Жоголуп бара жаткан таш бакаларды сактап калуу аракети жүрүүдө

0
1985

Эквадорго караштуу Галапагос аралдары курамындагы Флореана аралында дээрлик 150 жыл мурда жоголуп кеткен ири таш бакалар кайра кайтарыла баштады. 20-февралда аралга 158 жаш гибрид таш бака коё берилди. Бул кадам жергиликтүү экосистеманы калыбына келтирүү долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Жашы 8ден 13кө чейинки жаныбарлар жаңы аймакка көнө баштады. Адистердин айтымында, алар жапайы шартта өз алдынча жашоого жетишерлик чоң жана аралга сырттан алып келинген келемиш, мышык сыяктуу жырткычтардан коргоно алышат.

Долбоор боюнча жалпысынан 700 таш баканы этап-этабы менен коё берүү пландалууда. Адистердин маалыматына ылайык, коё берилген гибриддердин геномунда жоголуп кеткен Chelonoidis niger түрүнүн 40–80% генетикалык материалы сакталган. Бул түр болжол менен 150 жыл мурда толук жок болуп кеткен деп эсептелет.

Илимпоздор эң туруктуу генетикалык линиясы бар жаныбарларды тандап, келечекте Флореана таш бакаларынын баштапкы өзгөчөлүгүн мүмкүн болушунча калыбына келтирүүнү көздөшүүдө.

Эки кылым мурда Флореанада 20 миңге жакын ири таш бака жашаган. Бирок кит уулоочулук, ири өрттөр жана адамдын көзөмөлсүз чарбалык ишмердүүлүгү алардын толук жок болушуна алып келген.

Бүгүнкү күндө Флореана — аянты 173 чарчы чакырым болгон, Тынч океандын ортосунда жайгашкан, экологиялык жактан өзгөчө маанилүү арал. Бул жерде 200гө жакын адам жашайт. Ошондой эле фламинго, игуана, пингвин, чардак жана шумкар сыяктуу жаныбарлар бар. Бирок сырттан алып келинген өсүмдүктөр (мисалы, ежевика, гуава) жана жаныбарлар (келемиш, мышык, чочко, эшек) жаңы коё берилген таш бакалар үчүн коркунуч жаратат.

1978-жылы Бириккен Улуттар Уюму Галапагос аралдарына Дүйнөлүк жаратылыш мурасы макамын ыйгарган. Бул чечим аралдардын уникалдуу, дүйнөнүн башка жеринде кездешпеген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо максатын көздөйт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз