whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБул дүйнөнүн асылынын асылы – биздин гезиттин башкы каарманы

Бул дүйнөнүн асылынын асылы – биздин гезиттин башкы каарманы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун IV бөлүмүндө кесиптик билим берүү, жаштарга өнөр-кесип үйрөтүү жагынын жандандырылышы жана анын жаңы нукта тынымсыз өнүктүрүлүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билими жогору, көптү билген, кесипкөй, жаратман адистерге болгон муктаждыктарын жоюу кечиктирилбей колго алынууга жана үзгүлтүксүз улантылууга тийиш милдеттердин бири катары белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2024-жылдын 24-декабрында аппараттык жыйында Билим берүү жана илим министрлигине өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү шартын эске алуу менен эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңы кадрларды даярдоону күчөтүүгө багытталган конкреттүү иш-аракеттер планын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте иштеп чыгып, бул багытта жумушту күчөтүүнү тапшырган.

Жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезити ушул жылдын февраль айында Министрлер Кабинетине “Эмгек каарманы” аттуу республикалык форум өткөрүп, эмгек адамынын, жумушчу кесип ээлеринин статусун, кадыр-баркын көтөрүү, өлкөбүздө ишке ашырыла баштаган улуттук мегадолбоорлорго керектүү адистиктерди даярдоо, жаштарда эмгек маданиятын калыптандыруу, эмгек адамынын жаркын келбетин жаратуу жана медиа мейкиндикте даңазалоо боюнча программа кабыл алууну сунуштаган.

Биздин башка да сунуштарыбыз жана идеяларыбыз менен катар, гезитибиздин ушул сунушу Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин колдоосуна ээ болгон жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилип, даярдыктар көрүлүүдө. Буюрса күзүндө форум өтөт, акыл калчап, талдап, иш-чаралар иштелип чыгат.

Гезит коллективдүү пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу, маалымат булагы гана эмес, жаратман демилгелердин ээси, позитивдүү окуялардын очогу болмогу абзел. Ошондуктан “Кыргыз Туусу” улуттук төл башы гезити башка долбоорлор менен бирге, эмгек адамынын жаркын келбетин медиа мейкиндикте жаратуу жана даңазалоо боюнча ургаалдуу маалыматтык кампания баштады.

Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады.
Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,
Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.

Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы,
Кеткенине кубанды уул, атасы.
Ушул адам, ушул эски кийимчен,
Бул дүйнөнүн, үстүндөгү тазасы.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун  “Маляр” аттуу керемет ырында таасын айтылгандай, бул дүйнөнүн асылынын асылы биздин гезиттин башкы каарманы болмокчу. Гезитке, анын сайтына жана басылманын мультимедиалык каражаттарында карапайым эмгек адамын кызыктуу форматта, түрдүү мазмунда чагылдырып турабыз.

Гезит окурмандардан да эмгек каармандары тууралуу маалыматтарды күтөт. Жылдын жыйынтыгы менен гезитке жарыяланган каармандар тууралуу чыгармалардын интерактивдүү жана салттуу формадагы көргөзмөлөрүн да уюштуруу болжолдонууда.

Алмаз КУЛМАТОВ,
“Кыргыз Туусу” гезитинин
башкы редактору

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар