XII «Ак илбирс–2025» улуттук кино сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаарындагы Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында XII «Ак илбирс–2025» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады.

Аталган сыйлык — өлкөнүн кино тармагындагы эң абройлуу профессионалдык сыйлыктарынын бири болуп саналат. Ал жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди баалоо жана колдоо максатында уюштурулат.

Салтанаттуу иш-чарага белгилүү кинорежиссёрлор, актёрлор, сценаристтер, операторлор жана кино тармагындагы адистер катышат.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр көркөм, даректүү жана кыска метраждуу тасмаларды камтыган 15 номинация боюнча аныкталат. Алардын катарында:

  • мыкты көркөм тасма,
  • мыкты режиссёр,
  • мыкты сценарий,
  • мыкты актёр жана актриса,
  • мыкты оператор,
  • мыкты даректүү жана кыска метраждуу тасма,
  • улуттук кинематографка кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйлык,
  • кассалык жыйынтык боюнча мыкты тасма,
  • Борбордук Азия боюнча мыкты тасма жана башка номинациялар бар.

Эске салсак, «Ак илбирс» улуттук кино сыйлыгы Кыргызстанда кино өнөрүн өнүктүрүүгө, чыгармачылык жетишкендиктерди таанууга жана улуттук киноиндустрияны колдоого багытталган профессионалдык сыйлык болуп эсептелет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз