Көркөм сүрөт окуу жайынын акыркы курсунда окуп жатканымда, Маданият министрлигинен комиссия келип, Мампландын чечими боюнча бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү башталды. Мени М.В. Фрунзенин үй-музейине башкы сүрөтчү кылып жиберүүнү макулдашып, жолдомо дайындап коебуз деп кетишти.
… Музейдин директору Калипа Арыкбаева эже жакшы кабыл алып, чакан коллективин чакырып, мени жакшылап тааныштырды. Калипа эже менин биринчи насаатчым болду десем эч жаңылбайм. Кыргызда бир макал бар “Жакын турган тоодон улам алыстай берсең тоонун бийиктиги ошондо билинет” деген. Чынында апамдан кийинки мени турмушка үйрөткөн, турмуштун ар кандай кырдаалында мени туура жакка багыт берген Калипа эже болду.
1966-жылы жаңы салынуучу М.В.Фрунзеге арналган музейдин долбоору бекип, пайдубалы курула баштаптыр. М.В.Фрунзенин ата-энеси, ал туулган, чоңойгон үйү өз калыбына келтирилип, ошол бойдон сакталып, “негизги экспонат” катары болсун деп чечилиптир. Музейдин курулушу 2-3 жылга созулуп, Кыргызстан Компартиясынын 1-катчысы Турдакун Усубалиевдин жеке көзөмөлүндө болуп, ошол убакытта салынган музей Орто Азия боюнча бирден-бир көзгө көрүнүктүү, монументалдык чоң имаратка айланды.
Музей бүткөнчө, иш токтолбой, экспозиция боюнча пландар жазылып М.В.Фрунзе жана анын тарапташтары жөнүндө материалдар топтолуп, Борбордук архивтерден да материалдар изилденип, келечек музейдин экспонаттары акырындап толо баштады. Музейдин илимий иштер боюнча бөлүмдү Кулешова Людмила Васильевна, музейдин фондусун Эралиева Ширин эже, башкы илимий кызматкер болуп Чекирова Гуля Абышовна, илимий кызматчылар Садыбакасова Тинатин, Шилова Эльвира Николаевна, Люда Балакировалар иштеп турушту, кийинчерээк Зухра Жаманкулова кошулду. Эркектен жалгыз мен эле болуп, баркым бат эле көтөрүлгөнсүп калды. Көзөмөлдөп, тазалыкты карап турган Мария Ивановна деген байбичебиз да бар болчу, “бабуля” деп койсок таарынып калчу.
Музейди курууда, анын экспозициясын түзүүдө Калипа Арыкбаеванын эмгеги өтө зор болду. Эже эч тартынбай, кыйынчылыктарга карабай, кудай берген акылы, көрөгөчтүгү, өжөрлүгү менен музейди салдырууда чоң ишти мойнуна жүктөп алып аны аткарды жана билгендерге унутулгус эстелик калтырып кетти.
Музейдин долбоорун көтөрүп алып, Борбордук Комитеттин секретары Б.Т.Мураталиевке улам бара берип, жетишээрлик каражат алууга да жетишти. Ал тургай шаардын башкы архитектору Кутеталидзе баштаган архитекторлор, художник-монументалисттер: Воронин, Каменский, С.Бакашевдер менен талашып-тартышып, бул жагынан адис болбосо да, Москва, Ленинграддан эксперттерди чакырып келип, көп нерселерди өз учурунда оңдотуп, өзүнүн салымын кошту. М.В. Фрунзенин кызын чакыртып келип, алардын туугандарын таап, Москва, Ленинград шаарларынан адистерди чакырып, алардын жол киресин, каражаттарын төлөп берип, айкели жасатылган. М.В.Фрунзенин бул айкели 2-этажга коюлмак, аны куйдурганда (дюраль болсо керек) скульпторлор размерин эске албай бир бүтүн кылып куюп коюшат.
Ошентип айкел, 2-этажка коюлмак турсун 1-этаждын эшигинен батпай калды. Шаардан ал металлды кесип, кайра чогултканга адис табылбай, мени Ленинградка жиберди. Мен Ленинград шаарынан издеп жүрүп, адис таап, кошо алып келдим. Адистин жардамы менен М.В.Фрунзе 2-этаждан өз ордун тапты.
Муну менен эмнени айтмакчымын: бул кыймылдын баары акча менен чечилет. Жетекчи керт башы менен жооп бере турган иштер чектен чыкса түрмө менен бүтүшү да мүмкүн. Ошонун баарын ойлонуп, адистер, экономисттер, бухгалтерлер менен кеңешип, сметага киргизип жогорку жактан бекитилгенден кийин гана ишке ашат. Мунун баарын Калипа Арыкбаевна жетекчи катары ишке ашырганында. Ал убакта жеп-ичмек тургай, мык алсаң да документ алчусуң.
Эсимде 1968-жылы “Түркстан фронту баскан жол менен” деген атайын экспедиция уюштуруп, анын катарына Түштүктө басмачылар менен кармашып, Совет өкмөтүн түзүүгө түздөн түз катышкан, эл менен кыргызча да, өзбекче да сүйлөшө билген Виктор Антонович Маргайтис (улуту латыш) кошулуп, жетекчиликке музейдин илимий иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Л.В.Кулешованы дайындап, илимий кызматкерлер Гуля Абышовна Чекировнаны, Марат Оморовду жана сүрөтчү катары мени кошуп, автобазадан автобус жалдап, экспонаттар табылса сатып алганга акча таап, Түштүккө жиберди. Биз план боюнча Кыргызстандын түштүгүн, алтургай, Өзбекстандын кыштактарын кыдырып согуш ардагерлерин таап, аларда сакталган: кылыч, мылтык, кийим жана буюмдарды сурап да, сатып да алып, көп мүлк менен, ырасталган документтерди да таап, аман-эсен, тастыктап, далай жол басып, жарым ай жүрүп келдик.
Мунун баары музейдин экспозициясында колдонулду. Экспонаттарды тандап, издеп таап, анан аларды сактоодо Ширин Эралиева эженин эмгеги да чоң болгон. Калипа Арыкбаевна илимий кызматкерлерин жыл сайын бюджет аркылуу чоң шаарлардагы ири музейлерге стажировкаларга жиберип турчу.
1975-жылы музейдин 50 жылдыгында, музейдин директору К. Арыкбаева “Эл достугу” ордени менен сыйланды.
1974-1975-жылдары М.В.Фрун-зенин музейинде илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеп турган мезгилде мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду: 1974-жылы күзүндө Кыргыз Республикасынын 50 жылдыгына арналган салтанаттуу юбилейге СССР Министерлер Советинин Председатели А.Н.Косыгин келип, биринчи эле күнү көрүнүктүү полководец М.В.Фрунзенин музейин көрүүгө келет деп калды. Директорубуз Калипа эже ооруп калгандыктан, А.Н. Косыгинди мен тосуп алып, музейдин экспозициясы менен тааныштырып чыктым. Коштошоордо өтө мээримдүүлүк менен, жумшак, назик колу менен менин колумду бек кысып, ыракмат айтып, ийгилик каалады. Кийин жолдошторума айтып, дегеле ошондон бери колумду жууй элекмин, деп тамашалап жүрдүм.
Музейде иштеп жүргөндө Советтер Союзунун Маршалдары: К.С.Москаленко, Н.Г.Лященко жана СССРдин маданият министири Е.А.Фурцева менен да жолугушкан күндөрүм эсимден чыкпайт.
Ал тургай 1972-жылы Москвага барганымда Фурцева Екатерина Алексееванын колунан “Айылды маданияттуу тейлөөнүн отличниги” деген төш белги алдым. Өкүнгөнүм: ушундай улуу адамдар менен өз учурунда сүрөткө түшпөй калганым.
1975-жылы Күлүйпа Кондучалова мени өзү ээрчитип барып, ошол убактагы Фрунзе шаардык партия комитетинин 1-катчысы Карыбек Молдобаев менен менин кандидатурамды макулдашып, Фрунзедеги сүрөт окуу жайына директор кылып жиберди. Ошол кезде мен 27 жашта элем.
Табылды БАЙБОСУНОВ, профессор, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси