Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров 13-декабрь 2022-жылы Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейине барып, Түрк мамлекеттердин Биримдигинин башкармалыгынын чечими менен көзү өткөндөн кийин Ч. Айтматовко ыйгарылган Алишер Навои атындагы эл аралык жогорку сыйлыкты, анын уулу Элдар Айтматовко тапшыруу учурунда, музейдеги “Ардактуу музей көрүүчүлөрдүн пикир китепчесинде” төмөндөгүдөй, сезимди толкундаткан ойлорун билдирген: “Ар бир кыргыз атуулу сыяктуу мен дагы планетардык жазуучу Чыңгыз Айтматов менен бир чети жердеш, бир чети замандаш болуп калганыма абдан сыймыктанам.
Менин бактыма заманыбыздын улуу ойчулу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин биринчи жолу ыйгарылган “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты тапшыруу жазылыптыр. Бул дагы жөн эле кокустук же туш келүү эмес, жакшылыктын жышааны деп кабыл алдым.
Адам баласы залкар жазуучунун ар бир чыгармасын улам-улам окуп терең тааныган сайын, улам жаңы сырларын сезип, адамзаттык улуулугун, табият аруулугун сактоого ой-туюму өзгөрөт. Ошентип, “Айтматов ааламы”, “Айтматов дүйнөсү” эбегейсиз кенен, учу-кыйыры жок чексиз жана түбөлүктүү экенин далилдеп турат!
Демек, улуулуктун, түбөлүктүүлүктүн сыры Чыңгыз атабыздын чыгармаларында жатат. Кылымдарды карытып келген кыргыз эли барда Чыңгыз Айтматов атабыздын жаркын элеси, калтырган бай мурасы муундан-муунга улана бермекчи!”
Элдик мурас аяр мамилеге жана зор чеберчиликке муктаж
Ар бир адабий чыгарма, элдик эпостор, поэмалар санат-санжыра жана тарыхый уламыштарга негизделсе өзгөчө көркөмгө ээ экендиги талашсыз. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы негизинен ушундай элдин акыл-эсинде сакталган көркөм казынадан тамыр алгандыгы менен окурмандарга жакын жана жагымдуу.
Кыргыз элинин тарыхый уламыштарынан жаралган эпосторубуз «Манас», «Жаңыл Мырза», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаныш, Байыш», «Кожожаш» жана башкалардагы бай маалыматтарды Чыңгыз Төрөкулович өз чыгармаларында ийкемдүү, жогорку чеберчиликте колдонгондугу белгилүү. Академик Чыңгыз Айтматов «Манас» эпосун басмага даярдап жарыялоого да жигердүү катышкан. Ал 1978-жылы жарык көргөн Сагынбай Орозбак уулунун вариантындагы төрт томдук “Манас” эпосунун «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген кириш сөзүндө анын квинтэссенциясын мындай деп дааналап белгилейт: «Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы». Демек, эпостун эң өзөктүү максаты – бул кыргыз элинин эркиндиги жана аны камсыз кылуучу – элдин өз эгемен мамлекетин кайрадан калыбына келтирип, өнүктүрүүсү болгондугу шексиз.
Улуу жазуучу элдик аң-сезимдин казнасы болгон оозеки чыгармачылыкты өзүнүн чыгармаларында колдонушу жөнүндөгү пикирлерин адабиятчы журналисттерге берген бир нече маектеринде айкындайт. Маселен, 1976-жылы Владимир Коркинге берген маегинде “Мени тарыхый санжыра, идеялардын түпкү таржымалы, алардын жалпы адамзаттык мазмуну өтө толкундантат” дейт. Ал эми ошол эле жылы адабиятчы Виктор Левченко менен маегинде мындай дейт, “… көркөм баяндоого универсалдуулукту миф эмес, жалпы закон ченемдүүлүктү билүү жөндөмдүүлүгү берет. Жергиликтүү жазуучулардын балээси эмнеде дейсиз? Алар жергиликтүү турмушту жакшы билишет, бирок, дайыма эле андан бийиктикке көтөрүлө алышпайт. Андыктан чыгармадагы турмуш жансыз бойдон сүрөткердин дилгирленүүсүз, жылуулугусуз бойдон кала берет… Көптөрү турмуш кандай болсо, так ошондой чагылдырууга аракеттенишет. Бирок алардын чыгармалары окурмандарды таасирлентпейт, сезимин козгоп, толкундантпайт, исскуство эмес, документалдуу очерк болуп калат.
Жазуучуга бүгүнкү күндөгү ой жүгүртүү бөтөнчүлүгү, эрудиция зарыл, ал тарыхты билүүгө, илимдин тармактары менен кабардар болууга тийиш. Адабият таануу илими, мисал үчүн, турмушту таануунун жолдорунун бири. Ал жазуучуга турмушту түшүнүүгө, аны талдай билүүгө, асылдыктын закондорун өздөштүрүүгө көмөк берет.
Көптөгөн жомокторду, элдик легендаларды, мифтерди эң сонун билген адамдар бар, алар окуялардын майда-чүйдөсүнөн бери, турмуштук деталдардан бери эскерип айта алышат, жазуучуга мына ушулар менен чектелүү жетишсиз, ага учурдун талабына ылайык даярдык – азыркы деңгээлдеги билим жана дүйнөлүк маданияттын бүгүнкү күнгө чейинки тажрыйбасы зарыл. Бул чыгармачылыкта ага таяныч болот. Ошого таянбай туруп жазуучу жергиликтүү проблемаларды тиешелүү деңгээлге көтөрүп чыга албайт… Мен эпос жөнүндө дайыма ойлоном. Бул – көп катмарлуу элдик акылмандыктын казынасы. Бирок мен аны өз чыгармаларымда жөн эле пайдаланбастан, өздөштүрүлгөн түрүндө пайдаланууга аракеттенем. Мотивдер ар кандай болот, кээде ыкма катары да колдонулат. Мисалы, “Жаныбарым Гүлсарым” чыгармамдагы мергенчинин ыры – каармандын турмушундагы мүшкүлдүктү, жан дүйнөсүнүн терең руханий запкысын чагылдырган каражат. Ал эми “Ак кемедеги” легенда – бул чыгарманын негизги катмарын, анын бүткүл концепциясын түзөт.
Эпосту пайдаланууну алдын ала болжолдоо, көнүмүш адатка айландыруу мүмкүн эмес, каармандардын дүйнөнү сезишине байланыштуу ага ар бир учурда ар башка ык, ар башка мамиле керек. Каармандар үчүн эпос – маданий башталыш болгондо, аны алар өздөрү, алардын ата-энелери билгенде, “Манас” алардын дүйнөсүнө аралашып, тарбиясы жана көңүл маанайы менен төп келишкенде гана орундуу. Мифтик стилге салуу – бул экзотикалык пландагы нерсе болсо керек. Ал эми мифологема окуяларды өздөштүрүп, башкача мааниде иштеп чыгууга, алардын арасындагы чынында да болумуштун түпкү негиздерине алып баруучу көзгө көрүнбөгөн, бирок татаал жана карама-каршылыктуу байланыштын жигин табууга мүмкүндүк берет”.
Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин тарыхый мурастары болгон эпосторунун, жомокторунун жана уламыштарынын маалыматтарын жаңы деңгээлде кененирээк колдонушу анын 1970-жылы орус тилинде жарыяланган “Белый пароход” (“После сказки”), ал эми кыргыз тилинде “Ак кеме” (“Жомоктон кийин”) деген аталышта 1978-жылы жарык көргөн повестинде болгон эле. Мында жазуучу кыргыз эл жомогу “Чыпалак бала”, ыйык “Сулайман Тоо”, Ысык-Көлдүн айтылуу Cан-Таш ызгаар шамалы аталган “Улан” уламышы, “Мүйүздүү Эне” аттуу кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясы жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган повесттеги образдар адабий чыгармадагы окуялар менен жуурулушуп, идеялык жактан кызыктуу экзотикалык жергиликтүү материал катары эстетикалык касиетин ачкан каражат болгон.
“Эне сайбы” же “Ээн сайбы”?
Эң кызыгы, ушул “Ак кеме” чыгармасында Ч. Айтматов “Энесай” деген тарыхый топонимди (жер аталышын) колдонгон. Биздин пикирде, мында жазуучу тарых илиминдеги кыргыз элинин (генеалогиясына) мекени, чыгышы жана калыптанышы жөнүндөгү татаал проблемага өзүнүн көз карашын билгизген сыяктанат. Анткени, ошол учурда, бул багытта мекенибизде чоң илимий иштер уюштурулуп, 1956-жылы Кыргызстандын борбор шаары Фрунзеде атайын Бүткүл союздук илимий конгресс өтүп, кыргыз элинин калыптанышы Борбордук Азия мейкиндигинде биздин замандын экинчи жүз жылдыгынын ортосуна таандык деген мезгили (хронологиялык) жактан анча так эмес көз караш үстөмдүккө ээ болгон эле.
Кыргыз элинин мекени катары Енисей дарыясы жана Алтай тарап да болгону негизинен туура такталса да, 1963-жылдары СССР менен Кытай Эл Республикасынын саясий мамилелеринин курчушуна байланыштуу, Енисей, Алтай тараптагы кыргыз элинин тарыхына тиешелүү окуялар дагы бир (хакас) элинин тарыхы менен байланыштырылып , “жогорутадан” келген саясий көрсөтмөнүн негизинде, Кыргызстанда 1984-жылы жаңыдан басылган академиялык окумуштуулар тарабынан даярдалган “Кыргыз ССРнин тарыхынан” такыр алынып ташталган.
Ал эми ошол 1960-1970-жылдары, активдүү жана абройлуу этнограф, тарыхчы Саул Абрамзондун кыргыз элинин этнос катары калыптанышы XVIII кылымда аяктаган деген көз карашы да айтылган. Бул окумуштуунун белекке берген китебине, Чыңгыз Айтматов 10-март 1973-жылы ага жазган катында, мындай деген пикирин билдирген, “Саул Матвеевич, сиздин китебиңиз биз үчүн, азыркы кыргыздар үчүн, чоң илимий жана маданий мааниге ээ деп терең ишенем. Мындай эң мыкты эмгегиңиз үчүн Сизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Мен бул эмгектен, өзүм үчүн, көптөгөн маалыматтарды таптым. Мен Сиз менен макул болбой турган жалгыз бир жери – бул китептеги кыргыз элинин этникалык биримдик катары калыптанган мезгилинин аныкталышы. XVIII кылым, эл үчүн болгону кечээки күн гана. Ал эми “Манас” эпосу боюнча баамдасак, анын эзелки мазмунунан көрүнгөндөй, кыргыздар байыртадан эле бар болгон, байыркы түрктөрдүн тобунан болуп жатпайбы”.
Албетте, Чыңгыз Айтматовдун “Енисей” гидронимин (суулардын, дарыялардын аталышы) “Энесай” өзөнү деп топоним кылып колдонушунда терең маани бар сыяктанат. Муну менен жа-зуучу кыргыздардын мекени, түпкү тамырлары Енисей дарыясынын өзөндөрүндө жатканын ишеничтүү белгилеген десек жаңылбайбыз.
Улуу жазуучубуз чыгармасындагы жогорудагыдай жазышын көп окурмандар түз кабыл алышып, Эне (же башкача – Апа) Сай деп түшүнүшкөн экен. Маселен, 1994-жылы басмадан чыккан “Ала-Тоо” журналынын тиркемеси болгон “Кыргыз санжырасы” деген китепте сабаттуу акын Байымбет Абдрахмановдун (Тоголок Молдо – 1960-1942) ыр менен кыргыз элинин Мекен жери, уруу-уруулук түзүлүшү жана алардын чыгышы жөнүндө баяндаган чыгармасындагы:
”Эң башында кыргыздар,
Ээн-Сай, Алтай тоосу бар,
Айдың Чалкар көлдө экен.
Ээн-Сайды орустар
Инисей деп жүрбөйбү”, – деген саптар менен башталган жеринде Ээн-Сай сөзү – Эне-Сай деген маанини түшүндүрөт деген китепти баскан редакциянын ачыктамасы буга күбө. Азыр да Бишкек шаарынын кичи конушунун аталышы да “Эне-Сай” экени белгилүү. Чындыгында Тоголок Молдо бул гидронимди түз маанисинде эле – кенен, чоң, жайык маанисинде колдонгон. Муну 1920-жылы жазылып, ошол эле китепте басылган “Тарых түпкү аталар деген” чыгармасындагы төмөндөгү саптар ачыктайт: Даанышман Тоголок Молдонун нукура маалыматтарын бурмалап берүүнүн эмне кажети бар эле да?
Хонгорой эли жөнүндө
Ушуга байланыштуу, тарых илимдеги дагы бир талаш көз карашка, өз оюбузду билдире кетелик. Россиялык белгилүү тарыхчы, профессор Виктор Бутанаев (1946-2023) Енисейдеги кыргыздарды хонгорой эли деп аташыбыз керек деген пикирин көптөн бери айтып келген эле. Бирок, бул пикир көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таба албады. Биздин оюбузча, бу пикирдин негизин түзгөн XVIII кылымдардагы архивдик документтеринен көрүнгөндөй, енисейлик кыргыздардын “Бага Хонгорой, Кичи Хонгорой жана Хонгорой Модур” деген аймактарынын (айыл же коргон-кыштоо — топонимикалык) аталыштарын В. Бутанаев тарабынан “Большие Кыргызы, Малые Кыргызы, Хонгорские Модуры” деп түшүдүрүүлөрү бизди көп ынандырбады. Биздин пикирде, булардын мааниси – хандын чоң (короосу – коргону же коругу) ордосу, хандын кичи ордосу, модурлардын хан ордосу, же башкача айтсак, элдин башчылары – хандары турган жерди туюнтат десек акыйкатка жакыныраак болот. Тарыхчы Рыскул Жолдошовдун изилдөөлөрүнөн көрүнгөндөй, байыркы кыргыздардын аймагында б. з. ч. 2-1-кылымдарда, хунндар менен атаандаш болгон, чжичилердин да ордосу жайгашкан экен. Демек, бул жерде, жогоруда даанышман Тоголок Молдо белгилегендей, Ээн-Сайдагы кыргыздардын ханынын ордосу жайгашкан коргон десек жаңылбайбыз. Жок жерден “жаңы элдин” атын чыгарып – “ачылыш” жасоонун кажети бар беле деген, жүйөөлүү суроо жаралат.
Манасчы Элеман жана маңкурт проблемасы
1972-жылы жазылган Чыңгыз Айтматовдун “Өнөр алды кызыл тил” (“Кайрылып куштар келгиче”) деген аңгемесинде кыргыздардагы манасчылык тууралуу манасчы Элеман жөнүндө жана анын тагдыры аркылуу кыргыз элинин XVI – XVIII кылымдарда болгон ойроттор (калмактар) менен өздөрүнүн эгемендүүлүгү үчүн күрөшү баяндалат. Владимир Коркинге берген маегинде бул аңгеме жөнүндө мындай дейт, “Мен эл өзүнүн тарыхый тагдырын, келечек өмүргө болгон укугун кандайча аңдап билиши, түшүнүшү керектиги туурасында айткым келет. Бул идеяны мен чыгарманын бүткүл нравалык-эстетикалык системасы аркылуу чагылдырууга аракеттендим”.
Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында колдонулган мифтер жөнүндө мындайча ачыктамаларды белгилейт: ”Мифтин азыркы заманга ылайык келип турушу – анын поэтикалуулугу жана анда камтылган маанилердин адилдиги, адамгерчиликтүүлүгү мени кызыктырат. Чыныгы адамдык нерсе – мифтин чегинде, ойлорунун жана рухунун түзүлүшү, бийик нравалык ишенимдери мезгилдин жана мейкиндиктин социалдык конкреттүүлүгүнөн келип чыккан реалдуу адам катары каарман башынан кечирип жаткан, бирок али реалдуу күчкө айлана элек анын учурдагы абалында, кылык-жоругунда, сөздөрүндө, ишараттарында”.
1980-жылы жазылган Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” (“И дольше века длится день”) аталыштагы романы, «Кыямат» (“Плаха”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” – “Пегий пес, бегущий краем моря”) чыгармалары Кыргызстанда чыгарылышына байланыштуу, автор окурмандарга кайрылуусунда мындай дейт: ”Мурдагы чыгармаларымдагыдай эле, ата-бабаларыбыздан бизге багыштап мурас катары калтырылган санжыра менен мифтерге тажрыйба катары дагы деле таянып жатам. Бирок ошону менен бирге биринчи жолу өзүмдүн жазуучулук тажрыйбамда фантастикалык сюжетти колдондум. Бул мен үчүн өзүмдүк максат эмес, ал ойломдун бир ыгы, таанып билүүнүн жана чындыкты түшүндүрүүнүн бир жолу”.
Жогоруда айтылгандай, Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында, “Дөнөнбай” менен “Найман эне” жана “Эне Бейит” уламыштары аркылуу казак элинин орто кылымдагы калмактар менен болгон алакалары элестүү сүрөттөлгөн эле. Мындагы негизги ачылыштарынын бири – бул тарыхый эс-тутумун жоготкон адам – маңкурт жөнүндө ааламга жар салуу болгону маалым. Бул жөнүндө жазуучу мындай дейт: “өткөндөгүлөр жөнүндө эс-тутумусуз адам, дүйнөдө өзүнүн ордун кайрадан аныктоо зарылдыгынан, өзүнүн жана башка элдердин тарыхый тажрыйбасынан айрылган адам сыяктуу тарыхый келечектүүлүктөн тышкары калып, күнүмдүк жашоого аргасыз болот”.
Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн айтуусунда чыгармадагы маң-курттун идеясы «Манас» эпосунан алынган. Чыны менен эле анда, төмөндөгүдөй саптар бар:
«…Баланы кармап алалык,
Башына шири салалык,
Үйгө алып барып кыйнайлык…».
Адамзаттын эс-тутумунун негизги милдети ата-бабалардын ар кандай тажрыйбасын аздектеп сактоо жана келечек муундарга үзүрлүү пайдаланыш үчүн жеткирүү экендиги талашсыз. Андыктан ар бирибиз өз тарыхыбызды барктап, изилдеп биле жүрүшүбүз керек экендигин унутпашыбызды улуу жазуучубуз бизге мурастап кеткен.
Ч.Айтматовдун ушул эле “Кылым карытар бир күн” аталыштагы романындагы “Дөнөнбай” менен “Найман эненин” образын ачып берүүдө, биздин оюбузча, мотив катары колдонулган ысыккөлдүк кыргыздардын арасында, ушул күндөргө чейин сакталып калган “Ак байбиче” тарыхый уламыш болгон сыяктанат. Ал уламыш кыскача мындай деп берилет: XVIII кылымда жашап өткөн Ак байбиче, саяк уруусунун урук башчысы Кошкай баатырдын аялы болгон. Азыр алардын урпактары Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде орун алган Кароол Дөбө (Айтмакчы “Ак кеме” повестинин окуялары да так ушул Кароол Дөбө аймактарында өтөт эмеспи), дагы бир аты Таштак айылында жашашат (азыркы Казат Жаркымбаев атындагы айыл). Ал күйөөсүнүн узак убакыт калмактардын туткунунда кармалуусуна эч качан моюн сунбаган. Апал жана Үпөл деген эгиз кыздары төрөлөрү менен Ак байбиче өмүрлүк жарын капастан бошотуу үчүн ак элечегин башына оронуп душмандардын аймагы болгон Жунгар хандыгынын (батыш моголдор – калмактардын мамлекетинин) аймагына аттанат. Бул аялдын сүйгөн адамын бошотуу жана балдарынын бактысы үчүн жасаган өзгөчөлөнгөн, чечкиндүүлүк эрдиги Жунгар ханын таң калтырып суктандырган. Калмак башчысы мындай эр жүрөк, тапкыч аялга жогору баа берүү менен өзүнүн иш алып баруучуларына ага сый-урмат көрсөтүп кабылдап, каалаган мүдөөсүн орундоолорун буюрган. Жунгар ханы Ак байбиченин күйөөсүн бошотуп эле тим болбостон, алардын эгиз кыздарын өзүнүн уулдарына алып бермекке куда түшүп, эки элдин ортосундагы ынтымактын орношуна негиз салган.
Жыйынтыктап айтканда, Ч.Айтматовдун көпчүлүк көркөм чыгармаларында, дүйнөдөгү ар кайсы калктардын, алардын ичинде кыргыз элинин тарыхы, өз мезгилдерине жараша, акыйкаттуу жана элестүү чагылдырылып, анын элдик мурас болгон – эпостор, поэмалар, санжыра жана тарыхый уламыштарга негизделгендиги, айрыкча аларды эстетикалык көркөмгө ээ кылып, өзгөчөлөнткөнү талашсыз.
Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, профессор