whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
5.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүНобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Кыргызстанга келет

Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Кыргызстанга келет

Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттин кеңешчиси, интеллектуалдардын Ысык-Көл эл аралык шеринеси боюнча мамлекети башчысынын ыйгарым укуктуу өкүлү Арслан Койчиев билдирди. Эмдиги жылы өтө турган акылгөйлөрдүн форумунда сакталбаган дүйнөлүк тартип, адамзатты түйшүккө салган проблемалар, дүйнөнүн келечеги сыяктуу опол-тоодой маселелер талкууланмакчы.

Форумга даярдыктын эң башкыларынын бири таанымал интеллектуалдардын катышуусун камсыз кылуу. Президент Садыр Жапаров кеңешчиси Арслан Койчиевге Ысык-Көл форумуна эл аралык өкүлдөрдү чакырууну уюштуруу милдетин жүктөгөн эле.

Эл жазуучусу Арслан Капай уулу Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь менен Түп Бээжиндеги үйүнө барып жолукканын, чай кайнам убакыттан ашык маектешкенин, Кытайдын атактуу жазуучусу Ысык-Көл форумуна катышууга ыкласын билдиргенин маалымдады. Чай үстүндө маектешүүнүн жүрүшүндө адабий кызматташуу талкууланды. Мо Янь чыгармаларынын бирин Кыргызстанда басып чыгарууга макулдугун берди.

Баса, Ысык-Көл форумуна Кытайлык бир катар залкар жазуучулар да катышууга макулдугун бергендигин билдирди президенттин кеңешчиси Койчиев.
Нобель сыйлыгынын 2012-жылдагы лауреаты, адабият, киноискусство боюнча эл аралык абройлуу сыйлыктардын ээси Мо Янь (чыныгы ысымы — Гуань Мое) азыркы Кытайдын көрүнүктүү педагогу, жазуучусу жана адабиятчысы, Гонконг университетинин ардактуу доктору. Анын “Кызыл гаолян» романы (1987-ж.) эң атактуу чыгармаларынын бири болуп эсептелет. Ушул эле ат менен көркөм тасма да тартылган. “Утурумдук бакыт” чыгармасы боюнча тартылган көркөм тасма (2000-ж.) кезегинде абдан кызыгуу жараткан.

Интеллектуалдардын Ысык-Көл эл аралык шеринесинин демилгечилеринин бири – “Кыргыз Туусу” гезити болгондуктан уюштуруу процессине тике аралашып, кол кабыш кылдууда.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар