Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Сүйүнбек Омурзаков азык-түлүк коопсуздугу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, көпчүлүк өлкөлөрдө тамак-аш продукциясынын сапатын текшерген атайын системалар иштеп, рыноктогу азыктардын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Кыргызстанда да ушундай механизмди киргизүү зарыл.
Депутат “Кыргыз Сапаты” аттуу атайын сапат белгилөө системасын түзүүнү сунуштап, өлкөгө сапаты төмөн азык-түлүк көп кирип жатканын белгиледи. Анын пикиринде, мындай продукциялар жарандардын ден соолугуна, айрыкча балдардын өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.
“Эгер азык-түлүктүн сапаты начар болсо, элдин саламаттыгы да начарлайт. Ошондуктан сапатты көзөмөлдөөчү улуттук система зарыл”, — деди ал. Ошондой эле депутат совет мезгилиндеги “сапат белгиси” тажрыйбасын мисал келтирип, эгер “Кыргыз Сапаты” системасы киргизилсе, жарандар товарды сапатына карап тандоого көбүрөөк көңүл бура баштарын белгиледи.
Анын айтымында, бул демилге ички рынокто сапаттуу продукцияны колдоого жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жардам берет.
