whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМаматысак Жапаров: «Калктын турмушун жакшыртуу башкы максатыбыз»

Маматысак Жапаров: «Калктын турмушун жакшыртуу башкы максатыбыз»

Акыркы жылдары мамлекетибиздин экономикасы өргө карай өрүш алып, ага жараша айыл аймактарында мектеп, бала бакчалар курулуп, чакан жана орто бизнестер өнүгүп, жер-жерлерде көңүл көтөргөн иштердин жүрүп жатканы кубандырат. “Кыргыз Туусу” гезити мындай өркөнү өскөн айыл аймактарды окурмандарыбызга сүйүнүч менен тааныштырып келебиз. Бул жолу Аксы районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн ийгиликтери тууралуу сөз кылабыз. Белгилей кетсек, Маматысак Жапаровдун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына келиши менен айыл аймагындагы айылдардын жашоо деңгээли жогорулап, социалдык-экономикалык шарты күн санап өсүүдө. Ал биз менен болгон маегинде төмөнкүлөргө токтолду.

Айыл аймагынын таржымалынан

— Үч-Коргон айыл аймагы чыгыш тарапта Нарын дарыясы аркылуу Өзбек Республикасы менен 11,5 км, чыгыш жана түндүк-чыгыш тараптан Нарын дарыясы, Шамалды-Сай шаарчасы жана Таш-Көмүр шаары менен, түндүк-батыш жана түндүк тараптан Ак-Суу жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрү менен, батыш тарабынан Жийде-Сай сел өтүүчү сай аркылуу Өзбек Республикасы менен 3,2 км чектешкен. Айылдык аймактын борбору Нарын айылы. Айыл аймагы 1997-жылы уюштурулган. 2025-жылга карата калкынын саны 25368 адам.

2024-жылы аткарылган иштер

Айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү жана калктын өз ара ынтымакта, биримдикте жашоосу үчүн айыл өкмөтү тарабынан аракеттер көрүлүп, инвестиция тартуу, инфраструктураны оңдоо, спорт, социалдык-маданий объектилерге көңүл буруу аркылуу бир топ пландар түзүлүп аткарылды. Ошону менен бирге райондук, областык жана республикалык деңгээлде аткарыла турган иштер тууралуу тиешелүү мекемелер менен биргелешип иштешип, 12 ай ичинде белгиленген иштерди аткарууга жетиштик десем болот.

Аймакты көрктөндүрүү

Айыл өкмөтүндө жыл бою айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу боюнча ар жуманын ишемби күндөрү ишембиликтер өтүп, ага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мектеп, бала бакча, оорукана, почта ж.б. мекеме ишканалардан жалпы 12 эмгек жамаат 1284 адам катышты. Жыл ичинде айыл аймагындагы трасса жээктери, борбордук паркы, көчөлөрү, административдик имараттардын айланасы, айылдагы көчөлөр тазаланып, жалпы 135 тонна таштанды чыгарылган. 17 км кичи арыктар тазаланган.

Инвестиция тартуу

Республикалык бюджеттен каржыланып, Жар-Башы айылында 375 орундуу мектеп курулуп жатат. Батырбеков атындагы оорукананын терапия бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, Мешков паркына спорттук комплекс курулду.

Ал эми жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен Э.Андабеков көчөсүнүн 500 метри асфальтталды. Айыл аймакка караштуу айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөө иштери аткарылды. Р.Батырбеков атындагы ооруканага 400 кВт. трансформатор орнотулуп, инфекция бөлумүнө кошумча имарат курулду.

Жергиликтүү бюджет жана түрткү берүүчү гранттын негизинде Нарын айылындагы Маданият үйүнүн эшик, терезелери алмаштырылды.

Өнөр жайы

2024-жылда 9087,0 сом өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 39,6 миң сомго көп өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 114,3 % түздү. Өсүш – 19,7 %,

2024-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1021098,8 сомду түздү. Салыштырма баада 110,5 % түздү. Өсүш мурдагы жылдарга салыштырмалуу 97323,9 сомго көп.

Ал эми кызмат көрсөтүүдөгү акы 2024-жылы 1021098,8 сомду түздү. Салыштырма баа – 110,5 % түздү. Өсүш – 97323,9 сом.

Салык, кирешелер боюнча

Айыл өкмөтүнүн кирешелер салыгы боюнча — 2024-жылдын жылдык план 25226,8 миң сом болсо, аткарылышы 29417,2 сомду түзүп , салыштырмалуу 116,6 % түздү. 2023- жылга план 20869,3 миң сом болсо, аткарылышы 26288,0 миң сомго аткарылып, 126,0% түзгөн же 5 418, сомго ашык.

Жашыл мурас

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89 тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын 24-мартындагы №64-6 буйругун ишке ашыруу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, «Жашыл мурас» улуттук компаниясын ийгиликтүү өткөрүү боюнча төмөндөгү көчөттөр отургузулду :

Жыл-Кол айылына — 5000; Жийде-Сай -2000; Терс -1000; Клубдун тегереги — 900; Озокеев Чаянда – 2000; Наржигитов. Б. — 600; Момунов. А. — 900; Жалпы : 12400 көчөт отургузулду.

“Таза айылым — таза коом” аттуу акция жүрүшүнө чыгышып, калкка турмуш-тиричилик калдыктарын терип иргөө, жок кылуу жана тазалыкты сактоо боюнча маалыматтар жүргүзүлдү.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнө 2024-жылы коюлган план 12123 түп көчөт отургузуу болсо, ал эми аткарылганы 12400 түп көчөт отургузулду. Анын ичинен: ийне жалбырактуу – 130, жазы жалбырактуу – 12270 көчөт отургузулса, С. Шатманов атындагы мектептин чатыры, терезелери, электржабдуулары алмаштырылды.

Ошол эле учурда, жергиликтүү бюджеттен жана Аксы өнүктүрүү фондунун жардамы менен Жыл-Кол айылындагы Т.Токтогул ажы мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу иштери бүткөрүлүп, Тегерек каналдын астында 877 метр лоток курулду.

Айыл аймактагы дагы бир баса белгилеп кетүүчү ийгиликтеринин бири катарында азык-түлүк программасынын колдоосунда, Дейрес айылында суу түтүктөрүн жер астына орнотуу иштери, Нарын айылында Кулатаев, Ибраимов көчөлөрүндө суу түтүктөрүн оңдоо, Жыл-Кол айылында селкананы оңдоо иштери, Терс айылында 800 метрге ичүүчү суу линиясын, 54 га жерге сугат суу үчүн суу түтүктөрүн тартуу иштери жасалды. Нарын айылында 86 жумушсуз жаран тракторист окуу курсуна окутулду.

Айыл чарбасы

Министрлер Кабинетинин №309 токтомуна ылайык дыйкан чарба жана кооперативдерди жандандыруу жана уюштуруу, азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу программасы, жерлерди деградациядан коргоо максатында райондук агро өнүктүрүү департаменти менен төмөнкүдөй жерлер ажыратылып берилди.

“Ырысбек ЖМРМ” үрөнчүлүк чарбасына 25 га жер аянт. Оңдоочу” техникалык сервисине 8,3 га, “Ынтымак Аксы” кооперативине 10 га, “Кошалы Уста” көп тармактуу айыл чарба кооперативине — 8.58 га, “Наргозу” көп тармактуу айыл чарба кооперативине 5,5 га, “Жыл-Кол” дыйкан чарбасына 6 га, 5 жылдык мөөнөт менен ижарага 104.73 га, көп жылдык мөөнөт менен 7 га, жалпысынан узак мөөнөттүү жана дыйкан чарбалардагы жер аянттар биригип, МФ жерлеринен 378,49 га жер аянты ижарага берилди. Үстүбүздөгү жылы 363 га эски беде жана 55 га жаңы беде эгилди.

Айдоо жерлер боюнча жалпысы 3803 га жерди түзөт жана 3794 га жер аянты айдап себилип, 194 га жер аянты себилбей калган, анын ичинен 150 га кайракы, 44 га жер аянты шарттуу суулуу, эгилбей калганынын себеби суу жетпеген таштак жерлерди түзөт.

Жер семирткичтер боюнча база уюштурулуп, накталай жана кредитке дыйкандарга берилип жатат.

Күйүүчү май боюнча (солярка ); мат.резервден 77 тонна 700 литр арзандатылган баада дыйкандарга берилип айдап себүү иштери аткарылды.

Мамлекеттик фондунун жерлери жалпы – 553 га , ижарага берилгени – 378,49га .

Ирригация тармагы

Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл сугат суу берүү тартыштыгы кыйла жакшырып, сугат мезгили үзгүлтүккө учураган жок.

Ирригация боюнча каналдардын орчундуу жерлери атайын техникалар менен 2,5 км, ички арыктар 67 км толугу менен тазаланып, дыйкандар сугат суу менен толугу менен камсыз болду.

Ирригациялык тармактарда ремонттоого – 210 000 сом жумшалды.

Аксы суу чарба башкармалыгына – 420 500 сом которулду.

Ички арыктар 67 км – канал казуучу менен жана 2,5 км – экскаватордун жардамы менен тазаланды.

Социалдык маселелер

Үч-Коргон айыл өкмөтү бюджеттен 2024-жылга социалдык муктаж үй-бүлөлөргө 200 000 (эки жүз миң) сом акча бөлгөн. Ал эми 2024-жылдын 12 айына 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты социалдык жактан муктаждыгы аныкталган 59 үй-бүлөгө социалдык абалына, материалдык муктаждыгына жараша жардам берилди. Андан сырткары резервдик фонддон социалдык ар кыл багыттагы иш-чаралар жана муктаждыктар үчүн 106 000 сом бөлүнүп, иш-чаралар өткөрүлдү. Демөөрчүлөр аркылуу үй-бүлөгө азык-түлүк жана Материалдык резервдер фондунан 59 үй-бүлөгө 69 000 сомдук жардам берилди.

Социалдык контракт

Жакырчылыктан чыгуу максатында Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде 150 квота берилген, жөлөк пул алып жаткан 153 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Айыл өкмөтү боюнча 2024-жылга 153 аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык контракт боюнча бизнес план түзүп, иш жүргүзүүнү башташты жана ар бири 100 миң сомдон алышты.

Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга иш планы

Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча ар бир тармакта иш-чаралар планын түзүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык айыл өкмөтү социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу негизги максаттардын бири.

Өнөр жайды өнүктүрүү

Нарын айылына тигүү цехин уюштуруу менен калкты жумуш орду менен камсыз кылууда 23 жумуш оруну пайда болот, калкка керектүү болгон кийимдерди камсыздоо максатында каржы булагы жеке ишкер, демөөрчүлөр менен биргеликте, керектелүүчү каражат 600 000 сом.

Калктын муктаждыгын камсыз кылуу үчүн жеке ишкердин каржылоосу менен Нарын
айылына пескоблок чыгаруучу цех уюштуруп, 4 жумуш оруну түзүлөт.

Айыл чарба жана ирригация

Айыл чарба багытындагы ирригациялык ички арыктарды тазалоо, 100 км ички арыктарды тазалап, жылдын башына даярдык көрүү, айыл чарба багытындагы сугат системасын жакшыртуу, СПАнын каржылоосу жана элдик салымдын негизинде керектелүүчү каражаттар менен камсыз кылуу. Иштер жүрүп жатат.

Таза Суу өмүр булагы

Кол айылына таза суу чыгаруу максатында, жалпы 2960 метр суу түтүгүн орнотуу жана таза суу түтүгүн тартууга жетишүү иштери аткарылууда.

Ал эми, калкты таза суу менен камсыздоого жетишүү, таза суу тартыштыгын
жоюу үчүн Кызыл-Жар айылына 160 метр, Нарын айылына 2 км,  Кум айылына 500 метр түтүктөрдү куруу иштери жүрүп, жаңы кыймылдаткыч сатып алууга жетиштик.

Саламаттык сактоо тармагы

Айыл аймагында калктын ден соолугуна кам көрүү максатында окуу семинарларды өткөрүү, аймактык оорукананын медицина кызматкерлери жана айылдык ден соолукту чыңдоо адистери менен жылына үч жолу чогулуштарды, консультацияларды өткөрүү, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар кандай оорулардын алдын алуу иштерин толук кандуу иш жүзүнө ашырууда донор уюмдар жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып келет.

Ички жолдор оңдолууда

Үстүбүздөгү жылы Жыл-Кол айылына кетчү жолдун 413 метрин асфальттоо, айылдын ички көчөлөрүнүн абалын жакшыртуу, авто каттамдарга ыңгайлуулук жаратуу максатында капиталдык ремонттоо иштери жүрүп жатат. Нарын айылындагы Баймырзаев көчөсүн асфальттоо иштери жана айыл ичиндеги жолдор ремонттоого даярдалууда. Ушул эле айылдын Р.Гадиев көчөсүнүн 1190 метрин асфальттоо, Мырзабаев, Т. ажы көчөлөрүн асфальттоо максатында иш кагаздары даярдалууда.

Билим берүү тармагы

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө билим берүү имараттарын жана мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринин имараттарын жакшыртуу жана окуучулар үчүн жакшы шарт түзүү максатында ресбуликалык бюджеттен Кум айылына 100 орундуу бала бакчасынын имаратын куруу үчүн сметалык долбоорун даярдап, курулуш иштерин IV кварталда баштоого даярдык көрүлүп жатат.

Окууучуларды ЖРТга даярдоого көмөктөшүү жана татыктуу билим алуусуна жетишүү, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо үчүн мугалимдерди уюштуруу иштери колго алынды.

Ал эми Жар-Башы участкасындагы 375 орундуу мектептин курулуш иштери III кварталда бүткөрүлөт. Кызыл-Жар айылындагы Шатманов мектебине кошумча имарат курууга долбоордун сметалык иштери даярдалды. Ошондой эле Нарын айылындагы Мешков мектебинин айнек терезелерин алмаштыруу иштери бүткөрүлөт.

Социалдык контракт

Айыл аймагында жашаган үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгуу жолдору боюнча тренинг семинарларды уюштуруу, АРИС менен бирге калктын аярлуу катмарынын кирешени сарамжалдоо боюнча билимдерин жогорулатуу, кирешелерин рационалдуу пайдаланууну колго алуу боюнча семинар уюштурулду.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн түшкөн арыздардын негизинде мамлекеттен берилүүчү социалдык контракты түзүүнү колго алуу менен 2025-жылы аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө социалдык контракт түзүүгө жетиштик. Мамлекет тарабынан социалдык контракт программасынын негизинде алган 100 000 сомго чакан бизнесин ачууга жакындан жардам берүү менен көмөк көрсөтүү иштери колго алынган.

Маданият тармагын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата маданий иш-чара өткөрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгын белгилөө жана ошондой эле калктын маданий эс алуусун камсыз кылуу максатында даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү, жаш муундар үчүн үлгүлүү жана элге эмгеги сиңген ишмерлерди эскерүү менен спорттук иш-чараларын уюштуруу иштери байма-бай өткөрүлүүдө.

Айыл аймакта Соурбаев атындагы маданият үйүнүн тегерегин коргоо үчүн дол-боор даярдалып, иштер башталуунун алдында турат.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар