Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президентин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-мартта, Эл аралык суу-мотор спорту союзунун президенти Раффаэле Чиуллини кабыл алды.

Жолугушууда аталган спорт түрү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана союздун колдоосу менен Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк деңгээлдеги мелдешти Кыргызстанда өткөрүү демилгеси маанилүү окуя экенин белгиледи. Ал акыркы жылдары өлкө спортту, туризмди жана ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү багытында эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле президент Ысык-Көл облусунда эки аэропорт — Каракол жана Тамчы эл аралык аэропорттору иштеп жатканын белгиледи. Экөө тең эл аралык макамга ээ болуп, туристтерди кабыл алууда. Мындан тышкары, көл жээгинде беш жана жети жылдыздуу мейманканалардын курулушу жүрүп жатканы айтылды.

Өз кезегинде Раффаэле Чиулли суу-мотор спорту боюнча дүйнөлүк кубок ири спорттук фестиваль экенин белгиледи. Анын алкагында F1H2O классындагы катерлер менен дүйнө чемпионаты, ошондой эле аквабайк, мотосерф боюнча көрсөтмө жарыштар жана гидрофлайборд сыяктуу көрсөтүүлөр уюштурулат.

Анын айтымында, мындай мелдештер буга чейин Кытайда, Бириккен Араб Эмираттарында, Катарда, Индонезияда, Сауд Аравиясында, Вьетнамда жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн. Суу үстүндөгү жарыштар дүйнөдөгү эң көркөм жана кызыктуу спорт түрлөрүнүн бири болуп эсептелет жана алар дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүндө көрсөтүлүп, жүз миллиондогон көрүүчүлөрдү камтыйт.

Жыйынтыгында тараптар Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүшү мүмкүн болгон F1H2O суудагы Формула-1 дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга чоң салым кошоруна ишеним билдиришти.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар