таа-
нышкам», – дейт Айгерим.

Айгерим өзүнүн педагогикалык изилдөөлөрү боюнча эл аралык илимий журналдарга эки макаласын жарыялады: “AI in Education Supporting Students with ADHD”• “Lin-guistics and Empathy: How Learning a Foreign Language Influences Children’s Social Behavior”.

Бул макалаларда балдардын тил үйрөнүү процессиндеги өзгөчөлүктөрү, ошондой эле натыйжалуу окутуу ыкмалары кеңири талданып, практика менен айкалышкан негизде баяндалган. Өз сөзүндө мекендешибиз Кыргызстанда мектептик билим берүү тармагы 12 жылдык моделге өткөнү эң туура кадам экенин да айтып өттү.

«Бул система туура багыттагы кадам деп ойлойм. Эл аралык стандарттарга ылайыкташуу, балдардын билимди жай ыргакта, терең өздөштүрүшүнө шарт түзөт. Бирок бул модель ийгиликтүү ишке ашышы үчүн, мугалимдерди даярдоо, окуу программасын оңдоо жана ата-энелер менен тыгыз иштешүү зарыл».

Кыргызстандык жаш адис учурда АКШда магистратурада окуу менен катар тил үйрөнүүчүлөргө онлайн сабак бергенге да жетишүүдө. Бирок анын оюндагы чоң максат – сагындырган мекенге кайтып келип, эл аралык заманбап педагогикалык усулдарды мектептерге жайылтуу.

К. АСАНГАЗЫ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз