whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом«Кыргыз-казак мамилелери: тарыхый сабактар жана азыркы заман»

«Кыргыз-казак мамилелери: тарыхый сабактар жана азыркы заман»

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыргыз-казак мамилелери: тарыхый сабактар жана азыркы заман» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, анын ишине президенттин кеңешчиси, Кыргыз эл жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиев, УИАнын тарых жана этнография институтунун директору А.Асанканов, профессорлор О.Ормушев, Тынчтыкбек Чоротегин, К.Молдокасымов, Д.Сапаралиев баштаган кыргызстандык окумуштуулар, Казакстан тарыхчылар жамаатынын президенти, академик М.Койгелдиев, Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун деректиринин орун басары Ш.Тилеубаев, Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору, Набижан Мухаметхан уулу, тарыхчы Р.Оразов баштаган казакстандык окумуштуулар катышты.

КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыздар менен казактар бир тууган элдер” деген чакырыгына токтолуп, конференция бул чакырыктын мазмунун илимий деңгээлде ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

Акыркы айлардагы кыргыз-казак элдеринин ортосуна бүлүк салууга аракеттерден улам Президент Садыр Жапаров атайы билдирүү жасап, мындай чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырып, боордош элдердин бир туугандык мамилесин бекемдөө маанилүү экенин белгилеп, тынчтыкты жана ынтымакты сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин эске салган эле.

Көп кылымдык тарыхый жакындыктын тажрыйбасын ата-бабаларыбыз: “казак, кыргыз – бир тууган” деген бир сап, бирок терең маанилүү сөз менен туюнтуп келишкен.

Кыргыз-казак достугу жөнүндө сөз болгондо мен айтылуу казак акыны Жубан Молдогалиев агабыздын мынабу саптарын такай кайталап келем:

Мен – казакмын, кыргыз ал – туушканым,
Бирге тарткан буудандын куюшканын.
Энебиз да кара көз бир кыз, балким,
Бөлүп берген эгизге бир ууч нанын!

Тилекке каршы, эки элдин эзелтен калыптанган ынтымагын көрө албай, эки ортого чок салгысы келген чагымчылар да четтен чыгып жатат.

“Көчмөнчүлүк, жоокерчилик замандан бери канча суу акты, канча мезгил өттү. Азыр заман башка. Кыргыз менен казак азыркы улуттук мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо, ынтымакты бекемдөө менен алектенишибиз зарыл.

Бизди кылымдардан бери келаткан жакындыгыбыз, куда-сөөктүк таттуу мамилебиз артып баратканы сыймыктандырыш керек.

Бир тууган эки элдин достугун кадырлаган кыргыз менен казактын аң-сезимдүү жана билимдүү азаматтары айрыкча жаштары андай чагымчыларга жем болбойт деп ишенем!

Кыргыз-казактын мыкты уул-кыздары тарыхты объективдүү изилдөөгө тап коюп, чагымчыларды тыюуга күч үрөп, түбөлүк достукту андан-ары чыңдоого өз салымын кошо берет деп ишенем!” – деген эле С.Жапаров.

Татаал тарыхый мезгилди илимий негизде талдоо аркылуу гана биз өткөндөн сабак алып, бүгүнкү жана эртеңки бир туугандыкты чыңдай алабыз. Андыктан  эки элдин ортосундагы диалог жана түшүнүшүү үчүн илимий жана маданий аянтчалар абдан зарыл.

Эгер эки элдин тарыхын изилдей келсе, эки элди араздаштырганга караганда, аларды жакындата турган жагдайлар көп. Анын башаты тээ илгери Манас бабабыздан башталат. Кыргыз-казак мамилелери тарыхтын терең катмарларынан орун алган.

Казактардын ханы Айдаркандын эр Көкчө Манас атабыз менен жоону сайса бир сайып, жоону сүрсө бир сүргөн «Манас» эпосундагы башкы каармандардын, эр жүрөк, акылман баатырлардын биринен. Ал “Манас” дастанынын башынан аягына чейин катышат. Көкчө баатырдыгы эң алгач Нескара баатыр менен болгон кармашта көрүнөт. Эр Көкчө гана эмес анын атасы Айдаркан да кыргыздар менен муңдаш, сырдаш
болгон.

Көкчө Манастын башка баатыр чоролорундай эле Чоң казатта окко учат. Эпосто:

Айдаркан уулу эр Көкчө,
Сары арканы жердеген,
Салышып душман жеңбеген.
Бетегелүү белде өскөн,
Берекелүү жерде өскөн,
Найза алып бойлогон,
Айбалта чаап ойногон,
Көк ала сындуу ат миңген,
Көк ырапыс тон кийинген,
Күткөн малы кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Ар бууданы ар башка,
Бул Айдаркан уулу көй кашка, – делип мүнөздөлөт.

Андан бери келгенде казак менен кыргызга тең орток Эр Эшимди айтсак болот. Кыргыз менен казак калмак жапырыгында азапты тартса бир тартып, кубанычтуу кабар болсо тең бөлүшүп, жыгылганын сүйөп, жарадар болгонун майдан талаасынан алып чыгып кетип, өлүмгө башын бир сайганы жалганбы?

Андан бери Чокан Валиханов 21 жашында Ысык-Көлгө келип, Боромбай бийге жолугуп, кыргыздын улуу дастаны “Манасты” алгачкылардан болуп кагазга түшүргөн эмеспи.

1952-жылы «Манас» эпосу элдикпи же элдик эмеспи деген маселе кабыргасынан коюлганда, Мухтар Ауэзов «Манас» эпосу кыргыз элине гана таандык экендигин, аны ал учурдагы саясатка ылайыктап өзгөртүү туура эместигин ачык айтып, анын бириктирилген вариантын чыгарууну сунуштаган.

«Улуттун түрдүү тарыхый дооруна таандык бардык нерсени сакташ керек. Үрп-адат, каада-салттарын, алардын жакшылык, жамандык, ишеним, мораль, космология жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн чечмеленишин азыркы учурга төп келеби деген ойго такалбоо керек. Эпос — бул эпос, ал бүгүн жаралган нерсе эмес. Элдин аң-сезими тарыхый баскычтар өңдүү өзгөргөн. Бардык тарыхый, адабий процесстерди, карама-каршылыктарды марксизм-ленинизм түшүнүгүнүн позициясы менен түшүндүрүү зарыл. Ошондуктан эпосту биздин учурдагы абалга тууралоонун эч кандай зарылчылыгы жок.

«Манас» эпосу советтик кыргыз элине керекпи же кереги жокпу деген маселеде айрым маанилүү жагдайларды эске алуу кажет. Себеби бул кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, руханий маданиятын камтыган жалгыз эстелиги болуп саналат. Анда кыргыз элинин оозеки кеби, поэтикалык чеберчилиги бар. Бул жерде эң негизгиси кыргыз адабий тилинин көп жылдык иштелип чыккан, түзүлгөн, өнүккөн, шөкөттөлгөн үлгүсү камтылганын, анын социализм доорун басып өткөнүн эске алуубуз зарыл. Кайсы лингвист ал агылган сөздөрдү чийип же көзгө илбей кое алат?..” деген эле го М.Ауэзов бороонго төшүн тосуп.

Кечээ эле 1931-1933-жылдары кыргыз эли жана анын алдыңкы көз караштагы уулдары Казакстандагы орун алган ачарчылык маалында өз ара ынтымак менен достуктун, бир туугандыктын, боордоштуктун кайталангыс үлгүсүн көрсөтүшүп, келечек муундарга ар дайым унутулгус сабак болорлук терең маанилүү өрнөк калтырышкан. Бир ууч буудай, жарты сындырым нанды тең бөлүшүп жешкен.

«Кыргыз-казак мамилелери: тарыхый сабактар жана азыркы заман» эл аралык илимий-практикалык конференциясы Казакстандын тарыхчылары жана эл аралык илимий коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыктын алкагында уюштурулуп, анын жүрүшүндө белгилүү тарыхчылар кыргыз-казак тарыхый, маданий жана саясий байланыштарын жаңыча илимий көз караш менен талдап, архивдик материалдардын негизинде жаңы ачылыштар менен бөлүшүштү. Талкуулар 18–19-кылымдардагы тарыхый окуяларды ар тараптуу изилдөөгө багытталып, келечектеги кызматташтыкты бекемдөө боюнча сунуштар айтылды.

Конференция жыйынтыгында илимий макалаларды биргелешип жазуу, кыргыз-казак алакасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштар кабыл алынды.

Чындыгында, өткөн кылымды бүгүнкү күндүн реалийлерине апкелип, аны араздашууга багыттаган туура эмес. Тескерисинче, андан сабак алууга тийишпиз.

Кыргыз-казак мамилелерине өткөн чактын күүсүнөн кайта элек жана улам күчөгөн, өзгөрүлмө факторлор: геосаясий кырдаал, оюнчулардын тилеги, дарамети, иши, кадамы, лидерлердин жана саясатты аныктаган инсандардын, топтордун аракетин терең  талдап, түшүнүп, сабак алууга милдеттүүбүз.

Кыргыз-казак мамилесинин 21-кылымда жана кийинки мезгилге алакасы тарыхка карата мамилеге жараша болмогу айныксыз чындык. Биринчиден, тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында бурмаланган тарых мамилени оңдобойт, боорду бүтүн кылбайт. Экинчиден, жоокерчилик көөнө доордогу чабыштар менен өткөн чактагы кайсы бир маселелер боюнча пикир келишпестиктер эки элдин ортосундагы мамилени аныктабаш керек. Адамзат өз башынан 14 миңден ашуун ири согушту башынан кечирген. Кылымдап кырчылдашкан элдер да бар. Бирок, алар бүгүн санаалаш, өнөктөш, эң жакын мамиледеги элдер. Кайсыл бир элдин дүйнөгө устун эместигин, өзгөлөрдү кем сезип, өзүн гана даңазалоонун натыйжасы зыян экенин тарых далилдеп келди. Тарыхый чындыкты бурмалоо улутка абийир да, мөрөй да алып келбейт. Кийинки муунга жана муундарга кыргыз-казак боордоштугун айныксыз тарыхый чындык экенин билдирген нерселерди макулдашып алуу зарыл.

Казакстан УИАсынын академиги Мамбет Койгелдиев белгилегендей, бир мезгилде Европа элдери бири-бири менен кырды бычак болуп, он кайталап согушуп жашаса, бүгүн алар Евросоюзга биригип, чек араларын ачып салышкан. Бири-бирине ээн-эркин каттайт. Демек, бул маселе ойлонтууга арзыйт.

Андыктан, тарыхый темаларды чагылдырууда бурмалоодон, улутчулдук спекуляциялардан жана манипуляциялардан алыс болуубуз, орток тарыхый темалар боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, так илимий эмгектерди жарыялоо, биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүү абзел. Архивдик жаңы маалыматтарды издөө, аныктоо, чогултуу жана басып чыгаруу – казак жана кыргыз элдеринин тарыхы жана маданиятына байланыштуу жана көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча изилдөөлөр үчүн тарыхый маалыматтарды кеңейтүүгө салым кошору шексиз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар