whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Нарк куржун»

Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: «Нарк куржун»

   Кыргыз наркы – нечен жоболоңдон сакталып, жоголуп кеткиче жомокко айланып, эненин эбеденинен эмчек сүтүнө сиңип, бешик башына тумар болуп тагылып, термелген сайын бешик күүсүнүн ыргагына көөшүгөн улуулук. Найзанын учуна тепчилип кетпей, кылыч мизине кесилип кетпей, ташка салса сынбаган, кылымдан-кылым тынбаган бийиктикке айланып, эл ишениминен, элдин үмүтүнөн боюна эбегейсиз кубат жыйнаган асылдуулук.
Кыргыздын байыртадан бери укумдан-тукумга көчмөн калктардын уюткусу катары келип жеткен нарк-насилибиз, каада-салттарыбыз, тарбиялык таалими зор баяндар, уламыштар тууралуу Сүйүнбек Касмамбетовдун уңгулуу кептеринен жарыялайбыз.

Кыргызда акыреттик дос деген түшүнүк кеңири калыптанып калган. Кыйбас досунун бардык чечимин колдоп, керек жерде кеңешин аябаган, жаманын жашырып, жакшысын ашырып акыреттик сообун да тең бөлүшчү достор азыр сейрек. Дос, негизинен, бир туугандан да жакын болгон учурлар көп тарыхта. «Досуңду көрсөт, анан мен сенин ким экендигиңди аныктайм» деген орус макалы да бир эсептен сүйүндүрсө, бир четинен көпчүлүгүн ойго салат. Жолдош көп, ал эми дос адамда бирин-экин эле болушу мүмкүн. Жогоруда айтылган эки достун мисалы азыркы күнгө таасирлүү сабак!

Ормон хан

Байыркылардын боюна сиңген, каерде, кандай шартта болбосун көңүл чордонунда жазылбаган мыйзам катары сакталып келе жаткан нарк темасы азыркы күндө да күчүн жогото элек. Жаш болсун же кары болсун, ата-тегиндеги бийиктикти тутунуп, ошондон кадыр-барк, каада күтүп, наркын сактап жашайт. Буга Ормон хандын бир эле мисалын келтирсек болот.

Хан Ормон жигит-жалаңы менен бөрү жүрүшкө сала өргөөсүнө жакындап калганда үзүктөй булут кара буурулга айланып, жамгыр чакадан куйгандай төгүлө баштайт. Аягы уй томуктай мөндүргө өткөндө жатак-конушуна жакындап калган Хан өргөөнүн эргилчегинде бурай байланган ак жоолукту көрүп, аттан түшпөй туруп калат.

Арттагылардан бирөө: «Ээ, Ханым, суу болуп кеттик… Өз өргөөңдөн кетенчиктеп тизгин тартканга жол болсун…» дегенде, Ормон хан колун көтөрүп: «Тынч тургула! Өргөөдө КЕЛИН бар экен!» дейт.

Ирмем өтө электе эргилчек серпиле, ичкериден келин чыгып: «Арыбаңыз хан ата, өргөө ээсине даяр» деп колун бооруна ала, ийиле жүгүнгөндө: «Кудай жалгасын!» деп КЕЛИНДИ алкаган хан Ормон аттан түшүп, өргөөнүн астанасын аттаган экен.

Катар басса кан чыдабаган, жакын басса жан чыдабаган, каарданса кар боройлоткон улуу Нарк атанын каны, эненин сүтү менен боюна өткөн Ормон хан да келин кирген өргөөсүнө даап кире албаган.

Наркына ханы да баш ийген уюткулуу Улуу журт: «Хан бийлигинен Нарк бийик» деп бекеринен айтпаса керек. Баркынан да Наркын бийик туткан, намысттуу элдин урпагы экенибизди эстен чыгарбайлы!

Абалтадан кыргыздын журт жакшылары, хандары, бектери калкын дөөлөтү менен эмес, эс-акылы, сүрү, сөөлөтү менен башкарган. Эл ичинде кабыл алынган каада-салт, жөрөлгөнү мыйзам катары тутунуп, ошонун алдында барк күтүп, анан барып нарктуулукка ээ болгон.

Жогоруда айтылган мисалдан улам азыркынын мыктылары ата-бабасы карманган жолду гана тандап алып, ошентип эл арасында нарктуулукка татыктуу жашаса болот.

Мугалим

Мугалим… Бул бийик аттын аркасында адам баласынын акыл-эсин аалам сырларын чечүүгө жетелеген, адамгерчиликтин тунуктугун, пейилдин тазалыгын тутунган инсандардын тобу турарын эстейбиз.

Агартуучулар, бар болуңуздар, менин айтар ойлорум сиздер үчүн!

Көчөдө бараткан жаш мугалим улгая түшкөн, кенже класстан окуткан агайын таанып:

– Саламатсызбы агай, амансызбы? Сиз мени окуткансыз, мен дагы сизге окшоп мугалим болдум, – дейт.

– Эмне себептен мугалимдик кесипти тандап алдың, балам?

–  Сиз мага аябай таасир бергенсиз, эстедиңизби агай? – дейт толкунданган окуучусу.

–  Жок, балам, эсте жок, кандайча болду эле? – дейт мугалим таңыркап.

– Бир жолу классташым ата-энеси белек кылган саатын тагына келип, сабак башталганда чечип партанын кутучасына салып коюп алаксый түшкөндө уурдап алдым эле. Саат мага аябай жагып, менде да ушундай болсо деп кыялданчу элем. Тез эле жоготуу билинип, классташым ыйлап сизге кайрылганда: «Саат жоголду, бергиле» деп бизге кайрылдыңыз. Уурулугум чыкпасын деп аябай уялып, отура бердим. Сиз баарыбызды доскага чыгарып, «КӨЗҮҢӨРДҮ ЖУМГУЛА!» деп чөнтөктөрүбүздү аңтарып, меникинен саатты алып, токтоп калбай катардын аягына чейин чыктыңыз да:  «Баары жакшы, саат табылды» деп сабакка кириштиңиз. Мени тургузуп уят кылбай, абийиримди таза сактап калганыңызга катуу таасирленип сиздей МУГАЛИМ болууну чечтим, эми мени эстедиңизби?» десе: «Жок, балам, анткени мен дагы көзүмдү жуумп алып аңтарган болчумун» дептир…

Мугалимдерибизге таазим!

* * *

Мугалим ким?.. Мугалим – адамзатты дүйнө баалуулуктарына үндөчү улуулук! Мугалим ар бир адамдын көзүн ачат, жүрөгүн ойготот, мээсин иштөөгө мажбурлайт. Тамчыдай тыпылдап жандүйнөңө «адам бол… адам бол!» деп тамчылоодон эч бир тажабайт. Караңгыдан жарыкка, төмөндөн өйдөгө сүйрөйт, көз жетпеген мейкиндиктерге талбай жетелейт. Алыстарга вагон чиркеген поезддей күшүлдөп сүйрөйт. «Талыбаган, арыбаган, чарчабаган, терикпеген, жадабаган, жаагы талыгыча сайраган…» деп мугалимдин терең мээнетин билбегендер боор толгомуш болот. Бирок, ошол татаал кесиптин артында көкүрөгү көңдөйлөр билбеген, мээси тайыздар аңдабаган улуу дүйнө катылганын баары эле биле бербесе керек. Мугалимдин ырахаты ар бир баланын артында аалам сырын билүүчү дүйнөнүн ачылганында эмеспи…

Үч кап

Эл баккан эрендердин эчени бул турмуштан өткөнүнө кыргыз тарыхы өзү күбө. Кылычынан кан тамган, жаалы күндүн нурун да калкалап салчу кыйындар келген Журт башына. Ошолордун ичинен эл тагдырын акылга салып жайкаган, калк мүдөөсүн иш билги, эл билгилердин тажырыйбасына салып чече билген, өткөнүнөн сабак алган, наркын, салтын сактаган, көөдөнү таза, ниети тунуктар гана буга чейинки карт тарыхтын эсинде калган.

Каганат доору күчүнөн тайып, таалимдүү кадырынын өтүмү да, таасирлүү кандарынын өкүмү да белес ашпай, белбоо бошоду. Эл ичи эрте күндү кеч кылып, эзиле бышкан этке ыктап, эртеңкинин эмкамы эстен чыга баштаганда эл жакшылары дөбөгө чогулушту.

Өз ара кеңешкенден кийин: «Кан көтөрөлү» деген чечимге келишет. Ууга чыгып, жон аркасын жолборско бастырып жоболоң өлүмгө дуушар болгон Зымырхандын тизгин улап, тиреше чоңойгон үч уулун ортого чакырышып, ар бирине бирден кап беришет.

«Эл ээси болуш үчүн калктын кампасына ар бириң эмне саласыңар, ошо толтурчу нерсеңерди көтөрүп алып эртең келгиле» – деп жөнөтүштү.

Эртеси эл алдында улуусу кабынын боосун чечип, салып келген топуракты төгүп: «Жери жок эл болбойт, жерге эгедер эл эзели эч кимден кем болбойт» дегенде бүкүлү журт кубанычта болот.

Экинчиси кабынын байламтасын чечип, тамак-аш, алтын, күмүш, зер буюмдарын төгүп: «Элдин курсагы ток, кийими бүтүн, мал-жаны болуш керек» дегенде буга да журт ыраазы болот.

Үчүнчүсү кабынын оозун чечип, ичинен кыргыздын жомогу, тарыхы, нарк-насили, каада-салты жазылган үч китепти алып чы-гып: «Эгер эл тарыхын билбесе, алдындагы багытын көрбөсө, Наркын тутпаса, «Манасын» укпаса, каада-салтсыз болсо ЖУУЛГАН КОЛДУН КИРИ БОЛОТ, ЖОГОЛГОН ЭЛДИН БИРИ БОЛОТ» дегенде жөндүү сөз үчүн жөө кете берген эл аябай ыраазы болуп, эң кенжесин хан көтөрүшүптүр.

Наркыбызды жомок деп жолдон адашпайлы!

Жомоктор жолдон эле чыкпаса керек?.. Жомоктун өзөгүн турмуштун чындыгы далилдеген. Кара сөзгө камтылган тажатма, карапайым элге түшүнүксүз заң-закондордун ордуна адам акылына кыт куйгандай тарыхый фактыларга таянган мисалдар, жорго сөзгө сиңирилген, элдик каада-салтка айкашкан кеменгер кеп оролу караламан калктын көөнүнө жаккандыгын, улуулук менен акыйкатка баш урган элдин акыл көрөңгөсүнөн орун тапкандыгын эч ким тана албаса керек!

Эл багууга ниеттенген азаматтар көп, бирок алардын даремет-кубатын элдин калыс пикири менен акыйкат сыны чечкен. Мамлекет жүгү элдин коопсуздугу, бакубатчылыгы, токчулугу менен эле чечилбейт. Канча мезгилдин барагында кадимки эле башкаруучунун акыл парасаты жетпеген, кыйчалыш кезеңдерде көңүлдүн ток пейилдиги, жандүйнөнүн тынчтыгы чече албаган тоскоолдуктарда эзелкинин санаты, каадасы алдыга чыгып, бабалардын нарк-насили үстөмдүгүн орнотуп койгон учурлар «Манас» баштаган улуу баянда, дастандарда, эпикалык чыгармаларда арбын учурайт.

Ак элечек

Ар улуттун айымдарынын кастарлап кийген баш кийимдери жана ага байланышкан жөрөлгөлөрү болгон.

Чачыранды-бытырандылыктын натыйжасында баш кийими тургай өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, тилин жоготкондор канча дүйнөдө?..

Кабаттап кадыры жеткен, калкынын урматы өткөн ак элечек, ак жоолук кыргыз айымдары нарктуу журттун ак даарыган бөркү, узун жолдо улуу көчтүн көркү болгон. Жоокерчилик заманда элечекти жазып жиберсе эки баатырга ак кепиндикке жеткен, кырк конокко ак дасторкон болгон! Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Арууке, Жаңылмырза, Курманжан датка, дегеле кыргыз апалары-быздын ыйык баш кийимдерине тап салып, асылып, жылаңачтап, чылым тарттырып, стакан карматып, аялзатын бири-бири менен «жакын ымалада» сыяктантып келекелеп коюшу акыл-эстүү адамдын, анын ичинде башы бүтүн кыргыз урпагынын кылар иши эмес!

Ошол тентектерди жөнгө салып койчу жөнтөктөр чыкпайт деп ойлошобу же айбандык менен жасап жаткан иштерин эрдик көрүшөбү эмне?!.

(Уландысы бар)

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар