Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 2026/27-окуу жылына карата орус ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн 700 мамлекеттик квота бөлүнгөнүн маалымдады.
Бул квоталар бакалавриат, магистратура, адистик, докторантура жана ординатура боюнча бекер билим алууну, жатакана менен стипендияны камтыйт.
Ошондой эле 24-сентябрда КРСУда өтө турган II Орус–Кыргыз билим берүү форумунда талапкерлер бюджеттик кабыл алуу шарттары боюнча кеңеш алып, Орусиянын 30 алдыңкы университетинин өкүлдөрү менен жолуга алышат.
Форум жана көргөзмө бир эле күнгө ачык болот.

