Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобу менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жолугушууларынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн Аткаруучу директору Лаура Фриженти менен жолугушту.
Тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү перспективаларын талкуулашты.
Өкмөт башчы билим берүү тармагына жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестициялар Кыргызстандын министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.
Ал Лаура Фрижентиге «Алтын Казыктын» 2026-жылга чейинки масштабдуу иш-чаралар планы тууралуу айтып берди, анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү, STEM предметтери жана англис тили боюнча эл аралык деңгээлдеги окуу китептерин киргизүү, ошондой эле билим берүү жана башкаруу процесстерин санариптештирүү кирет.
«Биз билим берүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялар өлкөбүздүн келечегине жумшалган инвестиция экендигине ишенебиз. Ошондуктан биз бүтүндөй билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоону ишке ашырып жатабыз», — деп белгиледи Касымалиев.
Өз кезегинде Лаура Фриженти Кыргызстандын билим берүү системасын модернизациялоо аракетин жогору баалап, уюм өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.