Беларусь Кытайга азык-түлүк экспортун көбөйтүүнү пландоодо

0
2162

Беларусь Кытайга азык-түлүк экспортунун көлөмүн арттырууну көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба жана азык-түлүк министри Юрий Горловдун Беларусиянын КЭРдеги элчиси Александр Червяков менен жолугушуусунда маалымдалды.

Юрий Горловдун айтымында, 2026-жылы Беларусь буга чейин жолго коюлган товарлар боюнча жеткирүүлөрдү көбөйтүү менен катар, экспорттук ассортиментти да кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Айрыкча, келечектүү товардык топтордун эсебинен Кытай рыногуна жаңы продукцияларды чыгаруу пландалууда. Учурда беларустук ишканалар Кытайга ун, жарма, кебек жана дан азыктарынын үлпүлдөгүн экспорттоого аккредитация алуу багытында иш алып барууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кытай рыногу беларустук азык-түлүк экспортунун туруктуу өсүшүн камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ багыт катары каралат.

Мындан тышкары, Беларусияда Кытайдын колдоосу менен бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул долбоорлор айыл чарба тармагын технологиялык жактан жаңылоого жана анын экспорттук багытын күчөтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кытай Россиядан кийин беларустук азык-түлүктүн экинчи ири рыногу бойдон калууда. Кытайга экспорттолгон продукциянын үлүшү жалпы көлөмдүн 4,5 пайызын түзсө, анын ичинен азык-түлүк товарлары болжол менен 27 пайызды ээлейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз