Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Кара-Сууда жаңы медициналык борборду ачты

Садыр Жапаров Кара-Сууда жаңы медициналык борборду ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Бүгүнкү күндө борбордо жалпысынан 1082 медицина кызматкери эмгектенип, амбулатордук жана диагностикалык кызматтардын кеңири түрүн көрсөтүшөт. Жаңы имарат төрт кабаттан турат (анын ичинде жертөлө кабаты бар), жалпы аянты 3000 чарчы метрди түзөт. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалган.

Имаратта административдик бөлүмдөр, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөр үчүн атайын кабинеттер жайгашкан. Борбор компьютердик томография (КТ), УЗИ аппараттары, рентген, эхокардиография, ЭГДС, флюорография, фиброскан сыяктуу жогорку технологиялуу жабдуулар менен жабдылган.

Президент Садыр Жапаров борбордогу дарылоо-диагностикалык бөлмөлөрдү, анын ичинде гематология, рентгенография, флюорография жана ультраүндүк диагностика бөлүмдөрүн көрүп чыкты. Мамлекет башчысы медицина кызматкерлери менен да кыскача маектешип, алардын эмгек шарттары жана мекеменин жабдылышы тууралуу кызыкты.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлерин өз милдеттерин ак ниет аткарууга чакырып, бул кесиптин жоопкерчилиги жогору экенин белгиледи. Айлык акыны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске салып, мамлекет мындан ары да аны көбөйтүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу багытында аракетин улантарын айтты.

Жаңы объекттин ишке берилиши медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатып, бейтаптардын күтүү убактысын кыскартууга жана кызматкерлер менен райондун тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө өбөлгө болот

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар