Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Райондун акими Чыңгыз Бапаев Мамлекет башчысына аймактагы учурдагы абал жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат берди. Жолугушууда райондун негизги көрсөткүчтөрү жана өнүгүү багыттары талкууланды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы райондо 108 чакырым жол асфальтталып, 2026-жылы дагы 123 чакырым жолго асфальт төшөө пландалууда. Ошондой эле калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 17 айылга суу жеткирүү долбоору ишке ашырыла баштаган. Мындан тышкары, агынды сууларды чыгаруу системасынын курулушу жүрүп жатат.
2025-жылы Кара-Суу районунун экономикасына 5,6 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган.
2026-жылы райондо бир катар өнөр жай объектилерин ишке киргизүү пландалууда. Алардын катарында кирпич заводу, аккумулятор заводу, арматура чыгаруучу ишкана, таш майдалоочу ишкана, асфальт-бетон заводу, сүт азыктарын кайра иштетүүчү цех жана канаттуулар фермасы бар.
Ошондой эле райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Атап айтканда, райондук оорукананын имараты эскирип калгандыктан, жаңы заманбап медициналык мекеме куруу зарылдыгы айтылды.
Негизги милдеттердин катарында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну улантуу жана көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча ипотекалык долбоорду ишке ашыруу каралган.
Жыйынтыгында Садыр Жапаров аймактарды комплекстүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, пландалган долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун, инвестиция тартуунун жана калктын жашоо сапатын жогорулатуунун зарылдыгын баса белгиледи.