whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
7.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАрслан Койчиев: Мамлекеттик сыйлыктарды берүүнүн критерийлери жогорулатылышы керек

Арслан Койчиев: Мамлекеттик сыйлыктарды берүүнүн критерийлери жогорулатылышы керек

Мамлекеттүүлүктүн жана улуттун өз жолу менен уланып жатканын көрсөтүүчү маанилүү белги катары мамлекеттик сыйлыктарды берүүдө ырааттуулук жана салттуулук сакталууга тийиш. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Кыргыз радиосунун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун азыркы системасы өзгөрүүлөргө муктаж болуп, сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлүшү зарыл. Коомчулукта “сыйлыктар татыксыз адамдарга берилип жатат” деген сын-пикирлер көп айтылып жатканын белгилеп, бул нааразычылыктын негизги себеби критерийлердин так эместигинде экенин айтты.

Арслан Койчиев сыйлыктарды берүүнүн талаптарын кайра карап чыгып, аларды кыйла жогорулатуу керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул багыттагы демилгелерди көтөргөндөрдүн бири өзү экенин да кошумчалады.

Мамлекеттик катчы айрыкча “Кыргыз эл жазуучусу” жана “Кыргыз эл акыны” наамдарына байланыштуу талкууларга токтолду. Ал бул наамдардын кадыр-баркы сакталууга тийиш экенин айтып, Аалы Токомбаев, Сүйүнбай Эралиев сыяктуу улуу инсандарды мисал келтирди.

“Бул наамдар адабиятыбыздын, улутубуздун алптарына тиешелүү. Кийинки жылдары бул сыйлыктардын айланасында сын-пикирлер жаралып жатат. Эгерде критерийлерди жогорулатып, айырмаланган, сапаттуу система түзсөк, анда сыйлыктардын кадыр-баркы дагы да артмак”, — деди Арслан Койчиев.

Анын белгилешинче, мамлекеттик сыйлыктар коомдо бөлүп-жарууга эмес, бириктирүүгө кызмат кылышы керек жана бул үчүн системалуу, ойлонулган реформалар зарыл.

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар