Башкы беткеЖогорку КеңешБШК курамын кыскартууну ЖК колдоду

БШК курамын кыскартууну ЖК колдоду

Жогорку Кенештин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун жана «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.

Долбоорго ылайык, БШК беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, сегиз мүчөдөн турат (азыр — 12 мүчө). Жогорку Кеңеш курамдын жарымын президенттин сунушу боюнча, калган жарымын өз демилгеси менен шайлайт, мында бир жыныстагы адамдардын үлүшү 70%дан ашпоосу эске алынат.

Мыйзам долбоорлорун депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев жана Талайбек Масабировдор демилгелеген.

Алардын белгилешинче, мыйзам долбоорлору Кыргызстанда шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар