whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятВера Беделбек кызы: «Мен күткөн жаз»

Вера Беделбек кызы: «Мен күткөн жаз»

«Кыргыз Туусу» гезитинин белдүү кызматкери, Маданияттын мыктысы, акын жана публицист Вера Беделбек кызынын “Мен күткөн жаз” аттуу ыр китеби жарык көрдү.

Веранын ырлары – турмуштан алынган, сүйүүнү даңазалаган ырлар. Адатта, адабиятта акындык тагдыр, ырдын тагдыры деген түшүнүк көп колдонулат. Анын себеби эле дээрлик бардык акындар ырды өзүнүн тагдырынан алып жазат. Ансыз жакшы ыр жаралышы кыйын. Ансыз ырдын тагдыры, ырдын тарыхы болбойт.

Вера Беделбек кызы да акындык тагдыры бар, ар бир ырынын тарыхы, тагдыры бар калемгерлерибиздин бири. Анын алгачкы ырлары 2000-жылдарда “Саамалык” альманахында жарык көрүп, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

Андан бери Вера Беделбек кызынын калеми кыйла такшалып калды. Акыркы 5-6 жылдан бери социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөн ырлары окурмандардын кызыгуусун жаратып, алар калемгердин ырларына калтырган комментарийлеринде өзгөчө ысык каалоолорун калтырып келишет.

Белгилүү болгондой, акындар улам жаш өйдөлөгөн сайын сүйүү темасынан качып, сүйүү лирикаларын дээрлик жазбай калышат. Вера Беделбек кызы болсо болбой эле жашы өйдөлөгөн сайын сүйүү темасын улам тереңдетип жазып жатканынын өзү жакшы жышана.

Сүйүү адамды өзгөртөт, жан дүйнөсүн жарык кылат. Анын сүйүү лирикаларын окуган окурман ары Вера Беделбек кызына суктанышы, ары жашы өйдөлөп баратса да эмнеге эле сүйүүнү ырдай берет, бул эмне болгон түгөнбөгөн, чексиз сүйүү деп таңгалышы ыктымал. Мунун жандырмагы эң эле жөнөкөй. Бул жашоого болгон сүйүү. Бул ырлар –  Сүйүүнүн улуулугун, анын кир кол менен кармагыс ыйыктыгын даңазалаган, сүйүүсүз адам баласынын жашоосу супсак, эч кимге керексиз, эч кандай максатсыз экенин жарлаган лирикалар.

Сүйүү, сүйүү деги кандай немесиң,
Сен бар үчүн дүйнөм түгөл билемин.
Көкөлөтүп өмүрлөрдү шат кылып,
Адамзаттын тукумун улап келесиң.

Сүйүү, сүйүү, адамзатты жашарткан,
Бул жашоого өзүң кубат бересиң.
Аалам дагы сүйүү менен жаралган,
Андыктан сен өтө мага керексиң!

Автор “Аалам дагы сүйүү менен жаралган” – деп өзү да бекем ынанып, бизди да бекем ынандыргандай, сүйүү ар бирибизге керек. Сүйүүсүз жашоо караңгы. Адамга канат байлаткан, өмүрүнө өмүр улаган да бул сүйүү. Бул сүйүү эркек менен аялдын ортосундагы эле сүйүү эмес, бул сүйүү – ата-эне менен баланын ортосундагы сүйүү, адамдар ортосундагы жылуу, сый мамиле. Ал сүйүүдө адамдын курчап турган айлана-чөйрөгө, жашоого, жандуу менен жансызга болгон сүйүүсү да бар. Акындын ырында мына ошол тууралуу да айтылып жатат.

Арийне, ал жалаң эле сүйүү лирикаларын жазбайт. Акын кызыбыздын тематикасы ар кыл. Ал атажурт, тирүүлүк, балалык, тууган жер темасында кемелин келтирип, жүрөктү толкундаткан ырларды жазат. “Эски там” аттуу ырында, балалыгы калган үй тууралуу жазып жатып, эски тамдын дубалдарынын бышыктыгы ай деп тамшанат. Автор дубалдын бышыктыгы менен, ырдын каарманынын өзү төрөлүп өскөн үйгө сагынчынын чексиздигин айткысы келсе, “Тоолор” аттуу ырында көк асман тиреген кыргыз тоолорунун бийиктигине суктанат.

Ал эми “Тирүүлүктүн бир күнүндө” “Чымчык сайрап, короз кыйкырып, иттер үрүп” башталган тирүүлүк туурасында кеп кылат. Тирүүлүк бул жашоо үчүн күрөш. Автор мына ушундай жыйынтыкка келип, оюн терең философия менен аяктайт. “Уулума” аттуу ырында турмуштук чоң философия бар. Автор уулуна “таянарым, жөлөгүм, бар байлыгым, өйдөлөсөм өбөгүм, ылдыйласам жөлөгүм” деп кайрылып, “жашоодо таянарым бир өзүң” деп ага дем берет. Жашоодогу бардык жакшылыктарды каалап, жаман жолдон аластап, “оомал-төкмөл жашоодо, сен бар үчүн мен бармын…” деп аяктайт. Балдарга арналган көп эле ырларды окуп жүрөбүз. Автордун бул ыры абдан оригиналдуу чыккан.

Акын адам турмуштагы окуя-ларга, өзгөрүүлөргө көңүл кош карай албайт эмеспи. Анысы кандай, анын “Башкача” аттуу ыры пандемиядан кийинки адамдардын турмушуна арналган. Арийне, анда ал турмушту жөн гана сүрөттөп койбостон, анын буруш менен дурусун салмактап, адамзаты эмнеден ката кетирди, эмнеден жаңылыштык деп өзүнө өзү суроо салат.

Вера Беделбек кызынын колуңуздардагы ыр жыйнагы сизди кайдыгер калтырбайт, сөзсүз ойго салат, ойлонтот деген ойдобуз. Жүрөктөн чыккан ыр саптары жүрөккө жетери күмөн жаратпайт.

Китептин аннотациясында белгиленгендей, Вера Беделбек кызынын поэзия дүйнөсүндөгү тематикасы ар түрдүү. Анын “Мен күткөн жаз” ырлар жыйнагына ата журт, табигат, өмүр, тагдыр, ата-эне жана сүйүү, күтүү тууралуу ырлары топтоштурулган. Анын жазгы таңдын илебиндей назик, аялзатынын жүрөгүндөй үлбүрөк, жайкы саратандай ысык, энедей мээримдүү ыр саптары окурманды кайдыгер калтырбай турганы шексиз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар