whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаМинистрлик жер семирткичтерди колдонуу боюнча эскертти

Министрлик жер семирткичтерди колдонуу боюнча эскертти

Минералдык жер семирткичтерди ашыкча колдонуу экологияга жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эскертти.

Семирткичтердин өлчөмү жана колдонуу мөөнөтү агрономиялык талаптарга ылайык лабораториялык анализдердин негизинде аныкталышы керек.

Ошондой эле жаз жана жай айларында өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү абдан маанилүү. Антпесе, түшүмдүн көлөмү да, сапатына да олуттуу таасир берет.

Өсүмдүктөрдү коргоо боюнча негизги чаралар:

  • зыянкечтерге каршы — инсектициддерди колдонуу;
  • илдеттерге каршы — фунгициддерди колдонуу;
  • отоо чөптөргө каршы — гербициддерди колдонуу.

Ошондой эле министрлик химиялык каражаттарды колдонууда адис менен кеңешүүнү жана жеке коргонуу каражаттарын колдонууну эскертти.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар