Эми мал каттоонун жаңы белгиси киргизилет

0
2513

Министрлер кабинети 2025-жылдын 3-мартындагы №105 токтому менен жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды идентификациялоого байланыштуу жобого өзгөртүүлөрдү бекитти. Жаңыртуулар мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү жана малды визуалдык идентификациялоо жол-жобосун тактоо максатын көздөйт.

Жаңы тартипке ылайык, бодо малды, жылкыларды, эшектерди жана качырларды идентификациялоодо микрочиптер менен катар кошумча «i» белгиси колдонулат. Бул белги суюк азот аркылуу жаныбардын сол жагына — сан бөлүгүнө же жаактын ылдый жагына басылат.

Мындай ыкма мурда каттоодон өткөн малды көзмө-көз таанууну жеңилдетип, аларды сатуу же алмаштыруу учурундагы тобокелчиликтерди азайтууга багытталган.

Жобо расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз