«Манас» жомогун (эпосун) кыргыздын өзүнө сиңимдүү кылып, урпактардын рухуна уютууда, андагы улуттун энциклопедиялык билимин ачып чыгууну ар качан колдон түшүрбөй жүрүү зарылчылыгы бар. «Манас» качан жаралган, кандай тарыхый арка көрүнүштө болгон? «Манаста» сөөк жоосу ким? Тарыхта болгон окуябы же адабияттык көркөмдөштүрүлгөн гана жомокпу? Ушулардын жообун издөө, биринчиден, улуттун басып өткөн тарыхын билүүгө, экинчиден, «Манас» элдин жашоо турмушун чыныгы чагылдырган жомок (эпос) дегенге ишенүүгө алып барат. Бул макала бардыгын эмес, тек «Манаста» айтылган «кытай» (кидан) тарыхта кайсыл эл болгон дегенге токтолуу, «кытай» менен «киданди» айырмалап билүүнүн зарылчылыгы бар деп ортого түштү.
Манастын сөөк жоосу кидан болгон
«Манас» жомогунда (эпосунда) «кытай» аталган сөз, кадыресе, азыркы орус баштаган мурдагы Советтер ынтымагы кезиндеги мамлекеттердин тилинде «кидай» болуп айтылган сөз, ханзу (кытай) жазма тарыхында «чидан» (契丹) деген иерогилиф менен жазылып келген. Ал ар доордогу ханзу (кытай) жазма булактарда «吉答、乞塔、乞答、吸给» (кыта, кида) деген иерогилифтер туюнтулуп жазылган. «Кыта, кида» сөзү туңгус тил тобундагы кидандин өз тилинде «катуу темир, бек темир» деген мааниде болгон. Айтмакчы, ал кандайдыр бир улуттун, уруунун энчилүү аты эмес, кадыресе, бир тукумдагы 8 уруу бирикмеси — «дыра, ише, түлөп, пын, түжү, дут, укуй, ныралардын», ооба, туңгус уруу бирикмесинин аталышы болгон. Ал 10-кылымдын башында, бул бирикменин ичинен чыккан баатыры Жолой Абоке (өз тилинде «Жолой Амбагай») кагандык куруп, бийлик атын «темирдей катуу бололу» деп ырымдап, «кидан» (катуу темир) деп атайт. Мына, «Манас» жомогунда (эпосто) айтылган «кытай» ошол киданди көрсөтөрүн тарых тактап, тыянактап койду.
Анда сөздү башынан баштайлы, кидандин түбү тарыхтагы Ыбыр – Сыбырдын тукумдары болгон туңгустун тарамынан эле. Кидан биздин санактын 907-жылы хандык курган, 947-жылы бийлигинин аталышын «Лыявга» (辽) өзгөртүп атаган. Кидан таа-
нуучулардын айтымында, «Лыяв» сөзү дале «темир» деген маанини берет экен. Ошондуктандыр, кидандардин кийинки урпак хагандары бирде «Кидан хаганат» атаса, бирде «Лыяв хаганатына» которуп атап келишкени тарыхта жазылган. Кидандардин генин (DNA) текшергенде, (КЭР Жылын университети чек ара археология изилдөө борбору текшерген吉林大学边疆考古研究中心) орто азиялыктардын генине эмес, алар байыркы сыбырлар, азыркы Моңгулдарга жакын экени аныкталган. Кидандардын ал бийлигин 1125-жылы туңгустардын дагы бир тарамы жүржүттөр (女真人) кулаткан. Бийлик алган жүржүттөрдүн баатыры Агуда (阿骨打) бийлигинин атын «Кидандар өздөрүн темир атагандыктан темир чирип кетти (бийлик кулады), биз бийликти чирибес алтын атайбыз» деп ырымдап, «Алтын хандыгы» деген ат койгон.
Кидан каганаты кулаштын алдында, абдан күчтүү империя болуп, чыгышы Бохай деңизине тирелген, батышы Алтай тоо кыркасына чейин болгон чоң чөлкөмдү
ээлеп; беш ордолуу дубан чөлкөм куруп; ал чөлкөмдө 155 аймак, 209 районго бийлигин жүргүзгөн; 60 бийликти багындырып, алардан төлөм алып, чириген бай, аттуу согушка маш, каруу күчү абдан күчтүү мамлекет болгон экен.
1124-жылы, кидан бийлиги өздөрүнүн жек-жааты болгон жүржүттөрдөн жеңил-генден кийин да, кидандардин Жолой Абоке ханынын 8-урпагы Жолой Тайчы (耶律大石) калган-каткан жоокерлерин чогултуп, батышка карай жортуул жасап, оболу, Эне-Сайдагы кыргыздарга катуу соктугат. Эне-Сай кыргыздары каруу кайтарып, Жолой Тайчыны кууп чыгат. Бирок, ал аны менен жөн болбой, батышка карай жортуулун улантып, жолдо кээ бир түркү тилдеш элдердин колдоосуна ээ болуп, Алтай-Каңгай тоолору аркылуу Орто Азияга жетип, ал жердеги Караканийлар мамлекет бийлигин багынтып, Орто Азияга ээ болуп алат. 1130-жылы жалган куран айында, Жолой Тайчы кидандардын жөрөлгөлүү түлөө өткөрүү салты боюнча ак боз бээ, көк бука түлөөгө чалып азем өткөрүп, Орто Азияда «чоң Кидан хагандыгы» аталган (Кара Кытай хагандыгы «黑契丹», ханзу тарыхында «西辽») хагандыкты курганын жарыялап, ордо шаарын Кыргызстан Токмоктогу Баласагынды «Күч ордо» атап, аны борбор кылып тынган.
Айтмакчы, «Манас» жомогунда «кытай» (кидан) бир күчтүү эл болуп, анын беш Бээжин ордосу бар экени, ал кыргыздар турган жерден алты айлык жол экени сүрөттөлөт. Биз ушул жомокто (эпосто) айтылган баянды тарыхка көздөштүрсөк, тарыхта, кидандар кыргыздарга чын эле жомокто айтылгандай ыдык өткөргөн. Көрсөтүп айтканда, кидандардин кыргыздарга эки жолу жасаган оторчулугу «Манас» жомогунда кытайлар менен болгон согуш окуясы болуп айтылган. Кидандардин биринчи оторчулугу, тарыхта жазылышынча, биздин санактын 924-жылы кидандардин Жолой Абоке баатыры кыргызга чабуул коюп, 80 жыл түндүктө «Кыргыз улуу каганаты» аталып бийлик жүргүзгөн, атап айтканда, «тыягы Бешбалык (北庭), Кучарга (安西) чейин бийлиги жеткен, Моңгул гоби талаасында соңгу түркү тилдеш элдин бийлигин» багынтып, кыргыздарды көз каранды мамлекетке айландырып, кыргыз жергесине «Кыргыз хандыгы» (辖嘎斯王府) деген өзүнө баш ийме бийлик куруп, ага өз адамдарынан көзөмөлдөөчү жиберип, Киданга төлөм төлөөчү жана согуш болгондо жоокер чыгаруучу мамлекет кылып алган. Бул окуя кыргыз тарыхында каганат бийлигинен айрылган эстен кеткис окуя болуп, «Манас» жомогунун түптөлүүсүнө себепчи болгон. Кидандардин кыргыздарга жасаган экинчи чоң жортуулу, Жолой Тайчы кидан бийлигинин калдык жоокеринен 40 миңди үй-бүлөсү менен чогуу айдап кыргыздарга басып келип, Орто Азия кыргыздарын 1218-жылга чейин, 95 жылдан артык убакытка басып жатканын көрсөтүүгө болот. Бул «Манас» жомогунда баяндалган кытайлар, Жолойлор менен (кидандар менен) болгон эки жолку 300 жылга жуук (924-1218- жылга чейин) күрөштүн сүрөттөлүш чындыгы эле. Ушул тарыхый чындыктан көрүнгөнү, «Манас» эпосунда жоолошкон Манастын жоосу кидандар болгон дегенге тарыхый негизи боло алат. Себеби, «Манас» жаралган
доордо ошол кидандар гана күчтүү оторчу каганат болуп турган.
Ушул жерде өзгөчө эскертип айта турган бир сөз, кытайды (киданды) азыркы ханзулар деген түшүнүктө түшүнүүгө, же кыргыздын кытай уруусу ошол кидандардын тукуму деп жорууга таптакыр болбойт. Кидандар бийлиги кулагандан кийин эле кидан деген атты тутунган адам калбай, кытай (кидан) деген аталыш аты өчкөн. Алардан чалдыбарлар, тоомдор, маданий мурастар гана калган. Азыркы Жуңгодогу 56 улуттун ичинде кидан аталган улут жок. Ал эми гендик текшерүү жана уламыштарда айтылыштарга таянып, кидандардын кийинки тукуму дагур улуту болушу мүмкүн деген жоромол бар. Кидан 10-12-кылымда ошондой күчтүү бийлиги, жазуусу, тили бар, маданияты бар эл эмнеге жер бетинен «кайып болду?» Менин көргөн тарыхый материалыма сөөнүп айтсам, кидан бийлиги бүт элин жоокер (аскер) катары урунган. Алардын 17 жаштан 55 жашка чейинки элинин бардыгы жоокерлик милдетти аткаруу жана жоокерлик мамиледен баар алууну мамлекеттик эрежеге киргизген. Ошону менен, алар черүүгө элин кошо «айдама кол» кылып алып жүргөн. Кийин Жүржүттөр кидан бийлигин кулатканда, эли да жоокер катарында кырылып кеткен, же кидан бийлик аталышын таштап кеткен болуу мүмкүн. Тарыхта айкын жазылганы, кийин батыштагы «Кара Кытай» хагандыгын Чыңгызкан кулатканда, алар да жоокер катары кырылып түгөнгөн же жан соогалап, «кидан» бийлигинин атын колдонбой, мурдагы уруулар (8 урук) өз алдынча кеткен болуусу мүмкүн экен.
- Манас кидандин баатырлары менен согушкан, себеби, Манас кезинде эң күчтүү баатырлар кидандар болгон
«Манас» эпосунда, Манас баатырды теңдешсиз баатыр, ашкан акылман (айкөл) катары баяндайт. Бул жөн эле образ жаратуу үчүн чыгарылган сүрөттөөлөр эмес, Манастын баатырлыгы чынында ашаан экенин айтуу үчүн, Манас-тын сайышкан жоосунун канчалык күчтүү экенинен көрсөтсөк ынанымдуу болот. Тарыхта жазылган маалыматтарда, Манас-тын баатырлыгын көрсөтүп турган күчтүү жоосу кидан экенин түз эле айтууга болот. Жазма тарыхтагы маалыматтан айтсак, кидан бийлигин курган баатыр Жолой Абоке төрөлүшү, жетилүүсү өзгөчө баатыр болгону тарыхта жазылып калган. Ал төрөлгөндө, энеден жерге түшкөндө, үч жашар баланын чоңдугундай болуп, жерге түшүшү менен эле жөрмөлөп кеткен. Үч айда баскан. Ал баатыр болуп балтыр эти катканда 150 килограмм жаа менен миң метрге тийгизип аткан баатыр экени жазылган. Биз ушул тарыхый баянды билгенден кийин, Манастын төрөлүшү жана анын 9 жашарында жоого аттанышын адабияттык апыртма дегенге баш чайкап калдык. Айтайын дегенибиз, Манастын жоосу, жоо баатыры демейдеги адамдар эмес экенин билип, ошого жараша Манас баатырды ченемсиз баатыр кылып сүрөттөгөн эпостук баяндарды чындыкка оодуруп түшүнүүгө өзүбүздү шыкап барсак болгудай. Чын эле, Манастын жоосу 150 килограммдык жаа урунса, аны жеңген Манас кеминде 200 килограммдык жааны урунганына ишенбей коюуга болбойт. Манастын ашаан баатырлыгын, «Манас» эпосунда, жоо жактын баатырларынын абдан күчтүүлүгү менен баяндаганын да айтса болот. Көрсө, ал Манастын жоосу: «Барган кайра тартпаган, \ Тирүү киши кайтпаган, \ Барса келбес жер» (С. Каралаев), «Искендер изин салбаган, \ Илгертен киши барбаган …\ Чарыяр чаркы жетпеген \ Чакташып пенде жеңбеген» (Ж. Мамай) болот. Мындагы эң күчтүү салыштыруу «төрт чарыяр» изи баспаган, «барса келбес» жоого Манас-тын барганын, Коңурбай баштаган баатырлары, ат эмес, керик минген алп, дөөлөрү бар теңдешсиз жоону корголотуп кайтканы менен жеткирилген.
- Манас «Чоң казатка» кидандардын жерине барган, себеби, анда айтылган
«Беш Бээжин» кидандардын «Беш Ордосу» болгон
«Манас» жомогунун жөрөлгөлүү окуяларынын бирөө «Чоң казат» деп аталган «Улуу жүрүш» ар кандай манасчынын айтымында бар. Алсак: «Амир Темир көрөгөн,\ Ай ааламдын баарысын\ Алдына салып күрөгөн,\ Ошол Бээжин шаарында, \ өтүптүр жалган дүйнөдөн» (Ж. Мамай) деп сүрөттөйт. Анда Манас «чоң Бээжин» аталган ордо калаага киргендиги сүрөттөлөт. Ал тургай, беш Бээжиндин ар бирин бирден сүрөттөп айткан саптар кезигет. Анда тарыхта «беш Бээжин» болгонбу? Ал кайсы чөлкөм болгон? Аны кайсыл бийлик ээлеп турган? – деген суроо «Манастагы» чоң окуя кидандар менен байланыштуу экенин ачыктай алат.
«Бээжин» деген сөз ханзу тили болуп, «北京» (Бейжиң) деп жазылат жана айтылат. Ал «бей» (北) түндүк жак, «жиң» (京) ордо деген эки сөздөн куралган. Жалпы мааниси түндүк ордо, түндүктөгү ордолор деген маанини берет. Бул сөз, өз кезинде, кидан тили аркылуу «Манаска» кирген. Себеби кидан тили жана жазуусу ханзулардан көптөп кабыл кылган. Кидан жазуусун карасак, сызым- чийимдери ханзу жазуусунан кабыл кылынганы көрүнөт. Атап айтканда, ханзу тилинин таасири кидандарда өтө күчтүү болгон. «Манас» эпосундагы ханзуча сөздөрдүн көбү ханзу тилинен түз алынбай кидан тили аркылуу «Манаска» кирген десек, тарыхка түз караган болобуз. Себеби «Манас» доорунда, кидандар кыргыздарды 300 жылдан ашуун оторлоп, каранды мамлекет кылып турган. Ушул «беш Бээжин» деген сөздөгү «жың» сөзү кидан тилинде да «ордо» деп айтылган. Бирок тарыхы жазмаларында «жиң» боюнча жазылган. Ошого өз кезинде кидан орток тилинде ханзуча сөздөр көп, ал тургай мансаптуулары бүт эле ханзу тилин билгендер экенин тарыхый жазмалардан окудук.
Биздин санактын 916-жылы кидандар бийлик курган кезде өз бийлигин «беш ордо» (五京道) дубанга бөлүп башкарган. Ал тарыхта «Лыяв хаганатынын беш ордосу» (辽五京) деп жазылып калган. Ал беш ордонун беш чоң шаары (баш калаасы) болуп, ал тарыхта : «Түп ордо, Чыгыш ордо, Батыш ордо, Орто ордо, Түштүк ордо» болуп аталып, ханзуча тарыхый жазмаларда «上京,东京,西京,中京, 南京» иерогилифтер менен жазылган. Тарыхта, «беш ордо» жана «беш дубан» аталышы, ар бир ордо өзүнүн белгилүү жер чөлкөмүнө бөлүнүп, ал ордого караштуу чөлкөмдөрдү дубандар деп атаган. Ошого түп Бээжинге (上京) караштуу чөлкөмдү «түп Бээжин дубаны» (上京道) деп атаган. Ушундан айтууга тийиштүүсү, кидан бийлиги беш ордо, беш дубан болуп башкарылган да, дубандын аттары ордонун аты менен аталган. Биздин бул жерде өзгөчө көрсөтүп айта турганыбыз, ушул кидандардин бийлиги тушундагы «беш ордо (дубан)» боюнча бийлик жүргүзүү айтымы «Манас» эпосунда түз эле «беш Бээжин» болуп айтылышы жазма тарых менен бирдей чыкканына таң калып жана чын бүтүп турабыз. Бул «беш Бээжин» «Манас» эпосунда: «Түп Бээжин, Чет Бээжин, Чоң Бээжин, Орто Бээжин, Бээжин» деп баяндалат. Эпостогу сүрөттөөлөр, окуядагы баяндардан караганда, эпосто айтылган ал беш Бээжиндин ордуларын тарых менен беттештирсек: 1. Эпосто «Түп Бээжин» аталганы тарыхтагы Шаңжың
(上京) болуп, ал Ички Моңгулдун Линдоң шаарчасындагы [чыгыш узундук 43°57-44°00, түндүк кеңдик 119°21-119°25] Лын-хуаңфу (临黄府) болгон. Анын «Түп Бээжин» болуп аталуусу, кидан хагандыгы курулганда биринчи ордо шаар болуп курулган. Ал кидандардин борбору болуп, кидан бийлигине караган бардык чөлкөм жана андан кийинки курулган төрт ордо, дубандар ошол Түп Бээжинге караган. Анда кидандардин хаганы Жолой Абоке жана андан кийинки хагандар турган борбор ордо болгон. Азыр ошол ордо шаардын тоому Жуңго мамлекеттик коргоочу орун деген такта таш орнотулуп корулуп турат. Ал бүгүнкү күндө Ички Моңгулдун Чыфың шаары Линдуң базарына карайт. 2. Эпосто «Чет Бээжин» айтылганы тарыхтагы Доңжың (东京) аталган, Лыявяң шаарындагы [чыгыш узундук 122°35-123°41, түндүк кеңдик 40°42-41°36] Лыявяңфу (辽阳府) болгон. Анын Чет Бээжин аталышы жердин чыгыш четине, арийне, батыштагы кыргыздар үчүн айтканда, эң четте (деңизге жакын) курулган ордо болуп чет Бээжин аталган. Манас «Чоң казатка» ошол Чет Бээжинге оболу барып, ал Чет Бээжинге Эсенхан Түп Бээжинден келип, Бакай менен сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылат. Чет Бээжиндин коргону, анын дарбазасы ушул күндө мамлекеттик коргоо курулушу катары корулуп турат. 3. Эпосто «Чоң Бээжин» аталган тарыхтагы Нанжың (南京,燕京) Шижинфу (析津府) азыркы Бээжин шаарында [чыгыш узундук 116°25, түндүк кеңдик 39°54] болуп, анын Чоң Бээжин болуп айтылышы, кидан бийлиги кезинде адам көп, шаары чоң салынганы баяндалат. Манастын Чоң Бээжинге киргени, андагы кээ бир көчөлөрдүн аты аталганы тарых менен айкалышып турат. Мисалы, «Ваң базары» Жүсүп Мамайдын айтымында гана эмес, Сагымбай Орозбаковдун айтымында да («баштан-аяк күнчүлүк\ Ваң базары дээр экен» С. Орозбаков. 2010. 1775- бет) айтылат. 4. Эпосто «Орто Бээжин» айтылганы, тарыхтагы Жоңжың (中京) болуп, ал Дадиңфу (大定府) деп айтылган. Ал азыр Ички Моңгулдун Чыфың шаарына караштуу Ныңчың ооданы Дамың кыштагында [чыгыш узундук 118°26-119°25, түндүк кеңдик 41°17-41°53] болуп, шаар коргонунун дубал чалдыбары мамлекеттик коргоо орду деген тактай таш орнотулуп корулуп турат. Бул Орто Бээжиндин тарыхтагы аталышы менен эпостогу айтылышы (орто деген сөзү) окшоштугуна таң калса болот. 5. Эпосто «Бээжин, Туңша» аталганы, тарыхтагы Шижиң (西京) Датоңфу (大同府) болгон. Ал Датоң шаарында [чыгыш узундук 112°34-114°33, түндүк кеңдик 39°03-40°44] батышка эң жакын ордо болуп, Саншынын Датоң шаарында, азыр байыркы шаар коргонунун дубалынын бөлүктөрү кадимкидей корголуп турат. Эпосто Алмамбет Тоңшадан батышка аттанганы жөнүндөгү көптөгөн баяндар айтылып калган.

Андан бөлөк, Манастын өз кезинде «Кантон» (关东) аталган, азыркы Жуңгонун чыгыш түндүгүндөгү айтылуу Кидандин «беш Бээжин» дубанына баргандыгын эпос-
то баяндалган жер-суу жана сүрөттөлгөн көрүнүштөргө чын бүтүүгө болот. Биз андан бир канчаны мисал катары көрсөтө кетсек, манасчылар как эле ошол жерлерди көрүп андан соң айткандай сезим берет. 1. «Кантон» деген жер аты эпосто өтө көп айтылат. Ал тарыхта бүт эле түндүк чыгыш жакты «Гуандоң» (关东) деп айтканы менен окшош болгон. Ал «беш Бээжин» негизинен ошол Кантондун ичинде болгондуктан, «Манаста» Кантон жер аты көп кезигет. 2. «Саястын тоосу». Бул Саястын тоосу деп аталган тоо эпосто көп айтылган. («Саяс тоосу улуу тоо» С. Орозбаков) Бул чыгыш түндүк жактагы дүйнөгө белгилүү тоо кыркасы болуп, «Саяс тоосу» тунгус тилинде «Саян» айтылып, (ханзуча тарыхта жазылганы «珊延» жана чанчан «单单») мааниси «Ак тоо» деген болот экен. Ошого кийинки кездерде «Чаңбейсан» (长白山) аталып калган. Ушул атактуу тоону кидандар, андан кийин жүржүттөр «ыйык тоо» катары түлөө-тооп иштерин жасаган жер болгон. 3. «Каспаң тоосу» эпосто «Каспаң тоонун оюнда, Кара суунун боюнда» (С. Орозбаков) сыяктуу өтө көп баяндалат. Бул тоо чыгыш түндүктүн батышындагы тоо кыркасы болуп, [чыгыш узундук 16°128-40 °127, түндүк кеңдик 25°42-35°41] тарыхта «Кинган тоо» (兴安岭) аталган. Ал тунгус тилинде «өлө суук» деген мааниде болуп, тоонун ушул аба-ырайын эпосто: «Каспаңдын улуу тоосунан\ Кара шамал күркүрөп, \ Айбан менен адамы, \ Аязына зиркиреп.\ Борошосу басылбай, \ Жааган күнү ачылбай», -деп сүрөттөгөн. 4. Эпосто «Кара-Суу» айтылган бул дайра таңгут тилинде «Эжина» аталып «кара дайра» деген маанини берген. Таңгут кезинде ушул дайранын аты менен «Кара-Суу шаары» (黑水城) салынган. Ал Таңгуттардын атактуу борбору болуп, азыркы күндө, Ички Моңгулдун Эжна ооданында ал шаардын чалдыбары коргоого алынып турат. [чыгыш узундук 7°103-10°97, түндүк кеңдик 47°42 -52°39] «Манас» эпосунда, «Чоң казаттагы» жолдо Кара-Сууга барып, черүү өргүткөн баян айтылат. Ушулардан караганда, Манас «Чоң казатка» (Улуу жүрүшкө) Кидандин «беш ордо» чөлкөмүнө барганы сүрөттөлгөн.
- Алмамбет кидан ханзаадасы болгон, себеби, ал жашаган жерлери, турмушу кидандардын чөлкөмүндө болгон.
Алмамбеттин өмүр баяны эпосто «Беш Бээжинди» таанытууга алып келгенин баарыбыз билебиз. Алмамбет «Манас» эпосунда акыйкат издөөчү адам катары баяндалат. Кидандар бийликке уюшкандан кийин, эки чоң фамилия колдонгон. Анын бири, «Жолой» (йелүй), дагы бирөө, «Со» болгон. Ал Алмамбет кидандардын ошол эки чоң фамилиясынын ичиндеги «Со» фамилиялуу Соорондук аттуу мансаптардын окуган маалыматтуу баласы. Кидандардын бийлик мийзамы боюнча, хандык тактыга «Жолой» фамилиялуулар гана мурастуу болушун белгилеген. Ошого Алмамбет сыяктуу «Со» фамилиялуулар бийликтен качан да четтетилген, зээнинде акыйкатты жактаган Алмамбет бийлик аркылуу акыйкатты жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, өз жергесинен басынуу, кордолууну акыйкаттын жоктугунан көрүп акыйкат издеп, жер кезген. Манасчылардын айтымдарында, Алмамбеттин мусулманчылыкты кабылдоосун эки түрдүү ыңгайда: бирөө, энесине мусулманчылык белгилери аян берип мусулман болгондугу; дагы бирөө, Алмамбет Көкчөгө кезиккенден кийин анын нускоосу менен мусулман динине киргендиги жөнүндө баяндар айтылат. Ал эми тарыхты карасак, кидандардин дин ишеними шаман дини болуп, кидан бийликке чыкканда, шаман дини менен будда динин айкалыштырып алып жүргөн. Кидандар мусулманчылыкты кабылдаган эмес. Бирок көңүл бура турган бир жайыт, 10-кылымда, кидандардин заманында болгон «беш Бээжин» аталган ордолордо араб жер кезерлери мечит кургандыгы жөнүндө тарыхый маалыматтар жана мечиттердин көзү бүгүнкү күндө турат. Ушундан ой улаганда, Алмамбеттин жана анын энесинин мусулманчылыкты билүүсүндөгү жана кабылдоосундагы башкы негиз ошол жерлерде мусулманчылык динин тутунгандар болгонун ырастайт. Алып айтсак, Алмамбеттин тушунда, таң доорунда эле эпосто «Бээжин, Тоңша» аталган азыркы Датоң шаарында бир мечит курулган. Ал мечит бүгүнкү күндө да кадимкидей сакталып турат. Ал Жуңгодо эң эртеден курулган эки мечиттин бирөө катары эсептелет экен. Андан бөлөк, эпосто «Чоң Бээжин» аталган азыркы Бээжин шаарында да «ниюже мечити» (үй көчөсүндөгү мечит) 10-кылымда (996-жылы) Кидан бийлиги маалында курулуп болгону жазылуу турат. Андан да кидандардын ордо-дубандары болуп турган «Чет Бээжин» аталган Лыявяң шаарында, «Түп Бээжин» аталган азыркы Линдоң шаарында 16-кылымдан мурда салынган мечиттер бар. Ушул жагдайдан караганда, Алмамбет жана анын энесине Алмамбет батышка келип, Көкчө менен көрүшүүдөн мурда мусулман дининин таа-сири болгондугун тарых менен көрсөтүүгө болот. Ал жагдайды залкар манасчы Сагымбай Орозбаков Алмамбеттин оозунан мындай айттырат: «Улук какан шаарында\ Учкан куштай жүрчү элем, \ Мусулман деген бир элди\ Мурун дагы көрчү элем». Ушул баян тарых менен бирдей болуп, Алмамбетке мусулман дин таасиринин тарыхый арткы көрүнүштү эпосто төп айтканына дагы бир жолу таң калуу менен ынансак
болчудай.
«Манас» жомогунда ханзу тилинен кирген сөздөр учурайт, ал сөздөрдү өз кезинде ханзу тилин билген Алмамбет тили аркылуу кирген дегенди жоромолдоого болот. Биз манасчылардын өмүр баянында чет эл тилин биле турган манасчы бар экенин билбейбиз. Болуп да ханзу тилин билген манасчы жок. Бирок «Манас» эпосунда «беш Бээжин» окуясына байланыштуу баяндарда ханзу тилинен кирген сөз-атоолор кезигет. Аны биз изилдөөлөрүбүзгө таянып, кидан заманында, кидан бийлигинин тил-жазуусу ханзу тили менен кошо жүргөнүн, бийлик башындагылар ханзу тилин жакшы билгендиги менен түшүндүрүүгө болот деп карайбыз. Алып айтсак, кидандин «баш ордо» (Эпосто «Түп Бээжин») калаасынын жашоочуларын эки бөлүк боюнча жайгаштырып, түндүк жагында кидандар турса, түштүк жагында Ханзулар турганы тарыхый маалыматтарда жазылган. Мындан көрүнгөнү, кидан бийлигинде иштеген ханзулардын көп экенин, кидандар ханзулар менен барды-келдиде көп болгонун туюнтат. Ал тургай, 10-кылымда кидан бийлиги жараткан кидан жазуусу ханзу жазуусу негизинде жасалганы да ханзу тил-жазуусунун кидан бийлигиндеги ордун көрсөтүп турат. Арийне, «беш Бээжин» аталган ордолордун ысымдары да ханзуча аталып турат. Алар кидан тилинде кандай аталганы жөнүндө тарыхый маалымат таба албадык (мисали, «Түп Бээжинди» эмнеге «Лынхуаңфу» атаган? анын кидан тилиндеги мааниси эмне? деген суроолор менен кидан изилдөөчү мамандарга кайрылсак, алар да айтып бере албады).
«Манас» эпосунун «беш Бээжин» жөнүндөгү баяндарында көптөгөн ханзу тилиндеги сөздөрдү манасчылар айтып бизге жеткирген. Манасчылардын башкасын коюп туруп, 1922-жылдардан баштап кагаз бетине (башка манасчылардан эрте) түшкөн (эч ханзу тилин билбеген) Сагымбай манасчынын айтымында кезиккен сөздөрдөн көрсөтсөк. 1. Демейдеги сөздөрдөн: хоома («Салам айттым хоома деп\ Алик алды ооба деп), таталап («таталаган кытайлар…»), жыгы-жыгы («жыгы-жыгы, жыгы деп»), мөндү («мөндү мөндү деп»), жабуу («жабуу-жабуулап»), лоя («лоясы менен шоясы») сыяктуу демейдеги сөздөр азыркы ханзу тилинде колдонулган маанилери бар. 2. Мансап аттарынан: «суңдуң, калдай, ваңваң (баңбаң), дотай, чыйтай, тыйтай, дуу-дуу, жаңжуң» бул мансап атоолору да ханзу тилинде мааниси бар сөздөр болуп эсептелет. 3. Жер-суу аттарынан: «Салаңгу, Саңша, Таңшаң, Кулаты, Туңша, Каспаң, Саяс, Бутала, Кантун, Жыяңча, Будача, Анжы-Манжы, Каңгай, Аңгир, Иңгир, Ачалы, Маңгуба, Сыңша, Чыңко, Кереш, Жуңгар» сыяктуу аттар ошол эле кидандар тушундагы жер жана тоо-суулардын аталыштары болуп, ушул ар бир аталышты бирден чечмелеп, алардын ордун белгилеп олтурсак, «Манас» эпосунда адамды таң калтырарлык тарых жатканын байкайбыз. Дагы бир айтар нерсе, эпосто кидандин жер аттарынан кээ бирөөлөрүн түз эле кыргыз тилине которуп атагандары да бар. Мисалы, Боз-Бел, Кара-Суу, Ит-Кечпестин кечүүсү, Көл-Кечүү деген сыяктуу. Дагы бир кызыктуу сөз Сагымбай айткан эпосто кезигип: «Шыта кечүү – таш кечүү\ Алмамбет билген маш кечүү» деген сапта «шыта» сөзү азыркы эле ханзу тилинде (шыту) «таш» (石头) деген маанини берип, ошол кездин өзүндө кечүүнүн түз которуп колдонгону көрүнөт. 4. Уруу, эл аттарынан: «Бакбурчун, Чынмачын, Чебечаап, Эгил, Төгүл, Эңкил, Чеңгил, Сазаңшаң, Каканчын, Кеден, Моюл, Ачаң» сыяктуу уруулардын аттары айтылат. Уруу-лардын аттары кидан тилиндеги аталышы боюнча аталганы, ошол кездеги Кидандардин курамындагы урууларды түз эле атаганы нарктуу маалымат катары байкалат.
Майнаптай айтканда, жогорудагы мисалга тарткан сөздөр Алмамбеттин оозу менен «Манаска» киргени жоромолго өтө жакын. Биз Алмамбеттин ошол ханзуча сөздөрүнө карап гана Алмамбетти ханзу улутунан болгон деген жоромолго кетсек, Алмамбеттин өз оозу менен өз тегин тааныштырган баянына, көңүл бурбаган болобуз. Алмамбеттин оозу менен ханзуча сөздөрдүн кирүүсү Алмамбет өзү ханзу тилин билген, айтор, өз кезинде ханзу тилинде окуу бүтүргөн кидандин бир төрөсүнүн баласы болуусу абдан мүмкүн. Мындай абал өз кезиндеги кидан бийлигинде демейдеги көрүнүш болуп, Кидан мамлекетин куруучу Жолой Абокенин чоң баласы ханзуча окуган, ал тургай Коңфуцичилик таалиматын үйрөнгөн деген маалымат тарыхта жазылуу турат. Кандай эле болбосун, кидандардин тушунда кыргыз тилине кирген ханзуча сөздөр кидан тили аркылуу киргендигин жоромолдосок, тарыхтан анын арткы көрүнүшүн көрсөтүп бергени болот. Эпостун чыгуу доору менен кидандардин бийлик жүргүзгөн доорун байлап түшүнгүсү келген кишиге мындай түшүндүрүү жеңил эле болот го деп ойлойбуз.
Соңгу сөз катары көөн бурдура айта турганыбыз, «Манасты» тарых менен көздөштүргөндө анан анын адамзатка пайдалуу наркы ого бетер ашып, элибиздин дилине бар нерселери менен дем болуп берет. «Манасты» тарых менен көздөштүргөндө, бул жолу биз кеп салган, эпосто кытай аталган, кидандардин тарыхын көбүрөөк барактасак көптөгөн ачылыштарга жетишебиз. Арийне «Манас» ошол бир гана доорду арткы көрүнүш кылбайт, андан кийин жүржүттөр, моңгулдар (калмактар) кыргыздын тарыхына унутулгус издерди калтырган. Алар да эпосто чагылдырылганы чын. Бирок биздин бул макалада атайын көрсөткөн кидан (кытай) Манас дооруна туш келгендиктен эпосто айтылган баяндар менен кидан тарыхы тике көздөшө алат деген ойду салгыбыз келди.

Кармыштегин
Макелек ӨМҮРБАЙ уулу,
КЭР, филология илимдеринин доктору, профессор