Башкы беткеСоциалдыкӨрт тилсиз жоо

Өрт тилсиз жоо

Үстүбүздөгү  2026-жылдын 2-айынын ичинде Свердлов району боюнча 22 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 9 млн. 637555 сомду түздү.

Мисалы келтирсек 2026-жылдын 1-мартында күнү Бишкек шаарынын Жаңы конушунун Биримдик-Кут  көчөсүнүн №6 дарегиндеги жайгашкан Тигүү цехинде өрт чыкты өрттүн себеби цехтин бөлмөсүндө электр-зымдарынын кыскача чагылышуусунан келип чыккан. Өрт тез тарагандыктан цехтин чатыры жана ичи бөлмөсү толугу менен күйүп кеткен, өрттүн кесепетинен цехтин ээсине 2070639 сомго чыгым болгон.

Ар дайым өрт учурундагы биринчи иш аракеттер эсиниздерде болсун.

1.Тезинен “101” телефон номуруна  чалып өрткө каршы кызматына дарегиңизди так айтып түшүндүрүп кабарлаңыздар жана өрткө каршы кызматкерлери келе жатканда алдынан тосуп алып өрт болуп жаткан жерди көрсөткөнгө аракет кылыңыздар.
2.Эгерде өрт жаңыдан башталып келе жаткан болсо суу чачып өчүргөнгө аракет кылыңыздар же болбосо калың төшөнчөлөр менен чаап өчүрсөңүздөр болот жана ошондой эле кум же топуракты колдонсоңуздар болот.

3.Эч качан токко сайылган бойдон күйүп жаткан электрприборлорун жана  электрзымдарын  суу менен өчүрбөңүздөр, анткени өмүрүнүзгө өтө кооптуу.

4.Эгерде өрттү өз күчүңүз менен өчүргөнгө көзүңүз жетпесе  жана өрт тездик менен тарап бара жатса анда ал бөлмөдөн тезинен    кетиңиздер жана кичинекей балдар үйдө болгон учурда аларды атынан айтып чакырганда жооп бербесе кылдаттык менен издеп чыгыңыз анткени кичинекей бала өрткө себепкер болсо ал коркконунан жашынып калышы мүмкүн.Көбүнчө кичинекей балдар керебеттин алдына,терезе пардалардын артына,столдун астына, гардеробдо илинип турган кийимдердин артына жана башка көрүнбөгөндөй жерлерге жашынып калышат.

5.Эгерде бөлмөнүн ичи түтүнгө толуп бара жатса оромолду же шейшепти суулап алып ошону менен бетиңерди жаап дем алып чыксаңыздар болот жана өрт болуп жаткан бөлмөнүн эшигин аба кирбегидей кылып жаап кетиңиз.

6.Эгерде сыртка чыкканга мүмкүн  болбой бара жатса анда өзүңүз башка коопсуз бөлмөгө кирип эшикти катуу жаап терезенин жанына барып элдин назарын өзүңүзгө буруп жардам сурагыла.

 

Эскертмени жарыялаган:

Бишкек шаардык Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн                 улук офицери  капитан Муратаалы уулу Рысбек.

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар