Биринчи класска 61,7 миңден ашуун бала катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталына жарыяланды.
Анын ичинде Бишкек шаарында 9,4 миңге жакын бала кабыл алынган. Алардын ичинен 3,9 миңи кыргыз тилдүү класстарга, ал эми 5,5 миңге жакыны орус тилдүү класстарга жайгаштырылган. Учурда борбордо 17 миңден ашуун бош орун бар.
2026/27-окуу жылы үчүн жалпы квота 192,3 миң орунду түзөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн түштүк аймактарында өзбек жана тажик тилдеринде окуткан класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.
Эске салсак, биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Каттоого 2019 жана 2020-жылы туулган балдар алынууда.