Венгриянын Украина үчүн каралган 90 миллиард евролук кредиттик программага вето коюшу Европа Биримдигинин ичинде катуу сын-пикирлерди жаратты. Биримдиктин жогорку жетекчилиги бул кадамды «чын ыкластуу кызматташуу» принциптерине каршы келет деп баалады.
Каржылык жардам программасы былтыр декабрда ЕБге мүчө мамлекеттердин лидерлери тарабынан узак сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашылган. Документ мыйзамдык процесстин акыркы этабына жетип, алгачкы төлөмдөр апрель айынын башында берилиши күтүлүп жаткан. Бирок Венгрия энергетика маселесине байланыштуу талаш-тартышты жүйө кылып, программага бөгөт койду. Венгрия менен катар Словакия жана Чехия да ага катышуудан баш тарткан.
ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас бул чечимди өкүнүчтүү деп атап, ал Биримдиктин келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташуу принциптерине толук шайкеш келбей турганын билдирди.
Ал эми Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан дарегине кат жолдоп, 27 өлкө лидерлери кабыл алган чечимдер аткарылышы керектигин эскертти. Анын айтымында, консенсус менен кабыл алынган милдеттенмелерди бузуу жалпы ишенимге доо кетирет.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон да бул позицияны колдоп, акыркы саммитте берилген саясий убадалар сөзсүз аткарылышы керек экенин белгиледи.


