Башкы беткеМаанилүүЖети-Өгүз району жаңы саламаттык сактоо мекемесине муктаж

Жети-Өгүз району жаңы саламаттык сактоо мекемесине муктаж

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мекеменин аймагында 11 корпус жайгашып, алардын айрымдары 1950–1970-жылдары курулган. Бир катар имараттар авариялык абалда болуп, капиталдык оңдоого жана инженердик коммуникацияларды жаңылоого муктаж.

2024-жылы 60 орундуу жаңы аймактык оорукананын корпусу пайдаланууга берилген. Анда хирургия, балдар, төрөт жана реанимация бөлүмдөрү иштейт. Бирок медициналык мекемеге жүктөм жогору болгондуктан, азыркы кубаттуулук калктын керектөөлөрүн толук камсыз кыла албай жатат.

Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга заманбап талаптарга жооп берген жаңы оорукананын имаратын жана медицина кызматкерлери үчүн жатакана куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле МинКаб башчысы жумуш сапарынын жүрүшүндө «Жети-Өгүз» санаторийинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Учурда санаторийдин инфраструктурасын жаңыртуу, объекттерди реконструкциялоо жана эс алуучулар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, санаторийди реконструкциялоо иштери ушул жылдын күз айларында аяктайт деп күтүлүүдө. Министрлер Кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар