Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров православдык жарандарды Пасха майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда Пасха майрамы жашоонун, ишенимдин, жакшылыктын жана кайрымдуулуктун символу экенин белгиледи. Анын айтымында, бул майрам адамдарды жакшы иштерге шыктандырып, үмүттү бекемдеп, тынчтыкка жана ынтымакка умтулуусун күчөтөт.
Президент Кыргызстанда ар түрдүү этностор менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда өз ара урматтоо жана толеранттуулук салты калыптанганын баса белгиледи. Ошондой эле Пасха майрамы конфессиялар аралык диалогдун, биримдиктин жана жарандык тилектештиктин маанисин эске салган маанилүү күн экенин айтты.
Садыр Жапаров мамлекет дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, коомдук ынтымакты бекемдөө жана руханий ар түрдүүлүктү сактоо багытында туруктуу саясат жүргүзүп келерин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда ал бул жарык майрам ар бир үйгө кубаныч, жылуулук жана бакубатчылык алып келип, тынчтык жана ишеним тартуулашын каалап, жарандарга чың ден соолук, бакыт жана ийгилик тиледи.