Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

0
1017

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 10–11-март күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт.
10-мартта мезгил-мезгили менен жаан жана кар жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми 11-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым аймактарда секундасына 15–20 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясында 19–24 метрге чейин жетиши күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн.

11–12-мартка карата абанын температурасы

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн −8…−13°, күндүз −1…−6°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн −8…−13°, күндүз −2…−7°
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн −4…−9°, күндүз −1…+4°
  • Ысык-Көл ойдуңунда: түнкүсүн −7…−12°, күндүз −3…+2°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн −11…−16°, күндүз −2…−7°
  • Тоо этектеринде: түнкүсүн −10…−15°, күндүз −2…−7°
  • Тоолуу райондордо: түнкүсүн −11…−16°, күндүз −8…−13°
  • Суусамыр өрөөнүндө: түнкүсүн −17…−22°, күндүз −8…−13°
  • Бийик тоолуу аймактарда: түнкүсүн −23…−28°, күндүз −6…−11°

Синоптиктердин маалыматына караганда, мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдаштырышы мүмкүн. Ошондой эле катуу жаан-чачын маалында жолдордо көрүү аралыгы азайып, унаалардын кыймылы кыйындашы ыктымал.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз