whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖапарова менен Мирзиёева Будапешттеги музыка үйүнө барышты

Жапарова менен Мирзиёева Будапешттеги музыка үйүнө барышты

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёева Венгриянын борбору Будапешт шаарындагы Мажар музыкасынын үйүнө барышты. Маалымат Айгүл Жапарованын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.

Айымдарды маданий борборго Венгриянын премьер-министринин жубайы Анико Леваи жеке чакырган.

Мажар музыкасынын үйү — интерактивдүү, көргөзмө жана концерттик форматтагы заманбап маданий борбор болуп саналат. Бул жайда европалык жана венгр музыкалык маданиятынын калыптанышынан бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү тарыхы сунушталып, мультимедиялык жана интерактивдүү элементтер аркылуу коноктор менен бөлүшүлөт.

Көргөзмөнүн өзгөчө бөлүгү катары улуу манасчы Саякбай Каралаевдин аткаруусунда «Манас» эпосунан үзүндү тартууланган. Көргөзмө авторлорунун айтымында, кыргыз фольклору венгр фольклордук музыкасынын өнүгүшүнө салым кошкон маданий булактардын бири катары көрсөтүлгөн.

Айгүл Жапарованын бул маданий иш-чарага катышуусу президент Садыр Жапаровдун Венгрияда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине барган расмий сапарынын алкагында орун алды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар