Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Мекеменин маалыматына ылайык, подполковник С.М. «ири өлчөмдөгү коррупцияга» айыпталууда. Ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
УКМКнын билдирүүсүндө: «Акча каражатын алганы менен жарандын маселесин чечип бере алган эмес. Ошол себептүү ал жаран берген каражатты кайтаруусун талап кылганда кайтып берген эмес. Бул факт боюнча 12-июнда Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен иш козгоду, өзү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык жагдайлар такталгандан кийин кызматкер жумуштан алынды», — деп айтылды.
Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жыл башында Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушул тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин билдирген. Ал ар бир тармакта коррупцияга каршы күрөш уланарын билдирген.