whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеАналитикаКуш төрөсү буудайык

Куш төрөсү буудайык

(Кыргыз элитасынын пассионардуулугу тууралуу айрым ойлор)

Кыргыз ренессансы, кыргыз элитасын калыптандыруу темасы күн тартибинде.

Асылдык кыргыз элинин маданиятында – эң өзөктүү маселелердин бири. Элдик адабияттын башкы темасы. Акылман Молдо Кылычтын «Буудайык» философиялык поэмасы, жаралган доору, сюжети, фабуласы, баяндоо формасы айырмаланганы менен негизги идеясы жана философемасы уңгулаш «Кожожаш», «Карагул ботом» дастандары буга далил. Кыргыз элитасынын пассионардуулугу тууралуу кеп кылганда куш төрөсү буудайык дароо эске келчү орошон чыгарма.  Куш төрөсү буудайык – сейрек кездешкен алгыр куш. Кездешсе да аны саяткердин саяткери (мүнүшкөр) колго тийгизе алат. Колго тийген күндө да тапка келбейт. Бир келсе аны кармаган саяткердин мыктысын курмандыкка чалыш керек. Тапка келсе да көк асмандагы канаттуунун асылы, куш төрөсү буудайык он эки айры ак бугуга – кайберендердин асылы, жер үстүндөгү жан-жаныбардын төрөсүнө күчү жетсе да тийбейт, кол салбайт.

Элита элитаны жазбай тааныйт, баалайт, барктайт, сыйлайт. Элита элитаны сактайт жана коргойт. Табигаттын наркы, шерти, эрежеси, мыйзамы ушундай. Тапка келген буудайык адам каалаган нерсенин баарын алат, бир гана өзү теңдүүгө даабайт. Макул эмес тургай, каршылык көрсөтөт.

Табияттагы мыйзамченемдүүлүктүн мисалында, жаратылыштагы мүнөздүү кубулушка салыштырып, эч ким талашпаган аксиомалуу чындыктын негизинде коомдогу окуя туюнтуу жана ага аныктама берүү кыргыз элдик чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш. Поэмада жаратылышка жана коомго мамиленин парадигмасы ушундай көркөм каражат аркылуу баяндалат. Уламадан уккан сөз, улуулардан калган сөз – кыргыз коомунда табигатка мамиленин үлгүсү, коомдук турмушта кармана турган эреже, тартип ушундай. Ушул идеянын ээси, ушул эрежени бекем туткан байыркы кыргыз менен бул поэманы окубаган, окуса да жомок сымал кабылдаган азыркы кыргыздын ортосунда айырма абдан чоң. Бир эле улут, бирок муундар ар башка, ар бир муун өз бийиктигинен улуттук идеяларга мамиле кылат.

Маалымат булактарында сенсация баяндар жайнап турса, көпчүлүк жаңылыктан жаңылыкка камгактай көчүп турган шартта пассионар мыкты чыкмалар тууралуу ой толгоо кимдин көңүлүн бурат да кимди түйшөлтмөк эле деп күмөн саноого болбойт. Коом пассионардуу элита жөнүндө ой багып, ага муктаж болуп, ошону каалап жатат. Аттуу-баштуу ишмерлерди, бараандуу окумуштууларды, ааламга көз чаптырган аналитиктерди уй мүйүз отургузуп, ортого собол таштап, олуттуу кеңеш кылса дурус болоорун сунуштадым.

Эл ар дайым элита тууралуу ойлонуп келген, издеп келген, кашкөй мыктылар чыгат, ошондо жакшы жашайбыз деп тилек кылып, үмүт артып келген. Жол баштоо, багыт берүү, караңгыда көз, капилетте сөз табуу озуйпасын мыктыларга ыйгарып, ошолордун амирине эрктүү же эрксиз баш ийүү универсал көрүнүш.

Ооба, улут изденип жаткан кези. Издеп жатканы дурус, изденип жатканы жакшы. Улам бир үлгүнү өзүнө чактап көрүп, бирде артка кетенчиктеп, кай бирлери тээ эски араб коомуна барып, билип-билбей паранжа чүмкөнсө, башкалары баарын ачып таштап, жайдак төш болгонго ыктады. А да жарабайт, бу да бизге ылайык эмес, алдыңкы цивилизацияга кошулабыз деп канализацияга түшүп кетиптирбиз, элдик каада-салтты барктайлы, жакшысын алалы, нарк-насилди унутпайлы, алдыңкы технологиядан артта калбайлы, керек болсо адамзат прогрессине салым кошконго жарабайбызбы деген көз караш акырындап бекемделе баштады. Турмушта болуп жаткан окуялардан жакшы нерсени көрө билүүгө тийишпиз. Эл жанталашып өз көйгөйүн өзү чечип, балдарын окутуп, тыштан оокат кылып, жаштары намыска жарасак деп аламан байгеге атын кошуп, кыскасы эл-журт бөлөк элден калбоо аракетинде.

Пессимизм эч качан прогресстин зарыл шарты болгон эмес. Бүгүнкү кыргыз коому жол башчы эле тандабай, жол тандап жаткан кези. Жалаң караламан баштын түйшүгүн ойлобой, кимбиз, кандай болобуз, келечек муун кантет, ким болот, таалай талашка, марасы белгисиз бак жарышка жарайбы же кушун колдон учуруп, кутун баштан качырып туруп береби, канткенде элден калбай тең жүрөбүз, кылып жатканыбыз туурабы же натуурабы деген түмөн суроолор коомду түйшөлтүп жатканы анык.

Бир кезде Жан Жак Руссо «Коомдук келишимди» укуктук мамлекеттин пайдубалы деп атаган. Бизде да ошондой келишим керек. Эмнени колдойбуз, эмнени танабыз, жакшы-жаманга карата мамиле тууралуу макулдашып алмагыбыз эп. Ансыз баалуулуктун баркына жетпейбиз. Тигил же бул окуяга, көрүнүшкө мамилесин билдирип, кабыл алып же жерип, ачууланып же кубанып, кейип же сүйүнүп, кыйратып же жаратып жаткан коом, албетте, энергетикага ээ. Эми ошол энергетиканы эл эңсеген, журт күткөн нерсени жаратууга жумшай тургандар кимдер, ошондой жаратман күч-кубатка, акыл-эске ээ пассионардык элита кандай шартта аренага чыгат? Мына ушундай суроолор туру алдыбызда. Бир кезде азыркы учурдун тес-кейин флэшмоб коом деп атаганым бар. Ошондуктан бир чур этип, учкай талкуу-ламыш болуп, Поль Валери айткандай ойго алыбыз жетпей калып, ой айткан кишиге асылбай, аз убакыттан соң унут калтырбай, терең акыл калчай турган маселелер.

Пассионардуу, элдин таалайына бүткөн мыктылардын, көйкашка инсандардын пайда болуу формуласын окумуштуулар тынымсыз изилдеп келишет. Тарыхый өнүгүү жолу көрсөткөндөй, элдин жылдызы жанган жана ындыны өчкөн учурлары болот. Ал эми элдин ар бир мууну кайсы бир көлөмдөгү энергетика менен жаралат. Бирок бардык эле учурда ал энергетика элдин бактысына жумшала бербейт. Текке кеткен учурлар бардык элдин тарыхында кездешет. Кай бир учурда уютулган алтындай чулу генийлер жаралса, кээде майда бүркүмдөр сымал мыктылар чыгат. Эч бир убакта эч бир эл кур жалак калбайт. Тарыхый шартка жараша пассионардуу инсандарга суроо-талап пайда болот.

Кыргыз элинин соңку тарыхындагы накта элитанын үлгүсү Эшенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуулардын мууну. Алар бардык жагынан элита аныктамасына төп келишкен мыктылар. Кыйчалыш мезгилде аларга муктаждык бар кезде жаралдыбы? Ооба. Алардын баары каар замандагы кайран элдин кулагынан шам жанган кулундары, оңой менен кайра тургус болуп кырылган замандын — 1916-жылдын балдары, жеңилсе да жеңиштен үмүт үзбөгөн элдин чыныгы уулдары. Катуу жеңилген эл азыркынын мыкты сүрөткери Арслан Койчиев жазгандай мисмилдирик аткан каргаша учурда канаты жетилген муун. Кыргыз элинин тарыхында да туусу көкөлөп, зоболосу бийиктеген, бактысы тоодой мезгилдер да, ээлигинен ажырап, эркинен кайтып, мүңкүрөгөн учурлар да болгон. Азыркы саясат таануу илиминин тили менен айтканда кээде кеңири аймактагы геополитикалык процесстердин активдүү, чечүүчү субъектиси, бирде башкалар таңуулаган окуялардын пассивдүү объектиси болуп келген. Бирок ар бир заманда кылымдар түпкүрүнөн бери кыргыз эли үчүн мамлекеттүүлүк, эркиндик, азаттык улуттук идеянын, элди эл катары касиетинен ажыратпай сактап келген пассионардуу мотивациянын милдетин аткарган.

Ар бир муундун өз озуйпасы болот, ошол озуйпасын түшүнгөн муун гана пассионар муун болмогу анык. Ал эми Абдрахмановдун мууну өз алдындагы тарыхый миссияны бекем түшүнгөн, таза аткарган. Кандай да болбосун мамлекетти калыбына келтирүү оюн ишке ашыруу озуйпасын башын канжыгага байлап аткарышкан. Ошол муун башынан неченди кечирген кыргыз элинин жакшы сапаттарын эне сүтү, ата сөзү менен кан-жанына бекем сиңирген. Айтматов жазгандай адамды адам кылган нравалык дөөлөттөрдү Абдрахмановдун мууну терең өздөштүргөн, бекем туткан. Керт башынын кызыкчылыгы үчүн садага чаап кете берген эмес. Далил керекпи? Абдрахманов үзөңгүлөшү Абдыкерим Сыдыков айыпталып, четке сүрүлүп, башына иш түшүп турган чакта аны чакыртып алат. Жан кишиге айта көрбө деп жашыруун эмес, расмий кат менен жогорку партиялык жетекчиликке кайрылып Кыргызстанга ишке чакыртып алат. Ташкенден Кыргыз өкмөтүнө тиешелүү атайы поезд берип, көчүртүп келет. Эл душманы катары эми камалмакчы болгон саясатчыны сааты тиерин билип туруп ким даап чакыртып, өз унаасы менен көчүрүп келет? Үзөңгүлөш эмне экенин билген жана үзөңгүлөшүн сатпай турган инсан. Үзөңгүлөш деген бул ат мингенде гана белгилүү бир аралыкка чейин чогуу бастырган жолулаш киши эмес, өтөлгөсү өмүр максаты бир, эл алдында милдети бир, санаасы бир, ниети бир, тар жол, тайгак кечүүдө таштап кетпей турган кымбат жанжолдош экенин билген киши гана жасайт мындай кадамды. Алар үчүн бул кийин доолап колко кыла турган иш эмес, ойлонбой жасоого тийиш кадыресе жорук.

Айтмакчы “мени күнүм бүтүп калганымды, пайдам эмес салакам тийип калаарын билип туруп Абдрахманов чакыртып келген” – деп Сыдыков камалганда айтып жатат. Абдрахмановду жамандап, тергөөдө актаныш үчүн эмес, качандыр бир кезде окуган кийинки муун сабак алсын деп бизге арнап айтып жатат. А азырчы, кичине кызматтан четтесе далысын салмай, тескери карап калмай көп кызматкер үчүн адатка айланып, ага таң калбай да калгансыдык.

Жаңы доордо кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүгө башын сайган, өмүрүн арнаган ошол муундун да бир артыкчылыгы – алардын билимдүүлүгү. Алардын бири да университеттен билим албаганы менен орус империясынын тушунда Европадан окуган интеллигенциядан билими төмөн болгон эмес. Классикалык билим алуу бактысы маңдайына жазбаган Уинстон Черчилль Англиянын атактуу окуу жайларынан билим алган замандаштарынан алда канча билимдүү болгон сыяктуу алар да өз алдынча билим алышкан.

Орус-тузем мектебинен аз убакыт гана окуган Абдрахманов эгер билимсиз болсо оңой менен кишини теңине албаган, ошол замандын прогрессивдүү, эки доордо тең билимдүү элита эсептелинген интеллигенциясы менен кантип тең ата сүйлөшмөк эле. Маяковский сыяктуу акын-жазуучуларды бийиктен караган орус тилдүү европалыктардын арасында эгер алардай билимдүү, маданияттуу болбосо
азиат жаш жигит менен ким эсептешмек эле.

Бүтүндөй бир министрлик, илимдер академиясынын тиешелүү институту чогулуп келип белен акчага жасаганга чамасы келбеген жумушту – кылым чукул убакыт мурда кыргыз тилинин грамматикасын Касым Тыныстанов жалгыз түзгөнү жалганбы. Алар Фридрих Энгельс айткандай титандарга муктаж доордо жаралып, акылы, эси, билими, эрки, духу, келбети, кыскасы эсилим эгер кайра жаралсаң, биздин жерде, биздин элде туула көр деп тилегидей асылдар десек ашыкча эмес.

СССР империясы кыйрап, анын ичинде Кыргыз Республикасы суверенитетке ээ мамлекет катары жарыяланган алгачкы мезгилде элдин духу абдан көтөрүлүп, жаратман пассионардуу энергетика пайда болгон. Ошондо жакшы багыт алганыбызда далай белди ашып, ийгиликтерге жетишип калмакпыз. Бирок, тилекке каршы, күч-кубаттын далайы текке кетти. Өнүгүүнү шарттабай, өксүктөр комплексин жараткан жагдайлар басымдуулук кылып, бир муунду жоготуп алдык.

Пассионардуу элитага тарыхый муктаждык керек, чоң курмандыктар талап кылынат, кыйчалыш мезгилде пайда болот деген пикирлер да арбын окумуштуулар арасында. Бизде муктаждык да, курмандык да жетиштүү, мындан татаал, кыйчалыш мезгил болмокпу. Техниканын тили менен айтканда азыркы элитанын энергиясын коомго жумшоо механизми иштебей калган окшобойбу. Өлкө ичинде байлык талашта абдан кыйын, энергиясы ашып-ташыган пассионардуу инсандар арбын чыккан. Ошолорду мыкты чыкма дейбиз, алар өзүн элита эсептешет. Бирок алар энергиясын алдында турган тарыхый миссияны аткарууга, улуттук жүктү көтөрүүгө жумшабастан, утурумдук жана жеке кызыкчылыктарына арнап келгендиктен ушинтип кайсалап жатат окшобойбузбу.

Ар бир муундун тарыхый миссиясы болот. Ошону түшүнгөн муун гана прогрессти камсыздайт. А тарыхый миссиясын түшүнбөгөн же аны аткарууга мойну жар бербеген муун дезертир сымал деп испан ойчулу Хосе Ортега-и-Гассеттин айтканы бар. Кантип эки-үч муун катары менен дезертир болсун. Мындан алда канча жакшы жашоого тарыхый акысы бар эл дагы далай асылдарды жаратаары анык. Биpок кербендин эң артында илкип бараткан төө, кербен артка кайрылса гана биринчи болот. Тарых антпейт экен, арттагылар алдыга чыксын деп токтобойт экен.

Алмаз ОКИН

 

Гезит

Окурман журтту кайра жаратуу

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити китеп окуу маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелерин талкулоо максатында “Окурман журтту кайра жаратуу” аттуу тегерек үстөл өткөрүп, ага Кыргыз Республикасынын...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар