Башкы беткеСаясат жана коомКоомМамлекеттик алымды онлайн төлөө системасы ишке кирди

Мамлекеттик алымды онлайн төлөө системасы ишке кирди

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургул Бакированын катышуусунда мамлекеттик алымды онлайн төлөө системасынын пилоттук түрдө ишке кириши боюнча презентация өттү.

Маалыматка ылайык, жаңы санариптик система жарандарга мамлекеттик алымды үйдөн чыкпай эле мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө шарт түзөт. Азырынча сервис «Элдик» тиркемеси аркылуу жеткиликтүү, жакын арада ага «МБанк», «Бакай Банк» жана башка банктар да кошулары айтылды.

Ошондой эле sot.kg сайтына алымды эсептөөчү онлайн-калькулятор жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик алым — бул сотко кайрылууда, юридикалык мааниге ээ документтерди алууда же башка юридикалык аракеттерди жасоодо төлөнүүчү милдеттүү төлөм. Аны жеке адамдар да, юридикалык жактар да төлөшөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар