Коопсуздукка байланышкан коркунучтардын күчөшүнө байланыштуу АКШнын Мамлекеттик департаменти Сауд Аравиясындагы америкалык дипломатиялык миссиянын айрым кызматкерлерине өлкөдөн милдеттүү түрдө чыгып кетүүнү тапшырды.
8-марттагы буйрукта шашылыш иштерге тартылбаган кызматкерлер жана элчиликте иштегендердин үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө сөз болору айтылган. Бул тууралуу дипломатиялык миссия 9-мартта билдирүү таратты.
Мындан бир нече күн мурда, 3-мартта, аталган категориядагы адамдарга Сауд Аравиясынан ыктыярдуу түрдө чыгып кетүүгө уруксат берилген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти ошондой эле америкалык жарандарды Сауд Аравиясына сапар пландарын кайра карап чыгууга чакырды. Ведомство Иран тараптан дрондор жана ракеталар аркылуу америкалык объектилерге сокку урулушу мүмкүн экенин, ошондой эле аймактагы куралдуу кагылышуу, терроризм, өлкөдөн чыгууга байланышкан чектөөлөр жана социалдык тармактарды колдонууга байланышкан жергиликтүү мыйзамдар коркунуч жаратарын эскертти.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы 28-февралдан бери жүргүзүп жаткан аскердик аракеттеринен кийин Сауд Аравиясы бир нече жолу Ирандын жооп соккуларынын бутасына айланды.
3-мартта Эр-Рияддагы АКШ элчилигинин имаратына эки дрон сокку урган. Сауд Аравиясынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, имаратта «чектелген өрт» чыгып, материалдык зыян чоң болгон эмес. Бирок The Washington Post басылмасы имарат олуттуу жабыркаганын, чатырдын бир бөлүгү кулап, ичинде өрт чыкканын жазган.
АКШ жарандарына коопсуз жайга дароо жашынуу жана кошумча билдирүүгө чейин дипломатиялык миссияга барбоо сунушталган.
Маалыматка караганда, Иран Сауд Аравиясынан тышкары АКШнын Бахрейн, Кувейт жана Багдаддагы элчиликтерине да сокку урган.


