“Жаңы муунга билим берүү” долбоору жыйынтыкталды

0
3165

Англис тили мугалимдеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган “Жаңы муунга билим берүү” долбоору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Долбоор өлкөнүн бардык жети облусунда жана Бишкек шаарында ишке ашырылып, жалпысынан 800 англис тили жана 400 STEM багытындагы мугалимди камтыды. Анын негизги максаты — педагогдордун кесиптик чеберчилигин арттыруу, заманбап жана натыйжалуу сабак өтүү ыкмаларын жайылтуу болду.

Жыйынтыктоочу аземге катышкан агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева англис тили бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилеп, аны билүү эл аралык билим берүү программаларына кеңири жол ачарын айтты. Ошондой эле келечекте STEM сабактарын дүйнөлүк стандарттарга ылайык англис тилинде окутуу пландалып жатканын билдирди.

Программанын алкагында 64 улуттук тренер-мугалим оффлайн форматта интенсивдүү окууларды уюштуруп, ай сайын онлайн вебинарларды өткөрүп турушту. Алар англис тилин өркүндөтүү, долбоордук окутуу (PBL), окуучуга багытталган усулдарды киргизүү жана окуу материалдарын жергиликтүү шартка ылайыкташтыруу багытында республика боюнча мугалимдерди даярдашты.

Долбоор билим берүү системасында сапатты жогорулатууга жана мугалимдердин жаңы ыкмаларды өздөштүрүүсүнө олуттуу салым кошту.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз