Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушуу Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында өтүп, тараптар кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.
Тараптар БУУнун тынчтыкты бекемдөөдөгү жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүдөгү ролун белгилеп, мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдиришти. Айрыкча уюмдун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган «БУУ-80» демилгесине көңүл бурулуп, реформаларды колдоо маселеси талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстан 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрү, 2027-жылы «Бишкек+25» саммитине даярдык жүрүп жатканы маалымдалды. Министр Антониу Гутерришти аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.


