Уңгужол – улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикке карай

0
4583

       1991-жылы бардыгы “жогор жактан” чечилген доор аяктап, Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгына, эгемендигине ээ болуп, саясий эркиндикке чыкканы менен, идеологиялык жана экономикалык туңгуюкка кептелгендиги баарыбызга белгилүү.
     Коммунизм идеясы же тоталитардык режим – бардык союздук өлкөлөрдүн аң-сезимин бир нукта былкылдатпай кармап турган эле, эми ал сырткы жана ички күчтөрдүн тынымсыз аракетинин аркасында жок кылынды. Бирок, кызыгы, Кыргызстанда анын ордун алмаштыра турган улуттук идея даяр эмес эле. Ошол эле учурда даярданбай, алдын албай туруп, батыш “баалуулуктарын” киргизгенге шымалана киришкен күчтөр, аларды жигердүү жүзөгө ашырууга шашылган топтор чыкты. … алар жыйынтыгы кандай болорун ойлонушкан да жоктой.

«Жаңы баалуулуктар” көп адамга жакпаганы же каршы болгону менен, “көз карандысыздык” эйфориясы калың элдин катмарын магдыратып, кош көңүл кылып салды. Анын үстүнө “болбойт”, “туура эмес”, “камаласың”, “айдаласың” ж.б. деген коркутуулардан жадаган эл ашыкча эркиндикти бат эле “өздөштүрүп” алды. Ошол маалдагы бийлик улуттук идеология эмес, тамак-аш коопсуздугун чечүүнүн, токтогону калган экономиканы кантип жолго салуу-нун, башаламандык башталган чарбалардын, кароосуз калган завод-фабрикалардын “көйгөйүн” чечүүгө “кызыгып” кирип кетти.

Албетте, учурдан пайдаланган жаңы “реформаторлор” чыкты. Дыйкан-жумушчулардын, малчылардын ондогон жылдар бою маңдай тер төккөн мээнеттери, сыймыктары, мурастары (сыймыктары дегенибиз, ар бир тармак боюнча союзду дүңгүрөткөн Социалисттик Эмгектин Баатырлары чыккан эле) элге таратылды, бөлүнүп берилди, менчиктештирилди деген шылтоолор менен жылан сыйпагандай жок болду.

Эми баары эле жаман болгон дегендин өзү да туура эмес, ооба, эң биринчи жетишкендик, өлкөнүн көз карандысыздыкка жетишүүсү болду. Айрымдар айтып жүргөндөй, көз карандысыздык өзүнөн өзү эле келип калган жок. Көптөгөн курмандыктар болгон. Алар жөн эле курмандыктар эмес, улутман, сөзү иши менен айкалышкан жаратман, мамлекетчил, далай муундун жаны, каны, өмүрү менен келген эле. Аттиң, көп учурда мурунку жасалган эмгектер, эрдиктер бааланбай калгансыйт …

Ошентип эгемендиктин алгачкы жылдарында баш мыйзамдан тартып, улуттук символдорго чейинки өзөктүү деп эсептелген чечимдер кабыл алынып, айрым жер-суулардын аталыштарына өзгөртүүлөр кирип, тарыхый чындыктар орнотула баштаган. Аны танууга болбойт.

Бирок идеология дегенден коркуп калган эски партократ, жаңы демократтар, жаңы идеологияны сунуштагандан негедир карманып турушту. Эң кызыгы, коммунисттик партиянын ишин жүргүзгөн чоң кызматкерлер биринчилерден болуп, ошол советтик идеологияга “жийиркенгендерин” билдирип, макала жазып, аларды гезиттерге байма-бай жарыялагандар да чыкты. Анан кантип идеология жөнүндө сөз болсун. Кээде эл кичинекей бала сыяктуу болот тура. Баланы өз оюна койсоң, эрке-талтаң өсүп, ээнбаш, улуу-кичүүнү айырмалабаган, жүрүм-туруму бузулуп чоңоёт. Эл деле ошондой болду. Албетте, баары эмес, бирок көпчүлүгү мурункудай “кой, болбойт” деген чектөөлөр болбогондон кийин, эң негизгиси, мамлекет жумуш менен камсыздап, айлык акы бере албаган соң, бийликтин сөзү кыскарганын түшүнгөн коом, өзүн-өзү биле баштады. Алдуусу алсызын, жулунганы жулунбаганын ачыктан ачык талап-тоноого өттү. Тилекке каршы, кыргыз элинин дүйнөсүнө жат нерселер турмушка батыл аралаша баштады, анын баарын бул жерге батыруу да мүмкүн эместей. Бирок ушунун бардыгы “сөз эркиндиги, адам укугу, Кыргызстан – демократиялык аралча” ж.б. деген ураан-чакырыктар менен “чыгышталып” жатты. Батыштын “далыга чапкан кубаттоосун” алдыңкы жетишкендик катары караган, сыймыктанган учурларга да жеттик.

Эл арасында: “Аккан суу менен баскан эл дайым жол табат” деген накыл сөздүн чындыгы ушул экен, эл карайлап, жегенге эч нерсе таппай, буудай, жүгөрү аңыздарынан машак терип, арпа, загара нан жеп калганда, калк арасынан суурулуп чыккандар биринчилерден болуп, жан соогасы үчүн чет өлкөлөрдү кезди. Алыскы туугандарын эстеди, издеди… Соода деген түшүнүктөн алыс жашаган эл, жаңы коомдук түзүлүш “базар экономикасын” жаратып, өздөрү эле эмес, өлкөнүн жүгүн кошо көтөрө, кыйын-кезең кырдаалдан чыгууга далбас урду.

Ошол учурда гана бийлик элди бириктире турган идея керек экендигин түшүндү шекилди. Себеби жалаң гана экономикалык реформа, экономикалык идеология элди көпкө кармап тура албайт эле. Андыктан улуттун биримдигин чыңдоо, бекемдөө жана этностор аралык ынтымакты күчөтүү үчүн 1994-жылы 22-январда Кыргызстан элинин I Курултайында Кыргызстан элинин ассамблеясы түзүлүп, ал жерде “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген мамлекеттик маданий ураан кабыл алынды.

Алгач, аталган ураан эң жогорку деңгээлде эл тарабынан колдоо тапкан. Анткени байыркы мезгилдерден бери осуят болуп келе жаткан “Кулаалы таптап куш кылган, Курама жыйып журт кылган” кыргыз эли бул ураансыз деле башкалар менен канатташ, улагалаш жашаганды өз жанынан артык көргөн эмеспи. Үйгө киргенин төргө өткөрүп, бекиткен тамагын, жаңы төшөгүн салып бергенди адатка айланткан элге ал кыйындыкка деле турган жок. Ошентсе да айрым коомдук катмарларда мамлекеттик кызматтарда тең салмактуулук сакталбай жатат деген пикирлердин жаралышы, жумушсуздукка окшогон көйгөйлөр тууралуу коомчулукта сын пикирлер күчөп, анын натыйжасында жогорку ураан мамлекеттик риторикада мурдагыдай активдүү колдонулбай калды.

90-жылдары пайда болгон “Базар экономикасы” билим берүүнү, саламаттыкты сактоону да бизнеске айлантууга уруксат бергендигине байланыштуу өлкөлөр аралык келишимдер менен түзүлгөн университеттер, жеке менчик жогорку окуу жайлар, оорукана, клиникалар ачылды. Бул бизнес эле эмес, кайсыл бир деңгээлде элди алаксытуу да болчу. Советтик доордо агротармакты кармап туруш үчүн элдин азыраак, кичине гана пайызына жогорку окуу жайларда билим алууга уруксат берилген. Тактык үчүн белгилей кетели, 1990-жылга карата 58 000 студент окуган, ошол учурдагы элдин санына карата 1,5 пайыз, салыштыруу үчүн, учурда 234 000дин тегерегинде студент окуйт, бул 3,25 пайызды түзөт.

Ушул жерден советтик идеологиянын дагы бир учугуна токтоло кетели, советтик система он беш союздук республиканы экономикалык жактан бири-бирине ушунчалык чырмаптыр, майда өлкөлөр аны түйүнүн чечип алууга ондогон жылдарын коротушту. Бир эле мисал, машинанын тетиктери башка союздук өлкөлөрдө жасалат, чогултулганы башка жерде, же болбосо электр энергиясын Кыргызстан өндүргөн, Өзбекстан бөлүштүрүп берген. Жүндү, кызылчаны Кыргызстан өндүрүп, Украина жана Прибалтика өлкөлөрүнө жөнөтөт, ал жактан даяр товар болуп, кайра өзүбүзгө саткан. Мындай мисалдар ого эле көп, бул алардын бардыгын экономикалык жактан бири-бирине көз карандылыкка атайын алып келүү дегенди түшүндүргөн.

Ошентип 1995-жыл кирип келди. Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп, тышкы саясатта өзүнүн позициясын бекемдеши керек болгон. Мына ушунда, тээ 1930–1940-жылдары көтөрүлүп, бирок колдоо таппай калган “Манас” эпосу улуттук идеология катары айтыла баштады.

Эпостун миң жылдыгын белгилөө, манасчылык өнөрдү колдоо аракеттери улуттук өзөктү ойготууга багытталган маанилүү кадамдардан болду. Бирин-экин маданий комплекстер курулуп, атайын дирекциялар ачылган. Бирок бул аракеттер да көбүнчө маданий иш-чаралардын деңгээлинде калып, Манас идеясы идеологиялык модель катары калыптана албады. Эң сонун түзүлгөн “Манастын жети осуяты” элдин терең катмарына сиңбеди. Жеткирүү механизми жетишсиз болду өңдөнөт. Ооба, ага көптөгөн себептер тоскоолдук жаратты.

Демек, идеологиялык изденүүлөр башталды, уланды, бирок, системасыз жана көбүнчө реактивдүү мүнөздө жүрдү. Себеби 2003-жылы өткөрүлгөн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы өтө чоң масштабдагы, т.а., БУУ тарабынан да жактырылган иш-чаралардын бири болгон эле. Бирок, айрым тарыхчы адистер айтып жүргөндөй, биз Кыргыз мамлекетинин талкаланган учурун “майрамдаганбыз”. Кандай болгон күндө да, ошол иш-чара аркылуу Кыргыз мамлекетинин эң байыркы экендигин даңаза кылып алгандыгыбыз, өзгөчө, тышкы саясатта жетишкен ийгиликтеринин бири болуп калды десек жаңылышпасак керек.

2005-жылкы Март ыңкылабы саясий сис-теманын нугун башка жакка бурду. Кыргыз эли коомдо эң биринчи адилеттүүлүк болушу керек деген оюн так билдирди. Тилекке каршы, бул учурда да улуттук идеологияга көңүл буруу кийинки орунга коюлду. 2005-жылдын 30-декабрында гана атайын тескеме менен, курамы он тогуз адамдан турган Улуттук комиссия – жумушчу топ түзүлүп, төрагасына – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов дайындалган. Алар “Биримдик аркылуу өнүгүү” жана “Кыргыз элинин нарк-нуска макал-лакаптары – Улуттук идеологиясын” сунушташкан.

Ошол эле учурда алар менен катар, белгилүү окумуштуу Осмон Тогузаков башында турган топ, өз алдынча, эки вариантты: улуттук жана мамлекеттик идеологияны иштеп чыгып, улуттук идеология бөлүгү “XXI кылымда Кыргызстанды сактап калуу; мамлекеттин биримдиги, элдин ынтымагы” деп атап, анда бир топ орчундуу маселелер киргизилген.

Аталган долбоорлор өлкөнүн жогорку жетекчилигин ишенимдүү ынандыра албады көрүнөт. Токтоп калды, бир аз убакыт өткөргөндөн соң улуттук идеологияны жүргүзгөн Мамлекеттик катчылык институттун өзүн жоюп жиберишти.

2010-жылы өлкөдө саясий кырдаал дагы күчөп, кандуу төңкөрүш болуп өттү. 90го жакын адам курман болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болушту. 7-апрелде эмес, 8-апрелде төңкөрүшкө катышкан “революционерлер” бийликти ачык эле бөлүп, рейдерлик басып алуулар көп болду. Адилеттүүлүк орномок тургай, көп учурларда адилетсиздик бийик чекке жетти. “Көпчүлүккө көө сүртпөйлү”, бардык жерде эле болду дегенден тартынып турабыз. Себеби, жамааты ынтымактуу, биримдиктүү мекемелер өздөрүнүн чыныгы жетекчилерин коргогон, кызматтан кетирбей койгон учурлары да болду. Албетте, өздөрү кууган учурлары андан көп болду…

Адилет, кандай гана так айтылган сөз э?… Көрсө, адилеттүүлүктү кимдир бирөөлөрдөн эле талап кыла бербей, адилеттүүлүктү эң биринчи өзүңдөн башташ керек экен да.

Бул жылдары улуттук биримдикти, тышкы саясатты улуттук оюндар менен бекемдейбиз деген дымак менен “Көчмөн оюндары” башталды. Кыргыз элинин сыймыгы ойгонгон жок дегенден алыспыз, бирок кашайып, баары эле оюнду карап олтура бербейт экен да. Арасынан жек көргөндөрү да чыгат тура. Элдин баарына жагыш кыйын, эң коркунучтуу адам гана баарына жагам деп аракет кылат. Ошон үчүн комплекстүү аракет кылыш керек болчу. Анын үстүнө жалаң эле идеология деп үстүнөн түшүп алсаң мындан да жадагандар чыгат, элдин табияты ушундай бат эле жадап турат.

Мына ушундай шартта коомчулук өзү демилгелеп, уруулук курултайларды уюштуруп, өз алдынча “бийлерди” шайлап, түрдүү бирикмелерди түзө баштаган. Бийлик алардын демилгелерине эч кандай тоскоолдуктарды жаратышпады, оюна койду. Тетирисинче, улуттук деңгээлде белгиленген “Көчмөндөр оюну” сыяктуу дүйнөлүк иш-чараларда уруулардын эн тамгалары, туулары мамлекеттин Туусу менен катар көтөрүлгөн учурлар катталды. Азыр деле кайталанып жатат. Ал тургай мамлекеттик органдар, мекемелер да өзүнүн тууларын иштеп чыгып, аны өлкөнүн Туусу менен тирештирип, катар иле башташты. Ката, туура эмес дегендер болбоду. Желектердин, байрактардын жасалышына эч ким каршы эмес, бирок Кыргыз Республикасынын Туусу менен аларды бир катарга койгонго болбойт, мекеменин желеги өзүнчө жана башка жерде турушу керек дегендер болбоду же “кимдир бирөөлөрдүн” оюна келбеди окшойт.

Элдин сыймыгын ойготуучу, улутту бириктирүүчү күч жана байыркы элдигин илимий негизде далилдүү көрсөтүү үчүн “Алтай цивилизациясы” сунушталды. Албетте, бул сунушту илимий коомчулук, жарандык активисттер тарабынан жактыргандар да болду, кескин сынга алгандар да болду, айтор, уланбай токтоп калды.

Андан кийин өлкөдө ички саясий кармашуулар, ковид апааты улуттук идеология жөнүндө ойлоого мүмкүндүк бербеди окшойт.

2020-жылы күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен элдик толкундоолор чыгып, анын жыйынтыгы менен өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги алмашты. Өлкөнүн жетекчиси элдин талабына ылайык мамлекеттик башкаруу формасынан баштап, Баш мыйзамга чейин кескин өзгөртүүлөргө барды. Бирок баарынан мурда улуттук идеология-га өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти С.Н. Жапаров 2021-жылдын 29-январындагы № 1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө Жарлыгына кол
койду.

Жарлыктын аталышы айтып тургандай, элдин жашоосу оңолгону, өскөнү менен руханий жакырчылык, кайдыгерлик жөө тумандай каптап, коом ичинен ирип, түрдүү маданияттардын кагылышуулары көбөйүп, алар таңылоонун деңгээлине көтөрүлүп калган эле. Ар бир кызыкчылыктын көмүскө колдоо-чулары, сүрөөнчүлөрү болбой койгон эмес. Көпчүлүгү көмүскө колдоочулардын түпкү максаттарын түшүнбөй, түшүнгүсү келбей эле, финансылык кызыкчылыкка жетеленип, аларга курал болуп
берди.

Аталган биринчи Жарлык коомчулук, өзгөчө, илимий интеллигенция тарабынан абдан жакшы кабыл алынды. Аткарууга тез эле алынды. Бирок коомчулуктун терең катмары идеология катары кабыл алгысы келбеди. Себеби анын эң жөнөкөй жүйөөсү, Жарлыкта бир да идеология деген сөз киргизилген эмес. Ошондой эле Жарлыктын узун аталып калышы да себеп болду окшойт. Ага улай эле, тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы чыкты. Бул Жарлыкты туура эмес кабыл алгандар да чыкпай койгон жок. Негизги аргументтери “кыргыз элинин салтына каршы чыгуу, жоготуу” деп кабыл алгысы келгендер, айрыкча, интеллигенциянын айрым өкүлдөрү ачык сынга алды.

Ал эми Жарлыктын тексти менен толук тааныш болгондор, чынында эле, эсеби жок ысырапкорчулукту токтотушубуз керек деген көпчүлүк басымдуулук кылды. Атайын нускамалар иштелип чыгып, түшүндүрүү жана тыюу иштери жүрдү. Бирок, жаап-жашырымыш этип өткөргөндөр көбөйдү. Элдин билимдүү, илимдүү өкүлдөрү, айрым бийликте, кызматта тургандар деле той-топурду ашыкча ысырап менен өткөргөндү токтотушпады. Кары-картаң ата-апалар: “зыйнатымды кара мал союп өткөрбөсөңөр көрүмдөн туруп келем” деп коркуткандар да чыкпай койбоду. Алгач, илимий-маданий интеллигенция, мамлекеттик кызматкерлер жабыла аткарууга алат деген ишеним болгон, бирок тилекке каршы, ошол “юбилярлар” “моюн толгошту”. Демек, убакыт керек экен…

Ага катар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 157 “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгы чыкты. Башкача айтканда, биринчи Жарлыктар жаңыдан аткарылып баштаганда кийинкилери чыгып, бирин-бири толуктай баштады. Бирок бул документте да идеология деген сөз бир жеринде да колдонулган эмес.

Эмнеге дегенде, адамзатка идеология жакшылыктан жамандыкты көп алып келгендиги менен элдин эсинде абдан калыптыр. Алардын ачык мисалы, фашизм, нацизм, тоталитаризм ж.б.

Мурунку, кийинки идеологиялык иш-чараларды карагандан кийин, атайын жумушчу топ түзүлүп, алар бир жыл аралыгында долбоор иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Админис-трациясына киргизишти. Албетте, оңдоп-түздөө, кошумчалардан соң, Кыргыз Респуб-ликасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгы кабыл алынды. Ал мурунку идеологиялык аракеттердин логикалык уландысы катары сунушталды. Жарлык дээрлик жакшы кабыл алынды, айрым тилчилердин, коомдук ишмерлердин пикирлерин эске албаганда…

Советтик мезгил бизге атактуу окумуштууларды, жазуучуларды, маданий жана саясий ишмерлерди бериптир. Бирок алардын басып өткөн жолдорун карап турсаң өтө татаал болуптур. Анткени, ал доордо колдоодон да сындоо эң бийик деңгээлге чейин көтөрүлүптүр. Кээ бир сынды көтөрө албаган таланттар, карьерасын баштай электе эле сынышыптыр… Ошол сыңары маани-маңызына эмес, формасына, башкача айтканда, жазылышына тийишкендер, “оңдогондор” көп болду. Демек, акыркы 30 жыл илимде “застой” (сенек) болуптур дебеске арга жок  калды.

Ар бир элдин басып өткөн тарыхында көрүнбөгөн, бирок баарын бириктирип турган ички багыт болот. Ал мыйзам менен жазылбайт, ураан менен эле жаралбайт. Ал элдин эсинде, тилинде, каада-салтында, дүйнөнү таанып-билүү эрежесинде жашаган уңгужолу.

Уңгужол – бул идеология гана эмес. Ал дүйнөтаануунун кыргызча модели. Кыргыз коомунда мыйзамдан мурун – нарк, институттан мурун – адат, абийир, өкүмдөн мурун – уят иштеген. Мына ушул ички тартиптер, эрежелер элди мамлекеттүү кылбаса да, эл катары сактап келген. Уңгужолдун өзөгүндө адам – коом – мамлекет үчилтиги бири-бирине каршы эмес, бири-бирин толуктаган система түшүнүгү. Бул жерде мамлекет адамды басынтпайт, адам коомдон обочолонбойт, коом мамлекетти душман көрбөйт.

Эске ала турган жагдай, кыргыз улуттук деминин эң бийик көркөм жана философиялык туюнтмасы – “Манас” эпосу. Ал жөн гана баатырдык дастан эмес, коомду уюштуруунун, бийликти мыйзамдаштыруунун, элди бириктирүүнүн ачкычы. Айкөл Манастын күчү – жеке бир баатырдын күчү эмес, ал элдин деминен жаралган күч. Ошондуктан Уңгужолдо Эр Манастын образы эстетикалык символ катары гана эмес, дүйнөтаанымдык таяныч катары кабыл алынган. Себеби, кийинки-мурунку доорлордо кандай гана улуу инсан чыкпасын, улуу лидер чыкпасын, алар Манастын демине, осуятына жана жолуна таянышкан.

 

Заман, коом, баалуулуктар өзгөрдү, бирок улуттук дем эч качан эскирбейт. Балким, өзгөрүүгө ылайыкташат же жоголот. Бүгүнкү кыргыз коомунда негизги көйгөй улуттук демдин жоголушунда эмес, анын багытынын бүдөмүктүгү, башка маданий таасирлердин күчөшү, таңууланышы. Уңгужол дал ушул жерде өзүн көрсөтөт: ал элге – ким элек, ким болдук, ким болобуз? – деген суроону коёт. Кыргыз элинин дүйнөтаанымында, бай болуу, күчтүү болуу же адилеттүү болуу деген суроолор бири-бирине каршы келбейт. Адилет коом гана туруктуу өнүгөт, нарктуу эл гана бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшап, дүйнөлүк бийиктикке чыга алат.

Дүйнөлүк бийиктик башка элдерден үстөм болуу дегенди түшүндүрбөйт. Бул – өзүн элдигин жоготпой туруп, дүйнө менен тең сүйлөшө алуу дегенди билдирет. Дүйнөлүк бийиктик эне тилин сактап, нарк-насилин жоготпой, илим-билимде, маданиятта өнүккөн өлкөлөр менен атаандаша алуусу менен аныкталат. Демек, дүйнөлүк бийиктикке чыгуу үчүн биринчи кезекте улуттук демди тактап алуу керек.

Уңгужолдун күчү анын эс-тутумунда. Элдин баскан жолу эскерилип турбаса, ал унутулат. Унутулган нерсе оңоюу менен калыбына келбейт. Дагы бир коркунуч бар, эгер Уңгужол мыйзамдардын тизмесине айланып калса, ал өлөт. Мыйзам бул жансыз эрежелер, алар коомчулук каалаган күнү каалагандай өзгөртүп алышы мүмкүн. Ал эми Уңгужол тирүү организм сыяктуу, коомдун, акыл-эстин өзгөрүшүнө жараша ылайыкташып кете берет, анын уникалдуулугу мына ушунда.

Кыргыз эли көөнө тарых жолунда, көп ирет мамлекеттүүлүгүнөн ажыраган, бирок элдүүлүгүнөн, өз жолунан ажыраган эмес. Анткени Уңгужол дайым коштоп жүргөн.

Ошол эле учурда Уңгужолду абстрактуу философия катары караганга да болбойт. Анда улутту далай жолу сактаган, коомду иретке келтирип турган так багыттар бар. Бул багыттар бири-бирисиз жашабайт, анткени бир тамырдан чыккан өзөк сыяктуу, өзөгү бөлөк көрүнгөнү менен тамыры менен бутактары бири-бирине биригип турат. Уңгужолдо белгиленген 7 багыт – 7 өзөк (7-багыт: Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият, Айлана-чөйрө, Экономика, Мамлекеттик тил, Социалдык мамилелер, Дене тарбия жана спорт, Дин), 4 бөлүм – 4 кабык. 4 кабык 7 өзөктү ороп турат (4 бөлүм: Кыргыз жери, Кыргыз эли, Улуттук сыймык жана жарандык мекенчилдик, Кыргыз жараны).

Жети багыттын мааниси – элди жасалма ураан менен эмес, ички жоопкерчиликтин алдында бириктирүү. Анткени кыргыз тарыхы тастыктап келгендей, элди күч менен эмес, ишеним менен башкаруу ийгиликтүү натыйжа берген. Уңгужол дал мына ошол ишенимди кайрадан калыптандырууну көздөйт. Ошондуктан ишеним алгач мамлекетке эмес, адегенде адамдын өзүндө, абийиринде болушу керек. Демек, Уңгужолдун негизги дареги – мамлекеттик кызматкерге эмес, кыргыз жаранына багытталган. Ал эми белгиленген 7 багыт, кыргыз жаранынын калыптанышынын куралы, тепкичи, ийгилик сырынын ачкычы болуп саналат.

Уңгужолдун кошумча төртүнчү бөлүмү мындан да терең. Алар кыргыз коомунун өзөгүнө түздөн-түз тиешелүү болгон түшүнүктөрдү кайрадан тактап берет. Мекенчилдик бул жөн эле кургак патриоттук сезим катары эмес, жоопкерчилик катары берилген. Мекенди сүйүү – аны мактоо, даңазалоо гана эмес, аны биринчи кезекте сактоо, бузулганын оңдоо, өнүктүрүү, булар колуңдан келбесе – уят кылбоо. Кыргыз дүйнөтаанымында мекен – ата-бабалардан калган мурас гана эмес, кийинки муунга өткөрө турган аманат. Андыктан чыныгы мекенчилдик сөздө эмес, иште далилденет.

“Кыргыз жараны” түшүнүгү да Уңгужолдо өзгөчө маани менен берилген. Түшүнгөндөр үчүн, бул этностук чектөөлөргө негизделген түшүнүк эмес, улуттун же өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн жарандык позиция. Кыргыз жараны – бул мамлекеттен талап кылганды гана билген адам эмес, мамлекет үчүн эң ириде жоопкерчилик алган адам. Мындай жарандар мыйзамды корккондуктан эмес, абийир, ар намыстуулуктан улам сактайт. Уңгужолдун кыска вазийпасы дал ушундай жаранды тарбиялоону көздөйт.

“Кыргыз эли” түшүнүгүнө бир этнос эмес, Кыргыз Республикасынын территориясында жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү кирет. Ал жерде тилдик, диндик, расалык таандыктар каралбайт, кароого жол да берилбейт. Эл бул жөн гана калк эмес, алар орток тагдырды, орток эрежени, орток жоопкерчиликти моюндарына бирдей алган жамаат. Кыргыз элинин тарыхый күчү анын бириге алганында эмес, бөлүнбөй сакталып тургандыгында. Уңгужол ушул асыл сапатты заманбап шартта кайра жаратууну көздөйт.

“Кыргыз жери” экономикалык ресурс же географиялык чек катары каралбайт. Ал баарыбыз үчүн – тарых, эс-тутум, ыйык жер. Кыргыз жери – кыргызстандыктар дем, күч алуучу касиет. Тоо, суу, жайлоо, өрөөн мунун баары адам өмүрүнүн көз ирмемдери. Жерге болгон ыйык милдет жаратылышты сактоо же өстүрүү менен гана чектелбейт, ал ошол жердик элдин руханий байланышын да бириктирет.

Жыйынтыктап айтканда, Уңгужол сырткы коркунучтарга эмес, дал ушул ички коркунучтарга карата сунушталган руханий азык. Ички маани-маңызын жоготкон улуттук баалуулуктар кийинки муун тарабынан колдонуудан чыгып, башка, чет элдик маданияттарды “тирилтип”, өзүнүкүн чанып, жийиркенген, кош көңүл, кайдыгерчилик баскан заман орносо, миңдеген жылдык тарыхы бар эл жок болбой койбойт. Тарых тастыктагандай, көптөгөн өлкөлөр цивилизациянын жоктугунан эмес, ошол цивилизацияны көтөрө албай жок болгон.

Уңгужол өткөнгө кайтууну эмес, өткөндү түшүнүп, келечекке багыт берүүнү көздөйт. Катуу айтканда, кыргыз коому бүгүн тандоо-нун алдында турат: же сырттан келген моделдерди механикалык түрдө көчүрүп, өзүн өзү жоготот, же өз уңгусуна таянып, дүйнө менен тең ата сүйлөшкөнгө жетишип, көп элге үлгү болор.

Албетте, бул жол жеңил эмес. Ал тынымсыз эмгекти, сабырдуулукту, чыдамдуулукту, негизгиси ички тартипти талап кылары шексиз. Таң калыштуусу, кыргыз тарыхында эң оор жолдор эң туруктуу жыйынтыктарды берген, таң …

Уңгужол да ошондой жол. Ошондо гана улуттук дем ойгонуп, дүйнөлүк бийиктик
ураан эмес, табигый жыйынтыкка айланат.

 

Октябрь КАПАЛБАЕВ,
И. Арабаев атындагы
КМУнун профессору,
тарых илимдеринин доктору

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз