Берикаоба — Грузиянын өзгөчө «масленицасы»

0
1013

Грузияда өзүнүн масленица майрамы бар, ал Берикаоба деп аталат. Бул салт байыркы доорлордон бери келе жаткан элдик майрам болуп, молчулук жана жандануучу күчтөргө байланышкан ырым-жырымдардан башталган. Айрым тарыхый булактарда Триалетиден табылган күмүш чөйчөктө беткап кийген адамдардын бийи түшүрүлгөнү айтылып, анын тарыхы биздин заманга чейинки II миң жылдыкка таандык экени белгиленет.

«Берикаоба» аталышы грузинче «берика» — байыркы грузин маска театрындагы актёр деген сөздөн чыккан. Илгери майрам учурунда эл ар кандай кейипкерлердин — күйөө баланын, колуктунун, дарыгердин, соттун, дин кызматчысынын, ошондой эле теке, кабан, аюу сыяктуу жаныбарлардын образындагы беткаптарды кийип, импровизациялык оюн-зоок көрсөтүшкөн.

Музыка жана бий майрамдын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аткарылган ырлар «берикул» деп аталат. Айрым аймактарда салттуу грузин күрөшү, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлөрдүн жарманкелери жана ат чабыштар уюштурулат.

Берикаоба — бул элдик карнавалдын бир түрү. Ага жаш-кары дебей баары катышат. Грузин эли бул салтты улуттук рухтун символу катары баалап, ата-бабалардан калган мурастарды сактоо жакшы жышаан деп эсептейт. Жыл сайын кыш мезгилинин аягында белгилешет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз