Башкы беткеМаанилүү“Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” конференциясы башталат

“Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” конференциясы башталат

24-25-апрелинде Бишкекте “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы өтөт. Иш-чара 2027-жылы боло турган “Бишкек+25” саммитине даярдык катары уюштурулууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү Кумар Мамбеталиев билдирди.

Кыргызстандын демилгеси менен 2023–2027-жылдар “Тоолор беш жылдыгы” деп жарыяланган. Конференция “Ала-Арча” резиденциясында өтөт. Ага 60ка жакын өлкөдөн өкүлдөр катышат. Биринчи күнү президент Садыр Жапаровдун келүүсү күтүлүүдө.

Экинчи күнү талкуулар сессияларга бөлүнүп улантылат. Акырында “Ала-Арча” паркында көчөт отургузуу болот.

2026-жылы Нью-Йоркто пре-саммит өтөт. Ал эми негизги иш-чара “Бишкек+25”  2027-жылы өткөрүлөт. Анда тоо экосистемаларын сактоо боюнча жыйынтыктар чыгарылат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар