whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“АЙТИЛ – акыл ачкычы” жасалма интеллекти жардам

“АЙТИЛ – акыл ачкычы” жасалма интеллекти жардам

Кечээ, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан түзүлгөн Айтил (aitil.kg) жасалма интеллекти коомчулукка тааныштырылды.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Президенттик Администрациянын, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, Улуттук комиссиянын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана тил жаатындагы эксперттер катышты.

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу кыскача маалымат берип өттү.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов: “Бул платформа заманбап технология менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жана элге жеткирүүдө маанилүү кадам. АЙТИЛ платформасы аркылуу мамлекеттик тилибиз жаңы санариптик деңгээлге көтөрүлүп жатат”, – деп белгиледи.

Платформанын мазмуну жана функциялары менен Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Эсенов Айзаратбек тааныштырып, “АЙТИЛ – акыл ачкычы” платформасынын негизги мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.

Жаңы платформа төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ:

  • Текстти үнгө айландыруу – жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет;
  • Үндү текстке айландыруу – маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилиндеги текстке өткөрөт;
  • Котормо кызматы – кыргыз тили менен он башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт;
  • Чат-бот – колдонуучуга кыргыз тилинде маалымат берип, суроолорго жооп кайтаруучу акылдуу жардамчы катары иштейт;
  • Видео котормо кызматы – видеолорду чечмелеп, мамлекеттик тилде субтитр же котормо сунуштайт;
  • Кыргызча OCR кызматы – сүрөт же документтен кыргыз тилиндеги текстти
    таанып, даяр текстке айлантат.

Андан кийин сөз алган Улуттук комиссия-нын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн расмий иш кагаздарынын “Документ.гов.кж” (https://document.gov.kg/kg) аттуу толук санариптик китепканасы тууралуу кеңири маалымат берип, мамлекеттик тилдеги расмий иш кагаздарынын үлгүлөрүнө токтолду. Ошондой эле кыргыз тилин жаңы үйрөнүп жаткан жарандар үчүн иштелип чыккан мобилдик колдонмо – “Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” тууралуу айтып: “Биз мамлекеттик тилди иш кагаздарда туруктуу жана туура колдонууга чоң көңүл буруп жатабыз. Бул платформа аркылуу жарандар өзүнө керектүү документтердин үлгүлөрүн эки тилде пайдалана алат”, – деп белгиледи.

Иш-чаранын соңунда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна “Кыргыз тилин санариптик окутуу жолдору” (https://sanariptik-okutuu.kg) платформасы тууралуу баяндама жасап: “Бул платформа ар бир жаранга өз убактысына жараша кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзөт. Анда угуу, окуу, жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн ырааттуу өнүктүрүүгө көмөктөшкөн интерактивдүү тапшырмалар, тесттер жана мультимедия-лык материалдар камтылганын жана жеке өзү демилгелеп, ишке ашыргандыгын”, – баса белгиледи.

Тааныштыруу учурунда бардык платформалар жандуу режимде көрсөтүлүп, катышуучуларга аларды реалдуу колдонуу жолдору кеңири түшүндүрүлдү.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар