Башкы беткеСаясат жана коомКоомСыймык. Кыргызстан салып берген мектеп

Сыймык. Кыргызстан салып берген мектеп

Кыргызстан Азербайжандын Агдам районунун Хыдырлы айылына «Айкөл Манас» орто мектебин салып берди.  

Жакында Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Азербайжандын Шуша шаарында өткөн дүйнөлүк медиа форумга барып катышып келди.  Бул форумда Азербайжандын президенти И.Алиев өзү да катышып, чет өлкөдөн келген журналисттерге бир катар объектилерди көргөзгөн. Анын ичинде Кыргызстан куруп берген мектепке дагы алып барышкан. Мындан улам Орунбеков боордош элге мектеп куруп белек кылган, эл аралык мамилени бекемдөөдө жаңы этапка көтөрүлүп бара жаткан Кыргызстанга сыймыктанганын социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.  “Бул окуяга катышып жатып сыймыктандым. Себеби, кайсы бир учурда мамлекетибиз дүйнө коомчулугуна жардамга муктаж өлкө катары белгилүү болсо, азыр жардам колун сунган, боордош элге мектеп куруп белек кылган, эл аралык мамилени бекемдөөдө жаңы этапка көтөрүлүп бара жаткан Кыргызстан катары таанылып баштады. 140тан ашык медиа өкүлдөрүнүн арасында бул окуя мен үчүн сыймык болуп, уюштуруучулар эки элдин достугу тууралуу айтып жатканда башымды бийик көтөрүп, ичимден катуу кубанып турдум,”- деди Дайырбек Орунбеков.

Бул жакшы саамалыкты угуп тээ 1976-жылдары Кыргызстан  Россиянын Ярослав облусуна “Кыргызстан” деген совхоз салып бергени эске түштү. СССРдин курамындагы күчтүү өлкөлөрдүн сап башында турган Кыргызстан ал совхоздун, үйүнөн тарта, жолуна чейин салган эле. Кийин мамлекет башына чабал ажолордун келиши менен экономикалык кризиске кептелип турган учурда, бизге орустар, казактар, өзбектер мектеп салып бере баштады. Азыр эми мамлекеттин күч-кубаты артып, учурда кайрадан өнөктөш мамлекеттерге минтип мектеп салып берген учурга жетип отурабыз. Кыргызстан такай эле алакан жайып аш сурабай, жардам бере ала турган күч-кубаттуу мамлекетке айланганын коңшу өлкөлөргө, бир тууган, боордош өлкөлөргө маданий жайларды, мектептерди салып берүү менен көргөзүүдө.

Албетте эл арасында ошол мектепти өзүбүзгө салса болбойт беле деген дагы кеп-сөздөр айтылышы мүмкүн.  Эгерде тарыхты көз чаптырып карай турган болсок, бир мамлекет экинчи мамлекетке социалдык объекттерди куруп берген учур көп. Айрым мамлекеттер жардам катары салып берсе, айрымдары достук мамилени, өнөктөштүк мамилени бекемдөө максатында салып берет. Бул эки өлкөнүн достугун бекемдеп, кызматташуусун арттырат. Учурунда Франция Америкага “Эркиндик статуясын” белекке берсе, ал эми СССР Европага, Египетке ГЭСтерди куруп, Польшага маданият үйүн салып берген. Айта берсек мындай мисалдар көп. Андыктан Кыргызстан минтип  кубаттуу мамлекеттердин катарын толуктап жатканы кубандырбай койбойт.

Наргиза КОЗУБАЕВА “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар