Жылына 10 млн жөжө чыгара турган инкубатор курулууда

0
5156
Fresh brown eggs on a transportation line on a modern poulty factory

Кемин районундагы «Агрокуш» базасында жылына кеминде 10 миллион жөжө басып чыгара турган ири инкубатор курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Объект менен катар 20 миң тоокко ылайыкталган сарай, 3,3 тонна тоңдурулган эт сактоочу кампа жана саатына 30 тонна жем өндүрө турган завод да курулуп жатат. Ишкананын иши менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев таанышты.

Маалыматка ылайык, долбоор ишке кирсе тоок этинин өндүрүшү 29 пайызга өсүп, жылына 15 миң тоннага жетет. Жем өндүрүшү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин көбөйөт. Ошондой эле жергиликтүү фермерлер жыл сайын ишканага 78 миң тоннадан ашык жүгөрү жана буудай сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Долбоор «талаадан ашканага чейинки» толук өндүрүш чынжырын түзүп, жаңы жумуш орундарын ачууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз